Студенттердин талабы кандай? Бул демонстрациялар качан токтошу мүмкүн? Ушул жана башка суроолорго Колумбия университетинде магистратурада билим алып жаткан кыргызстандык Нуршат Абабакиров жооп берди.
"Азаттык": Нуршат мырза, азыркы тапта деле АКШдагы жогорку окуу жайларда Газаны колдогон студенттердин акциялары уланууда. Студенттердин нааразылыгы сиз окуган Колумбия университетинде башталган. Демонстрациялар эмнеден улам тутанды? Кантип башталганын айтып бересизби?
Нуршат Абабакиров: Бул университетте студенттер арасында илгертеден эле каршылык маанай күч болгон. 1968-жылы дагы студенттер АКШ өкмөтүнүн Вьетнамдагы согушун айыптап, аны токтотууну талап кылып чыгышкан. Ошол кезде административдик имаратты дагы "басып алышкан". Аларды университет администрациясы полициянын жардамы менен кууп таркаткан. Убакыт өткөндөн кийин жетекчилик студенттердин акциясы туура эле болгонун мойнуна алып, өкүнөрүн билдирген макала жарыялап, кечирим сураган.
Бул ирет Колумбия университетинде октябрдагы теракттан (ред.: 7-октябрдагы АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС уюмунун Израилге кол салуусунан) кийин эле кырдаал чыңала баштады. Бул университетте белгилүү инсандар дарс окуй турганын билесиздер. Алардын арасында АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон дагы бар. Ал жана биз окуган Эл аралык алакалар мектебинин деканы ХАМАСтын кол салуусун айыптаган катуу билдирүүлөрдү жасашты.
Андан көп өтпөй эле Израил Газада аскердик операциясын баштап, набыт кеткен, жараат алган карапайым тургундардын саны күн сайын өсүп жатты. Бирок анда окуу жайдын администрациясы аскердик операцияны тийиштүү деңгээлде айыптаган билдирүүлөрдү жасаган жок. Ошондо студенттер арасында нааразылык айтыла баштады.
Былтыр кеч күздө студенттердин чакан топтору акцияларды өткөрүп, Израилдин операциясын айыптоого чакырган же Клинтондун сабагынан жапырт чыгып кеткен учурлар болду. Университеттин жетекчилиги аларга алгач эскертүү гана берип жатты. Анткени Израилден келген студенттер да өздөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданып жатканын айтышканы маалым болду.
Күздөн бери эле студенттер, мугалимдер арасында кандайдыр бир чыңалган абал сезилип турду. Күн жылып, кыш чыккандан кийин бул маанайга Колумбия университетинин башка мектептери да тартылып, баары чогулуп, университеттин борбордук аянтын ээлешти. Алар чатыр тигип, плакаттарын жайып салышты. Күзүндө деле эки тарапты тең айыптаган эки башка демонстрациялар өтүп турган, бирок анда чатырлар тигилген эмес эле. Анын үстүнө акция белгилүү университетте башталганы үчүн башка окуу жайларга да жайылып кетти.
"Азаттык": Ооба, азыр студенттердин акциялары Американын Гарвард, Йель, MIT сыяктуу белгилүү окуу жайларынан тышкары башка өлкөлөрдөгү, маселен, Франциядагы окуу жайларга чейин жайылды. Студенттер согушту токтотуудан башка дагы башка талаптарды коюп жатышат ээ?
Нуршат Абабакиров: Башында Газадагы ок атышууну токтотууга чакырып жатышкан. Кийин конкреттүү талаптарга өтүштү. Өзүңөр билгендей, Колумбия университети өтө бай. 6 миллиард долларды чапчыган бюджети бар. Студенттердин акчасы, жаңылбасам, анын бештен бирин эле түзөт. Негизинен каражат демөөрчүлөрдөн түшөт. Жетекчилик ал акчаны инвестициялык долбоорлорго жумшап, пайдасын көрүп турат.
Студенттердин негизги талаптарынын бири - Израилге кандайдыр бир салым жумшап жаткан болсо, аны токтотуп, ошол акчасын кайра чыгарып алуу эле. Кийин бул акцияга активдүү катышып жаткан студенттер "куугунтукка алынбасын" деген талап жаңырды. Анткени университет жетекчилиги аларга каршы чара көрө баштады. Маселен, убактылуу окуудан четтетип, жатаканадан чыгарып дегендей. Университеттин аймагына да көзөмөл сала башташты. Себеби ушунчалык резонанс болуп кетти. Маалымат каражаттары тынбай келип, окуу жайдын үстүндө тик учак күнү-түнү айланып турду.
"Азаттык": Демөөрчүлөр акча бербейбиз деп, ал эми Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Майкл Жонсон дагы Колумбия университетине барып, каршылык кыймылды токтотууга чакырганын уктук. Окуу жайдын жетекчилиги да катуу сынга кабылгандай?
Нуршат Абабакиров: Ооба, окуу жайдын жетекчилигине бийлик тараптан басым болуп жатат. Алар президентти тартипти орното албаганы үчүн, каршылык маанайдын күч алышына жол бергени үчүн айыптап, сындап жатат. Өзүңөргө маалым болгондой, буга чейин Конгресстин билим берүү комитети бир катар университеттердин президенттерин угууларга чакырып, окуу жайлардагы антисемиттик же жөөттөргө каршы билдирүүлөр тууралуу ойлорун сурашкан. Ал тапта мындай жетекчилер суроолорго жооп берүүгө даяр болбой, "ооба" же "жок" деп так айта албай калышты. Мындан улам Гарварддын президенти кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Ошол маалда Колумбия университетинин президенти башка бир жыйында болуп калган. Кийин аны да чакырышат. Ал мурунку кесиптештеринин жообун эске алып, так жооп берип, протесттерди тынчытарын айтып, конгрессмендерге убада берет.
