Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Орусия: Экинчи Дүйнөлүк согуш тууралуу макаладан чуу чыкты


Соңку күндөрү Орусиянын басма сөз каражаттарында өлкөнүн тарыхы кызуу талкууга алынууда. Орусиянын Коргоо министрлигинин интернеттеги баракчасында полковник Сергей Ковалевдун “Экинчи Дүйнөлүк согуш башталар алдында СССРдин ролун баалоодо кетирилип жүргөн жаңылыштыктар” аттуу макаласы жарык көрүп, көп өтпөй Польшанын нааразылыгын жаратты.

Сергей Ковалев - Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы Согуштук тарых институтунун Түндүк-Батыш бөлүмүнүн жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты. Макалада “Экинчи Дүйнөлүк согуштун башталышына Польша түрткү болгон, себеби Польша бийлиги Гитлер койгон талапты аткарбай койгон” деген айып коюлат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин интернеттеги баракчасында жарыяланган макалада “Экинчи Дүйнөлүк согуштун тарыхын адилет карап изилдегендер, ал согуштун Германиянын талабын аткаруудан Польша баш тартып, уруш чыкканын далилдешкен. Бирок Адолф Гитлер Варшавадан эмне талап кылганы ушул күнгө чейин белгисиз. Кандай дебейли, Германиянын талап кылганы анча деле оор эмес болчу: Данцинг (азыркы Гданск) шаары Үчүнчү рейхтин карамагына өтсүн жана Германиянын калган жери менен чектеш Чыгыш Пруссияга жетчү темир жол куруу талаптары коюлган. Биринчи эки талапты негизсиз деп айтуу кыйын” деп айтылат.

Өткөн аптада Генштаб жетекчиси, армиянын генералы Николай Макаров журналисттерге сайттагы макала тууралуу пикирин мындайча билдирген:

- Жарык көргөн макала Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий көз карашын чагылдырбайт, ал автордун өзүнүн көз карашы.

Айрым тарыхый серепчилердин айтымында, Молотов-Риббентроп пактысы түзүлгөн август айын утурлап пайда болгон бул чыр - тарыхый чындык үчүн уланып келе жаткан кармаштын жаңы айлампасы. Дал ошол пакт Экинчи Дүйнөлүк согуштун чыгышына түрткү болгонун жокко чыгарууга карата жасалган аракет.

Полковниктин макаласына улай орус өкмөтү тарыхты бурмалоого каршы күрөш баштап, ал үчүн атургай комиссия түзүп, ага мүчөлүккө илимпоздор, федералдык коопсуздук кызматы, аскерий чалгындоо, Тышкы иштер министирлигинин өкүлдөрүн алынган.

“Отечественные записи” журналынын баш редактору Никита Соколов өкмөт түзгөн комиссия тарыхый аң-сезим үчүн терс таасирин тийгизет. Соколов “биздин тарых дайыма улуу, дайыма мамлекеттик деген түшүнүк жарандардын аң-сезиминде сталиндик кезден бери калыптанып калган” деген пикирин айтат.
XS
SM
MD
LG