Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Аба ырайы: күн катуу ысыйт


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет эскертет: 4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда ченемден ашкан ысык аба ырайы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын күндүзгү температурасы 39…41°ка чейин жогорулайт.

Кыргызстандын улуттук Кызыл Ай коомунун сайтында абанын температурасы өтө ысыган учурда эмне кылуу керектиги тууралуу сунуштар берилген.

Ал эми 4-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 20...25, күндүз 34...39,

Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 33...38,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20...25, күндүз 35...40°.

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтөт. Абанын температурасы түнү 16…18°, күндүзү 25…27°

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 22...24°, күндүз 37... 39° ысык болот.

XS
SM
MD
LG