Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясынын басма сөз катчысы Асыл Осмоналиеванын айтымында, федерациянын пленуму болуп, анда федерациянын төрагасы Бакыт Иманалиевдин арызы каралды.
Арызда Бакыт Иманалиев аны төрагалык кызматтан бошотууну өтүнгөн. Жыйында анын арызы канааттандырылып, анын ордуна "Кыргызпочта" кызматы тармагынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев өлкөнүн кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына шайлады.
Бакыт Иманалиев болсо кызматтан кетүүсүнө Федерация ичиндеги карама-каршылыктар себеп болуп, бул тармакты реформалоо аракети колдоого алынбай, арыздануулар көбөйгөнүнөн кетүүгө аргасыз болгонун “Азаттыкка” билдирди.
-Пикир келишпестиктерден улам арыздануулар көп болуп, иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Бул тармакта ынтымактын бошой түшкөнүнө ынандым. Ынтымакка келип, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырган аракетим колдоо тапкан жок. Экинчиден, Кыргызстан профсоюздук уюмдары реформага муктаж. Булар реформанын мазмунун, максатын түшүнгүсү да келишкен жок. Аталган кыймыл коом, мамлекеттик түзүлүш, экономикалык жагдайлар өзгөргөнүнө карабай эскиче эле иш алпарып келет. Арыздануулардан абдан чарчап, акыры эс алууну чечтим.
Бакыт Иманалиев бул кызматка келгенге чейин “Ак жол” фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болчу. Өлкөнүн кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы болуп шайлангандан кийин депутаттык мандатын өткөрүп берип, бул тармакты жети айдын тегереги башкарды.
Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасынын орун басары Накен Саалиевдин пикиринде бул тармактын эс алуу жайлары, пансионаттары киреше алып келбей чыгашалуу болуп, менчиктин айынан талаш-тартышуулар болууда.
«Трибуна» гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковдун пикиринде Кыргызстандын кесиптик кошундар федерациясында коррупциялык иштер орун алган. Анын айтымында, федерациянын менчигиндеги айрым объектилер анын мурдакы жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз сатылган.
- Мурда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарга чегерилген эс алуу жайларына жолдонмолор да чиновниктерге, депутаттарга, журналисттерге сатылып турган. Бул тармактын көйгөйлөрүн билбеген жетекчилер келип, маселени чечүүнүн ордуна менчиктеп алууну гана ойлой башташат. Алар жооптуу кызматтарга өз кишилерин коюп, пайда гана көздөп калып жатышат.
Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстан боюнча улуттук координатору Болот Ороковдун пикиринде кесиптик кошуундар кеңеш доорундагы түзүлүш менен иш алып барып, учурга ылайык иш берүүчүлөр менен жумушчулардын милдеттерин тактап да алышкан эмес.
Өлкөнүн тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик биримдигинин төрагасы Ормонбек Жайлообаевдин айтымында, Кыргызстан кесиптик кошундар федерациясы алына жараша, бүгүнкү мамлекеттеги акыбалга карата өз милдеттерин аткарып келатат. Бирок бул тармакта чечилбей келаткан көйгөйлөр да арбын.
Кыргызстан кесиптик кошундар федерациясы тарабынан эмгекчилердин укугун коргой турган мыйзамдарга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондой эле Эмгек кодексин кайрадан иштеп чыгууда профсоюздардын салымын танууга болбойт.
Өлкөдө 500гө жакын ишкана эмгекчилердин саламаттыгына залал тийгизгендиги кесиптик кошундар аркылуу аныкталып, ишин токтоткон.
Мугалимдердин педагогикалык стажына кошумча акы төлөтүп берүүдө да профсоюз салымын кошкон. "Кумтөрдө" иштеген жумушчулардын укугун коргоодо да бул уюмдун эмгеги бар.
Дүйнөлүк практикада тармактык кесиптик кошуун деген түшүнүк бар. Ар бири өз тармагынын укугун өзүнчө коргойт. Кыргызстанда да андай 22 тармактык кесиптик кошуун бар. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө 6-7 гана чоң, күчтүү тармактык профсоюздар иш алпарат.
Адистердин баамында Кыргызстандагы тармактык кесиптик кошуундар чабал, майда уюмдар. Жакынкы убакта өлкөдө да ири жана күчтүү тармактык кесиптик кошуундар уюмдардын жаратууга зарылдыгы айтылып келгени менен аракеттер колдоого алынбай келүүдө.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин тергөө кызматтары тарабынан өлкөнүн Кыргызстан кесиптик кошундар федерациясынын мурдакы жетекчиси Сагын Бозгунбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп тергөөгө алынган.