Барак Обама, ошентип, көптөн бери Орусиянын тынчын алып келаткан планды кайра карап чыгуу тууралуу чечимин жарыялады. Вашингтон башында Польша менен Чехиядагы болочок антиракеталык жабдыктар Иран өңдүү опуртал өлкөлөрдөн коргонуу үчүн зарыл деп негиздеген эле. Бейшембиде Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында президент Обама АКШ абадан коргонуу стратегиясын өзгөртүп жаңы планды жактырганын, бул чечим АКШнын эң жогорку аскер башчылары тараптан бир добуштан колдоо тапканын маалымдады.
- Биздин Европадагы жаңы антиракеталык долбоорубуз Американын куралдуу күчтөрү менен өнөктөштөрүн мурдагыдан күчтүү, амалдуу, кыйла ыкчам ыкмада коргойт. Ал мурдагы долбоорго караганда ачык жана айкын болот. Ал буга чейин сыноодон өткөн жана өз наркын актаган жабдыктарды пайдаланат, - деп түшүндүрдү жаңы планын АКШ президенти.
Обамадан кийин сөз алган Пентагондун жетекчиси Роберт Гейтс америкалык чалгынчылардын маалыматы боюнча, Ирандын кыска жана орто аралыктагы ракеталары мурдагы эсептөөлөргө караганда кыйла көбүрөөк коркунуч келтирээрин, ошондуктан АКШ суу үстүндөгү кемелерге алардын жолун тороп, атып түшүрө турган жабдыктар орнотоорун маалымдады. Гейтстин айтымында, долбоордун 2-баскычында Чыгыш Европада кадимки антиракеталык системалар орнотуу планы да бар.
- Болжол менен 2015-жылы баштала турган 2-баскычта, жерге орнотулчу SM-3 антиракеталык системалар орнотулат. Аларды жайгаштыруу жөнүндө Польша жана Чехия менен сүйлөшүүлөр мурда эле башталган.
Гейтс АКШ Европада жаңы антиракеталык система орнотуу планынан биротоло баш тартты дегендер терең жаңылышат деп кайталап тактай кетти.
Мурдагы АКШ президенти Жорж Буштун өкмөтү сунуш кылган Европадагы радардык системалар планы Москва-Вашингтон мамилесин кыйла салкындаткан эле. Кремль Американын бул планы Орусиянын кызыкчылыктарына каршы келет, Вашингтон жөн гана аймактагы таасирин бекемдегиси келет, антиракеталык системалар Москвадан коргонууну көздөйт деп да чечмелеген. Андыктан, Орусия президенти Дмитрий Медведев АКШнын жаңы стратегиясын оңунан баалады. “АКШ президентинин макулдашууларды аткаруу жаатында жасаган жоопкерчиликтүү позициясын жогору баалайбыз. Мен бул диалогду улантууга даярмын”, - деп Обаманын чечиминде өзүнүн үлүшү бар экенин кыйытты орус президенти.
Бейшембиде жарыяланган АКШнын жаңы планы Польша менен Чехияда терс пикир жаратпай койгон жок. Чехиянын экс-премьер-министри Мирек Тополанек Вашингтондон келген жаңылык аны өкүндүргөнүн айтты.
“Менимче, - дейт Тополанек, - бул начар жаңылык, эң ириде, биз 20 жылдан бери НАТО тарапка умтулуп, бул багытта далай маселелер чечилип калганда, жараян кайра жайлай түшкөнүн билдирет”.
Айрым кабар агенттиктери АКШ айтып жаткан жаңы антиракеталык жабдыктар Чыгыш Европада эмес, андан ары Түркия, же Израилге жайгаштырылат деп боолгоп киришти. Анкара АКШдан сатылып алынган жаңы баллистикалык ракеталар өз армиясынын муктаждыгына жумшалаарын, регионалдык аскердик долбоорлорго кошулбай турганын маалымдады.