Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Токойчу Топчубекти кызматтан алышты


Революциячыл Т.Тургуналиев
Революциячыл Т.Тургуналиев

Топчубек Тургуналиевдин Токой чарба агенттик жетекчилигинен алынышы кыйла уу-дуу кептерге арзыды. Убактылуу өкмөттүн кезектеги кадрдык жүрүшүн жактыргандар - жактырбагандар арбын чыкты.

Т.Тургуналиев кийинки жылдары алдым-жуттумдуктун сазына батып калган тармакка четтен инвестиция тартуу аракетине киришип, айрым колу туткактарды тизгиндөөгө киришкен болчу.

Көчө жыйын көп болсун!

Топчубек Тургуналиевдин кызматтан алынышына ал өзү кыйла жылдардан бери калтырбай катышып келаткан сүрмөтоп көпчүлүк көчө жыйындары себеп болду окшойт. Токойчулардын минтип сүрүлүп көчө жыйындарын мурда-кийин уюштурушу деле элдин эсинде жок. Барган жеринде революциячыл өзгөрүүлөрдү апыл-тапыл жасап ийчү Топчуке бул ирет да кайсы бир таасирдүү күчтөрдүн кызыкчылыгына кайчы келген капсалаң кадам жасап алган окшойт. Болбосо бир учурда аркыл жерде топ-топ көчө жыйындар өтмөк эмес. Ошондой жыйындардын негизинде Т.Тургуналиев кызматтан алынганын президенттик акимчилик башчысы Эмилбек Каптагаев да ырастайт.

- Бул системадагы туруксуздук, ичара түртүш, чатак, анан кийин системаны башкаруудагы иш билбегенин, ошол системаны жакшы билбегендигинин аркасы, ошондой эле кадрдык жана башка маселелерди чечүүдө биртоп калпыстык иштер, анын баары акыры келип жалпы системанын токой чарба экология кызматкерлеринин мына эки күндөн бери иш таштап, бардык жерде конторлор жабык болуп отуруп калганы себеп болду.

Коррупциянын укуругу уз-зуун

Ал эми Топчубек Тургуналиевдин өзү кызматтан алынышынын себеп-жөнүн коррупцияга белчесинен батып калган системаны оң жолго аракетинин кечээки таламдаштарынын колдоосуна ээ болбой калышына байланыштуу түшүндүрөт.

- Кыска мөөнөттүн ичинде 2 миллиондон ашык зыян келтиргендерди, миңдеген карагайларды кыйгандарды, кыянаттыкты жасагандардын бардыгын кызматтан алдык. Коллегияда алдык. Өкмөттө аппарат жетекчиси Э.Каптагаев мага каршы комиссия түзүп, саясий тапшырма берип, ал түгүл мен Ысык-Көлдө жанагы кызматтан алынгандардын ордуна койгон кишилерди дагы ачык айтып атпайбы, «мен иштетпейм» деп.

Жалал-Абад облустук токой чарба башкармалыгынын жетекчиси Жаныш Курбановдун ырасташынча, Т.Тургуналиевдин тармакты оңдоо аракети айрым таасирдүү адамдарга жакпай калган.

- Топчукенин негизги идеясы акыйкатка жетейин, жакшылык болсун деген нерсе болчу. Аны башкача сезишип атпайбы. Деген менен 3-4 айда бир нерсенин жыйынтыгына чыгыш кыйын.

Ким келди?

Т.Тургуналиев тармактагы абалды жакшы билбестиги, ал жааттан адис эместиги, кадрларды дайындоого жөнсалды мамиле жасагандыгы үчүн кызматтан алынып, анын ордуна эки күн ишин таштап нааразылык жыйынга чыккандардын талабы менен токой чарба адиси Мирслав Алымкулов жетекчиликке дайындалганын Э.Каптагаев билдирди. Убактылуу өкмөттүн жаңы кадр жүрүшүн мурдагы оппозиция өкүлү Сабыр Муканбетов момундайча мүнөздөйт.

- Бул бийлик өзүнөн-өзү ошол акчаны сиңирип алышы үчүн мына эл нааразы болуп атат, дегендей кылып өздөрүнө каршы митинг уюштурумуш болуп, Топчубекти жумуштан алып, ордуна мурда пара алып колго түшүп, кылмыш иши козголгон «Акжолдун» бир жетекчисин алып келип койду деп атат.


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов иштин чоо-жайын тактоо үчүн Убактылуу өкмөт башчы Р.Отунбаеванын өзү менен кечээки таламдаштар жакын арада жолугуша тургандыктарын маалымдады.

- Бул өзү чоң маселе. Жөн калбайт.

Эгемендик тушунда алмашылып келаткан бийликтердин текши баарын башында колдоп, орто жолдон оппозицияга өтүп кетчү Т.Тургуналиев бул ирет Убактылуу өкмөттүн айныксыз атаандашына айланабы же партиялаштарын баштап парламенттик шайлоого барабы – бул да азырынча белгисиз. Кандай болгон күндө да ал кечээки оппозициянын бийликке келгенден кийин өкмөттүк орундан бошотулган биринчи өкүлү болуп калды. Революция менен бийлик жолу дамамат ушинтип эки ачакей кетет.

XS
SM
MD
LG