Ал кайтып келери менен студенттер, тескерисинче, акцияларлы күчөтүшөт. Айрым маалымат каражаттары бул жерде жалаң эле палестиндер же ХАМАСты колдогондор чыгып жатышат деп жазышууда. Чындыгында андай эмес, 18 жаштан баштап магистратурада окугандарга чейин чыгып жатышат. Чыгыш Азия, Африка, Израилден келген студенттер бар. Студенттер да президент Конгрессте "биздин таламыбызды талашкан жок, коргогон жок" деп нааразы болушту. Президент келип "жөөт студенттерге коркунуч бар" деген жүйө менен полиция чакырып, демонстранттарды таркатуу аракетин көрдү. (Жеке менчик университет болгон үчүн полиция жетекчилик чакырмайынча окуу жайга кире алмак эмес.) Жүздөн ашуун студентти колдоруна кишен салып алып кетишти.
Нааразылык акциялары күчөп, ага мугалимдер да кошулду. Алар "академиялык эркиндикти чектеп жатасыңар, балдарга күч колдондуңар" деп нааразылыгын билдиришти. Азыр эми коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, жүздөн ашуун студентке сөгүш берилип, убактылуу окуудан четтетилди. Майдын аягына чейин эч кимди киргизишпейт, биз деле университеттин имаратына кире албайбыз. Мугалимдерге киргенге кечээ эле уруксат берилди. Буга чейин баары үйдөн иштеп, окуп жаттык.
"Азаттык": Колумбия университетинде быйыл бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу иш-чарасын да өткөрбөө чечими кабыл алынганы кабарланды. Буга бүтүрүүчүлөр капа болсо керек?
Нуршат Абабакиров: Ошондой чечим кабыл алынды. Негизи бул абдан чоң иш-чара. Ага адатта жыл сайын 50 миңдей адам чогулат. Университеттин, коллеждин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен барышат. Окуу жайды бүтүп кеткен же болбосо жөн гана белгилүү адамдар сөз сүйлөшөт. Буга чейин да башка бир университеттерде жалаң бешке бүткөн студенттерге сөз берилмек экен. Андай студенттердин бирине Газаны колдогон позициясы үчүн сөз бербей коюшат. Ошондой коркунучтан улам өткөрбөй калышты окшойт.
Баары эмес, кээ бир студенттер төрт жыл окугандан кийин бүтүрүү салтанатына катышуум керек эле деп айтып жатат. Быйылкы бүтүрүүчүлөр төрт жыл мурда мектепти аяктап жатканда дагы коронавирус пандемиясынын айынан улам ошондогу бүтүрүүчүлөрдүн кечесине катыша албай калышкан.
"Азаттык": Жөөт студенттердин да "өзүбүздү кооптуу сезип жатабыз" деген чочулоосуна кандайдыр бир негиз болсо керек?
Нуршат Абабакиров: Албетте, анткени акцияларда Израилдин бийлигин катуу сындаган сөздөр жаңырып, Гитлерге теңеп жатышты. Ошол себептен коркуу сезими болбой койбойт го. Өзүмдүн эле тайпамдагы жөөт студенттер кооптонушканын кийин билдим. Алар дагы ХАМАСтын туткунундагы израилдиктердин бошотулушун талап кылууда.
Ошол эле учурда тайпамдагы дагы бир палестин студент Газадагы согуштан улам сабактарга катыша албай, жаман болуп жүрдү. Ал жактагы ата-энеси үчүн санааркап, өзүн күнөөлүү сезип жүргөнүн байкадым. Айтор, эки тарап тең абдан кыйналып жатканын өз көзүм менен көрүп, күбө болдум. Жалпысынан Нью-Йорктогу башка университеттерде чектен чыгып кеткен учурлар болду. Биздин университеттерге чет жактан келгендерди киргизбей жатты.
"Азаттык": Ал эми окуу үзгүлтүксүз эле жүрүп жатабы?
Нуршат Абабакиров: Экзамендер аяктап жатат. Бирок айрым экзамендерди администрация бир-эки жумага жылдырды. Себеби полициянын атайын операциясына туш келип калды. Түнкүсүн полиция тазалаган болсо, эртеси күнү айрым студенттер экзамен беришмек. Ошондуктан экзамендерди 10-майга чейин жылдырып коюшту.
"Азаттык": Жалпысынан бул акциялар сизге кандай таасир этти?
Нуршат Абабакиров: Албетте, мындай чоң акциялар болуп жатканда сабакка кунт коюп окуш кыйын. Бирок ошол эле учурда студенттер эмнеге чыгып жатканын, кандай маселе көтөрүп жатканын, мобилизациялоо, уюштуруу аракеттерин көрүп, аябай суктандым. Тилектештиктин жогорку бир деңгээлине күбө болдум. Студенттер күнү-түнү ошол аянтта отуруп сабактарын жасашат. Израилдин саясатына каршы чыккан жөөт студенттер ошол аянттан өз майрамын белгилешти. Жөөт балдар-кыздар чогулуп, өздөрүнүн ырларын ырдашты. Бир аз ары жакта мусулман балдар намазын окуп жатты. Ошол эле жерден талаа ашканасын уюштуруп, тамак-аш таркатышты. Албетте, аларга басым болуп жатканын да көрүп турабыз.
"Азаттык": Бул акциялар жакын арада токточудайбы? Кандай шартта токтойт?
Нуршат Абабакиров: Менимче, студенттер жакында жайкы каникулга кеткиче протесттер токтобойт. Президент тынбай кат жөнөтүп турат студенттерге. Ошол каттардын биринде "жакын арада коопсуздук чараларын токтотпойбуз, экзамендер бүткүчө сакталат" деп ачык эле айтылды.