Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды.
УКМК Абдраимов 15 млн. 300 миң сомго бааланган 11,2 гектар жерин жана курорт аймагындагы конок үйүн мамлекетке кайтарып бергени үчүн бошотулганын маалымдады.
Саясатчынын тергөө менен кызматташып, эркиндикке чыкканы саясий чөйрөдө ар кандай талданууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимовдун бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда 1-июлда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды.
Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова Абдраимовго козголгон иштер бир өндүрүшкө бириктирилип, УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүнүн негизинде бөгөт чарасы каралганын айтты:
“1-июлда УКМК тергөөчүсүнүн Абдраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралып, сот чечими менен үй камагына чыгарылды. Эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилди. Азырынча иш толук бүтө элек. Жери жөнүндө азырынча айтпай эле турайын”, - деди адвокат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Туйгунаалы Абдраимовдун үй камагына чыгышы боюнча түшүндүрмө таратты. Анда Абдраимов мыйзамсыз аракеттери үчүн өкүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында мыйзамсыз алган жерин мамлекетке кайтарганын маалымдады.
“Иликтөөнүн жүрүшүндө Т.Абдраимов өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин түшүнүп, кылган ишине өкүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөрдү. Иш боюнча белгиленген 15 млн. 300 миң сом зыяндын ордун толук толтурду, ошондой эле Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен Профсоюздар федерациясынын балансына өткөрүп берди”, - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.
Абдраимов "БШКны жетектеп турган учурда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык "Кайнар" ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган" деп айыпталган. Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголуп, 30-апрелде кармалган. Сот чечими менен 30-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган.
Туйгунаалы Абдраимов кармалганда анын уулу Элмурат Абдраимов “Кайнар” ишканасынын карамагына өткөн жерди 20 жыл мурда мекеме сатып алганын айтып, мыйзам бузуу болбогонун билдирген.
Абдраимов өткөн жылы сентябрь айында бийликти күч менен басып алууга байланыштуу кылмыш иши боюнча бир катар саясатчылар менен кошо Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип чыккан.
Саясий чөйрөдө Туйгунаалы Абдраимов кайсы бийлик болбосун тилин тапкан жөндөмү бар кадр катары таанымал. Бир катар чечимдерди кабыл алууда роль ойногону айтылып келет.
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков мына ушундай салмагы бар саясатчынын тергөө менен кызматташууга барганы анын кадыр-баркына доо кетирди деген пикирде.
“Туйгунаалы Абдраимовдун саясатта орду, салмагы бар болчу. Айрыкча чоң саясий кландын ичинде аброю бийик эле. Алмазбек Атамбаевдин тарабында болуп, колдоочулар арасында да ордун тапкан. Атайын кызмат аны бир ишти баштап жибербесин деп эле саясий максатта кармаган да. Эми минтип тергөө менен кызматташып, бир топ ишти моюнга алып чыгышы мени таң калтырды. Албетте түшүнсө болот абакта жаткан оңой эмес, ал жерде көп киши сынат. Бирок минтип кызматташуу менен кылмышты моюнуна алып жатканы Абдраимовдун саясаттагы салмагына доо кетирди деп ойлойм”.
2021-жылы сентябрь айында атайын кызмат Туйгунаалы Абдраимовго “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен дагы бир иш ачкан.
Мекеме ал мыйзамсыз жол менен тапкан кирешесине алынган 16 батирди, 18 жер тилкесин, автоунаа токтотуучу эки жайды, беш турак жайды, үч дыйкан чарбаны, 16 машинени жана “Ысык-Ата” курортунда бүтпөгөн курулуш объектилерди жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга каттатканын билдирген.
Журналист Тынчтык Алтымышов өмүрүнүн теңин мамлекеттик кызматка арнаган Абдраимов мынча байлыкты кайдан алганы суроо жаратарын айтууда.
“Туйгунаалы Абдраимовдун ишинде саясий өңүт бар дегенге кошулбайм. Биз буга чейин журналисттик иликтөө жасап, көп нерсеге күбө болгонбуз. Ысык-Ата курортунан менчиктештирүүгө эч кандай мүмкүн болбогон жерден, чок ортосунан жер алып, көп кабаттуу мейманкана куруп жаткан. Эл билет. Жайыт, дагы башка жерлер жөнүндө кептер айтылып калган. Бизде менчик, мүлк Баш мыйзам менен корголгон. Анан чыныгы мээнет менен табылса, кантип эле ошончо жерин, конок үйүн мамлекетке өткөрүп бермек эле?”, - деди журналист
Абдраимов Боршайкомдо төрага болуп турганда аны менен чогуу иштешкен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева саясатчынын адамгерчилик сапаттарын жогору баалады.
Ал камалып, бирок абактан чыгып жаткандардын иши коомчулукка бүдөмүк бойдон калып жатканын сынга алды.
“Акыркы учурда Абдраимовбу же активисттер болсун, саясатчыбы же коррупционерби козголгон иштер тууралуу бир нерсе айтуу оор. Анткени ачыктык жок. Чын эле мыйзамсыз аракети барбы же кимдир бирөөгө жолтоо болгону үчүн кармалдыбы? Бул тууралуу айтуу оор болуп калды. Туйгунаалы Абдраимов менен БШКда чогуу иштешип калган киши катары айтсам, жакшы инсан, сөзүнөн кайтпаган мырза. Бир топ жогорку кызматтарды аркалады. Боршайкомду жетектеди. Чечкиндүү, саясий орду бар кадр экени талашсыз. Минтип абактан чыккандан кийин бир нерсе айтуу да оор болуп калды”.
Атайын кызмат Туйгунаалы Абдраимовго козголгон кылмыш иши тергелип жатканын, акыркы чечимди тергөө аяктагандан кийин сот гана кабыл аларын кошумчалады.
Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген.