Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Капчыгайдагы кандуу кырсык: бүдөмүк суроолор сотто калкып чыкты


Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу
Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу

Бүгүн Аламүдүн райондук сотунда 13-марттагы кырсыктын чоо-жайын териштирүү башталды. Анын натыйжасында өрттөлүп кеткен машине ичинен президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси М. Садыркуловдун, стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы жетекчиси С. Слепченконун, айдоочу К. Сулаймановдун сөөктөрү табылган.

13-марттагы кандуу окуянын кандай болгонун так аныктап чыгуу жумушу өтөле оор, анан да абыдан жооптуу иш экени жалпыга дайын. Эмнеликтен эңгезер машине күйүп, анын ичиндегилердин жан сактоо аракетин кылбай калып калышына тергөө амалдары жооп бериши керек эле. Бирок да тергөөнүн окуяны жалаң эле жол кырсыгына такап, өрттүн чоо-жайын жакшы иликтебей калганын көрсөтүп жактоочулар ишти кайтарып берүү өтүнүчүн жолдошту.

- Соттолуучу Ө.Осмоновдун жактоочусу А.Акматов өзүнүн өтүнүчүндө ал жактаган адам “Lexus LX 570” ичинде болгон М.Садыркулов, С.Слепченко, К.Сулаймановдун өлүмүнө жана андан чыккан өрткө эч бир тиешеси жоктугун, ал жактаган Осмонов Өмүрбек айдап жүргөн “Audi 100” маркасындагы унаа менен кагылышканда көлөмү боюнча бир канча чоң “Lexus” чоң зыянга учурабагандыгын, соттук автотехникалык корутундусуна ылайык “Lexus” маркасындагы автоунаанын эшиктери бекемделип жабылып калбагандыгын, ошондуктан бул автоунаада олтурган адамдар андан оңой эле чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү болгондугун, тергөө бир тараптуу жүргүзүлүп, соттук өрттехникалык экспертизанын корутундусуна караганда өрттүн чыгышынын негизги себеби аныкталбагандыгын, - Аламүдүн райондук соту А.Асыловдун өзү да алгачкы чечиминде белгилеп, бирок мындай жүйөө ишти кайтарып берүүгө негиз боло албастыгын билдирди.

Ө.Осмоновдун жактоочусунун ырасташынча, өрттөлгөн автоунаанын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, анын өрткө каршы кандай мүмкүнчүлүктөрү бардыгын ырастаган атайын техникалык кызматтардын корутундусу да алынган эмес. Буга кошумча тергөөнүн кырсык болгон жерден Ө.Осмоновдун качып кеткени тууралуу бүтүмү да чындыкка коошпойт. Жол кырсыгы үчүн айыпталынып жаткан Ө.Осмоновдун жактоочусу Анаркул Акматов тергөөдө негизги маселе ачылбай калган деп эсептейт.

- Биринчиден, негизгиси өрттүн чыгышынын себеби аныкталган эмес. Өрттөнүп адамдар каза болуп жатпайбы. Ошон үчүн биричи кезекте өрттүн чыгышынын себеби аныкталышы керек болчу. Ал эми жанагындай жол кырсыгынан ушундай натыйжалар болду дегенге мен такыр макул эмесмин.

А.Акматов өрт коопсуздугу боюнча кыйла эле ишенимдүү деп эсептелген чоң машинеге кичинекей машине келип урунган соң алеки саатта күйүп кетерине ишенбей тургандыгын билдирди.

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулованын жактоочусу Леонид Лужанский да тергөөнүн жыйынтыгынан болгон окуянын чоо-жайын тактоо кыйын, деген пикирде.

- Мен кырсыктын жалпы картинасын кандай болгонун аныктоо үчүн жетишүү тергөө амалдары жасалган эмес деп эсептейм.

Жактоочунун айтуусунда, тергөө жол кырсыгы делген гана божомолго көңүл буруп, айыпты айдоочуга гана коюуда.

- Мында да анын айыптуу экенин ырастай ала турган тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес.

Л.Лужанский жол кырсыгы такай болуп келаткан окуялардан экенин, машинелер кагышып, адамдар жаракат алып, набыт болгон учурлары деле аз эмес экенин, бирок да бул ирет илинчектин кыйласы өрттөлүп жок болгон окуя териштирилип жатканын ырастады. Аламүдүн райондук прокурору Акылбек Баканчиев соттук териштирүү жаңыдан гана башталгандыктан ал тууралуу пикир айтуу эртелик кыларын билдирүү менен чектелди. Жактоочулар ишти кайтарып берүү өтүнүчүн эми Чүй облустук сотуна жолдой тургандыктарын билдиришти. Сот болсо кийинки отурумду 19-майга белгиледи.

XS
SM
MD
LG