Human Rights Watch уюмунун баяндамасында этникалык кагылышууга алып келген окуялардын удаалаштыгы тизмектелип көрсөтүлгөн. Анда июндун онунан он бирине караган түнү казинодо чыккан чатактын натыйжасында “Алай” мейманканасынын айланасында өзбек тектүү жарандар чогулушуп, ызы-чуу аралашкан чагымчыл аракеттер коштолгондугу белгиленген. Мына ошол окуя чатактын андан ары карай ырбашына өбөлгө түзгөндүгү мисал катары келтирилген.
Аталган уюмдун изилдөөчүсү Оле Солванг андан ары карай шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө баш аламандыктар башталып, окуялар курч мүнөздө өнүгүп кеткендигин белгиледи:
- Ошол түнү шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө адамдар көчөгө чыгышып, уруш-талаш, кол салуу, өрттөө аракеттери башталып кеткен. Эки тараптан тең жабырлануучулар болгон. Бирок бизге түшкөн маалыматка караганда, бул түнү көбүнчө кыргыз тектүү жарандар арасында жоготуулар көп катталган. Ошол эле учурда шаарга жакын райондордо кыргыздар боюнча көбүртүп жабыртылган ушактар дагы таркалып, адамдардын канын кызыткан.
Ошондой эле баяндамада чатакташкан тараптарды басууда Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн чабал аракети жана бир жактуулугу ачык байкалгандыгы жазылган.
Оле Солванг улуттук азчылык өкүлдөрү жашаган аймактардын коргонуусун бузуп кирүүдө аскер техникасын колдонууга жол берген учурлар далилденгендигин айтып өттү:
- Негизинен он экинчи июндан баштап өзбек кварталдарынын коргонуу тосмолорун бузууда белгисиз адамдар БТР жана БМП сыяктуу аскер техникасын колдонгон учурлар болуптур. Муну менен алардын артынан каптап кирген сүрмө топтун чабуул коюшуна шарт түзүлүп калган учурлар болгон. Биз тиешелүү аскер жетекчилери менен сүйлөшкөндө алар чындыгында эле аскер техникасын тартып алган жарандар тобу аны бир күн бою алып жүрүшкөндүгүн айтышкан болчу.
Мындан сырткары аталган укук коргоо уюму башаламандыктарды иликтөөдө тергөө органдары бир этникалык топтун өкүлдөрүнө гана басым жасаган учурлары болду деп сынга алды.
Тандоо эрежеси менен камоолор жана мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен көрсөтмөлөрдү алуу жергиликтүү ички иштер органдарынын күндөлүк ишине айланган деп айыптады изилдөөчү Андреа Берг:
- Мыйзамсыз камоолор өтө көп орун алган. Мисал үчүн Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы имамдын орун басарын үйүндөгүлөргө билгизбей эле мечиттен кармап кетишкен. Анын кандай негизде камалгандыгын негиздеп беришкен да эмес. Анан аялдар барып, арызданып жатып бошотушкандан кийин, анын денесинен ур-токмоктун белгилери табылган. Ушундай нерселер болуп жатат.
Бирок мындай дооматтар менен Ички иштер министрлиги макул эмес. Министрдин биринчи орун басары Мелис Турганбаев аталган эл аралык укук коргоо уюму өздөрүнүн жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү менен жаранын картын сыйрып, этникалык араздашууну ырбатып жатат деп айыптады:
-Укук коргоо органдары менен келип сүйлөшпөсө, биз менен маалыматтарды алмашып, кызматташышпаса. Анан эле сырттан эле ушундай деп атат дей бергендин кимге кереги бар. Анан алар деген тең карашпайбы. Бир жагын, бир капталын карап алып эле. Ушул аракеттери менен кайра эки элди кайраштырып, эки элдин кыжырын келтирип жатышат. Ошону эл окуп алат экен да, анан “аа бизден көп жоготуу болуп кетиптир” дешип, кыжырлана башташат. Ошентип булар кырдаалды кайра курчутуп жатышат. Жазса минтип так, калыс жазыш керек да.
Мындан сырткары Human Rights Watch уюмунун баяндамасында абалды жөнгө салуу боюнча кыргыз бийлигине бир катар сунуштар берилген. Анда негизги шарттар катары этникалык араздашуулар орун алган аймактарда күч түзүмдөрүнүн зомбулугуна жол бербөө жана тергөө иштеринин акыйкат, калыс болушун камсыздоо чаралары көрсөтүлгөн.
Ош: Азаптуу жана армандуу күндөр