Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Чеченстан: Интернетте кадыр-баркка шек келтиргендер жазаланат


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров интернетте, социалдык тармактарда кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтиргендерди таап жазалоону талап кылды. Ал 5-ноябрда аймактын өкмөтүнүн жыйынында "ынтымакты бузуп, ушак-айың жана бөлүп-жаруу менен алектенгендерди өлтүрүп, камап, коркутуп токтотпосок, мындан башка аракеттерден майнап чыкпайт" деп айтты. Кадыров "дүйнө алоонуп кызыл чокко батып күйүп жатса да, бардык мамлекеттердин мыйзамы бузулса да" андай адамдардын сары изине түшө берерин эскертти.

Өткөн айда "Новая газета" басылмасы август айынан бери Чеченстанда жогорку даражалуу аткаминерлерге, анын ичинде Рамзан Кадыровдун жакындарына каршы калайман куугунтук башталганын жазган. Алар жашыруун абакта жатканы, "чыккынчылык кылганын мойнуна алдыруу үчүн" ур-токмокко кабылганын билдирген. Бул басылма камалган аткаминерлердин жана алардын туугандарынын үй-мүлкүн тартып алып, Ахмат Кадыров атындагы фондго миллиондогон каражатты кайрымдуулукка котортууга мажбурлап жатканын маалымдаган.

"Новая газетанын" ырасташынча, камалгандардын арасында өзгөчө кырдаал министри Руслан Яхъев, мурдагы токой чарба министри Дикмагомед Мулаев, экс-вице-премьер-министр Халид Вайханов жана Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Шамхан Денилханов бар.

XS
SM
MD
LG