Айзада Канатбекованын өлүмүнөн улам Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдында дагы митинг өтүп жатат. Анда чогулгандар "Зомбулукка каршыбыз!", "Кийинкиси ким?", "Дагы канча факт керек?", "Айзада жашагысы келген" деген жазууларды кармап турушту. Активисттер милициядан ала качууга каршы иш-чаралардын күчөтүлүшүн талап кылышты.
Митингде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Ашим Раимбердиев үй-бүлөлүк зомбулук, кыз ала качуунун кесепеттери боюнча элге түшүндүрүү иштери, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Бүбүсара Рыскулова: "Кырк чоро" кайда? 8-мартта укугун коргоп чыкса "ЛГБТ, гей" деп чыгышат. Мындай иш болуп атса унчукпайт. Абдан өкүнүчтүү иш болду.