Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Колду толгоо ушинтип башталды


29-июлдагы кармоолор
29-июлдагы кармоолор

29-июлда Бишкекте өтчү жыйынга келаткандардын 64 адам кармалып, cоттолду.

Алардын 42 шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүштүрүү жайында, 22 адам Коргоо министрлигинин өзгөчө режимдеги абак жайында камалып, административдик жазага тартылды.

Камоо, коркутуп-үркүтүүлөр президенттик шайлоого чейин эле башталган. Бирок да добуш берүүнүн жыйынтыктарына нааразы болгондорду жолдон эле кармап, алардын кыйласын 5 күндөн 15 күнгө абакка жабуу, айрымдарын коркутуп-үркүтүүнүн артында бийликтин өктөм эскертүүсү, катуу сеси турганын байкоо кыйын деле эмес.

- Эми кандай, же коменданттык саат болбосо, курсанттарды алып барып эле эки автобус турбайбы, ошолорго салып алып келишиптир,- деп нааразылыгын билдирди атын атагысы келбеген Бишкек шаар тургуну.

Анын үйүнө мейманчылыкка келген агасы көчөдөн эле кармалып, бөлүштүрүү жайына алынып келинген.

Ушундай эле жагдайга кириптер болгонун экинчи бир шаар тургуну айтып олтурду.

- Жолдош баласы телефон чалыптыр. “Паспортумду алып келе койгулачы” деп. Анан үйгө ал бала келди. “Даниярдын паспортун бер” деди. “Паспортун бербейм, өзүм кошо барайын, кайда экен”, десем, “бөлүштүрүү жайда” дейт. “Эмне иш кылыптыр?” “ Билбейм”, деди. Анан жаңкы К.Бакиев жөнүндө болгон иш да. Башка эч иш жок. Ал балам англис тилинде 12ден 2ге чейин окуйт. Анан экиден өткөндөн кийин эмнеге кечигип атат, деп калдым.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүштүрүү жайына автобустарга толтура ташылып келингендердин баки-жогу эле оппозиция жыйынына катышууну дегдеп келгендер эместигин бөлүштүрүү жайынын эшигинин алдында алардан кабар издеп келгендер айтып жатышты. Кармалгандардын көбүнө адвокаттар да киргизилбей, Ленин райондук сотунун 4 кызматкери ишти жабык мекеме ичинде башташканын Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун сотко катышып чыккандан кийин эшик алдында тургандарга кабарлады. Акыйкатчы плакаттарын көтөрүп келаткан адамдар эч кандай жол кыймылына тоскоолдук кылбаганын, ары-бери өткөн машинелерди тоспогонун маалымдады.

- Ал плакаттарын алып талкалап, сындырып, ушундай кылыптыр да. Анан мына булардын баарын кызматкерлерим менен келип, тизмесин алдык. 41 киши экен. Ленин РОВДсынын балдары алып келишиптир. Жашы жете электер да барбы? Кенжетаева Ализа, 92-жылы төрөлгөн, бар экен. Эми аны соттойбу-соттобойбу – көрөбүз. Соттобош керек идея боюнча, туурабы?

Турсунбек Акун жабык мекеме ичинде эч кандай шарты жок жерде сотторду алып келип алып, сырттан киши киргизбей соттоо туура эместигин Жогорку, Бишкек шаардык сот жетекчилерине билдиргенин кошумчалады. Милиция кызматкерлерине баш ийбей каршылык көрсөткөн, мыйзамсыз жыйын куруу аракетин жасагандыгы үчүн айыпталынып жаткандардын көбүнө Ленин райондук төрт сот 15 күнгө абакка камоо чечимин чыгарды. Алардын арасында белгилүү коомдук саясий ишмер Топчубек Тургуналиев да бар.

Бишкектеги “Кудайберген” базарынын жанындагы аскердик абак жайга Аламүдүн районнундагы Беш-Күңгөй айылынан көчөгө чыккандарды кармап келишкен. Жабык аскер жайында камалган 22 кишинин айрымдарына ички иштер кызматкерлери күч колдонушканын айрым бейөкмөт уюмдардардын өкүлдөрү ырасташты. Аскердик жабык жайдагы бешкүңгөйлүктөрдүн сотуна парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов кирип чыкты. Жыйын баштала электе тынч келаткандарды бир четтен кармап, эми минтип аскердик абакта соттоп жатышын парламент депутаты мындайча мүнөздөдү.

-24-июлда эртең менен саат алтыда ойгонгондо бардыгы бир нерсени түшүнүш керек эле. Кыргыз Республикасы жок. К.Бакиевде хандык бар. Ошон үчүн бүт бардык жерде ошондой кысым болуп жатат. Бирок мунун кесепети барып-барып эле бир нерсе болот да. Саясий абал курчуйт. Анан бул режим урайт! Көрөсүздөр.

Бириккен элдик кыймыл 30-июлда Көл кылаасын көздөй жөө жүрүш баштай турганын жарыя кылды. Шайлоо талашы улантылууда.
XS
SM
MD
LG