Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

11:46 8.4.2021

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн анын туугандарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.

"Баарыбызда кыз бар. Менин да кабыргам кайышып турат. Айзаданы убагында таап, өлүмдүн алдын албаганыбыз үчүн кечирим сурайм", - деди Матмусаев.

Ошол эле кезде ал журналисттердин кандуу окуяга байланыштуу "кызматтан кетесизби?" деген суроолоруна "азыр менин милдетим - кылмыштын бетин ачуу" деп жооп берди.

11:39 8.4.2021

5-апрелде уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясына президент да, премьер-министр да көңүл буруусун коомчулук күткөнүн Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүн, 8-апрелдеги парламент отурумунда билдирди:

"Жумушумдан кетпейм, биз ал балдар менен байланышканбыз" деп калп айтпай, ички иштер министри бул жерге келип жооп бериши керек. Мен эртең менен эле президенттен да, премьер-министрден да бул окуяга реакциясын күткөм. Жогорку Кеңеште Башмыйзам каралып жатканда же шайлоого байланыштуу мыйзам каралып жатканда баарыбыз залга толо келебиз. Бирок адам өлүп жатканда көңүл кош мамиле. Парламент бул ишти көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгуу керек. Айзаданын апасы кайсы бөлүмгө кайрылган, алар кандай иш алып барган, мунун баарын текшерүү керек. Милиция иштебей жатат, коомчулукта аларга нааразылык күчөдү".

Ал эми "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев Айзада Канатбекованын окуясын "трагедия" деп атап, милициянын иш-аракетин сындады:

"5-апрелде уурдалган кыздын эки күндөн кийин сөөгү табылды. Милиция чукул аракет көргөндө балким эки саатта табылып, кыз аман калмак. Баарыбызда эже-карындаш, кыз бар. Ала качууга каршы мыйзам бар болгону менен ал иштебейт экен. Биз, депутаттар аны күчтөндүрөлү. Ала качкан эле эмес, ага жардам берип, көмөктөшкөн адамдар да жоопко тартылып, жазасын алышы керек".

Токтошев бүгүн отурумга "Ала качуу салт эмес! Ала качуу - кылмыш, зомбулук! Кылмышкерлер жазасын алышы керек!" деген жазуусу бар плакат менен келди.

ЖКнын жыйынында бир катар депутаттар Айзаданын окуясынан улам милиция жетекчилеринен түшүндүрмө талап кылышты.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

11:27 8.4.2021

11:25 8.4.2021

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекова менен анын өмүрүн кыюуга шектүү "кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүн" милиция бир нече жолу белгиледи. Бирок Би-Би-Си маалымат агенттигине кыздын жакын санаалаш эжеси Айзада шектүүдөн качып жүргөнүн айтып берди. Ал Айзада айласы кеткенде ушундан кутулуу үчүн Түркияга кеткени жатканын айтып берген.

"Ооба, өткөн жылы жолугуп жүрүшүптүр. Андан кийин ал баланын психикалык саламаттыгынан күмөн санай баштаганда "болду, жаныма жолобо" деп эле качып жүргөн. Ал эми тиги бала болсо артынан ээрчип, аңдып жүрүп алды. Алар шаардан эле таанышып калышкан. Айзада аябай жакшы кыз эле. Ал баладан канча качып жүрдү, артынан биз канча жолу үйүнө чейин жеткирип, тиги бала көрүп калбасын, билип калбасын деп ал баладан качырып жүрдүк. Бир жолу ала качып кетерине аз калганда жумушубуздагы жетекчибиз көрүп калыптыр. Ал машина менен аркасынан кууп барып, алып калган. Ошондон кийин "Айзада сен мындан кутула албайсың, башка жакка кетчи. Орусиягабы, Түркиягабы кет" деп келгенбиз. Өзү Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүткөн эле. Түркия менен келишим түзүп, он алтысында учуп кетмек. Билети да колунда болчу", - деген маркумдун таанышы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG