Абанын булганганын сездиңизби?
Бишкек мэриясы абадагы зыяндуу заттардан сактануу максатында адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылды. Адатта индекс 0дөн 500гө чейин чыгып-түшүп турат. Көрсөткүч канчалык жогору болсо, аба ошончолук кир экендигин билдирет. Мэрия учурда Бишкекте индекс 50дөн 100гө чейин экенин кабарлады. “Азаттык” Бишкек шаарынын тургундарына “Абанын булганышы сизге сезилдиби? ” деген суроо менен микрофон сунду.