Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Украинада президенттик шайлоо өтүүдө


Украинанын бардык жеринде добуш берүү эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин жүргүзүлөт. БШК президенттик орунду талашкан 18 талапкерди каттоодон өткөргөн. Эгер алардын эч кимиси жалпы чогулган добуштун жарымынан көбүн чогулта албаса анда шайлоонунун экинчи айлампасы февраль айында болмокчу.

Бүгүн Украина өлкөсү өзүнө жаңы жетекчи тандап атат. Ал үчүн жер-жерлерде баардыгы 30 миң кишилер добуш бере турган бекеттер ачылып, ал кеч киргенге дейре иштемекчи. Анан ал шам менен жабылып, чогулган добуштун эсебин чыгаруу башталат. Баса, чет мамлекетте жашап, бирок атуулдугун сактап жүргөн украиндер добушун жыйнаш үчүн 76 өлкөдө - анын бири Орусияда - бардыгы 113 бекет уюштурулганы дайын болду.

Жогорку орунду талашууга жарай турган 18 киши ат салышып атат. Арасында – азыркы өлкө башчы Виктор Ющенко, өкмөт башчы Юлия Тимошенко жана Саргылт ыңкылапка оппозиция болгон ошондон бери бийликке атаандаш “Аймактар” партиясынын башчысы Виктор Янукович бар.

Азыркы президент Виктор Ющенко журналисттер алдында шайлоодо жеңип чыгуу үчүн үмүтү чоң экенин билдирди:

- Менин оюмча, добуш бергендердин баары мамлекетибиздин гүлдөшү үчүн Европалык шаркет, кошуна өлкөлөр, Орусия менен ынак өнөктөш алака үчүн добуш беришет. Биз үчүн эң маанилүүсү – шайлоонун жыйынтыгы бийликти да коомчулукту да бир ымалага келтирүү.

Күүгүм кирип, көз байланганда Украина БШКсы жыйынтыктын алдынкыларын маалымдайт дешет. Баса, ал үчүн ал экзит-полдор маалыматтарына таянып иш жүргүзө тургандыгын айткан.

Эгерде бир да киши чогулган добуштун элүү пайызын жана ага үстөк дагы бир добуш чогулта албаса анда, алдыга озуп чыккан талапкерлер кайрадан дагы бир жарышка түшүшү мындан үч дем алыштан кийин өтмөкчү.

Ал эми Саргылт ыңкылапты жерип, ошондон улам анын өкүлдөрүнө атаандаш болуп келаткан "Аймактар" партиясынын лидери Виктор Янукович болсо шайлоодо жеңип чыгарына ишеними бар экендигин айтып, ошол себептен:

- Мен Европа, Орусия жана дүйнөдө башка мамлекеттер менен жылуу-жумшак ымалада болуп иштешемин, - дейт.

РИА Новости агенттиги маалымат таркатып, Орусия боюнча 60 миң украин жараны добуш беришерин жана алардын 32 миңи Москвада турушарын айткан.

Ошондой эле Кремль бийлигин аркалаган «Молодая Орусия» жаштар кыймылы Москвада эртең менен Украинанын элчилиги алдына барып «кыр көргөзүү» митингисин өткөргөн.


Тасма. Киевдиктер шайлоого жандуу катышты

Киевдиктер шайлоого жандуу катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

XS
SM
MD
LG