Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Парламент социал-демократтарды кошпой комиссия түздү


Парламент депутаттары бүгүн 13-марттагы жол кырсыгы боюнча комиссия түздү. Ага башында «Ак жол» фракциясынан 5, калган эки фракциядан бирден өкүл кирмек. Депутаттардын көпчүлүгү «Ак жол» менен коммунисттер фракциясы сунуш кылган өкүлдөргө добуш берип, социал-демократиялык фракциянын эки сунушун колдобой коюшту.

13-марттагы жол кырсыгын иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүүгө коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев каршы чыгып, өз жүйөөсүн момундай жагдайга байланыштырып түшүндүрдү.

- Нурада кырсык болгондо биз комиссия түзгөн жокпуз. Башка учурда биз комиссия түзгөн жокпуз. Ошону эске алалы. Негизи мен ойлоп жатам комиссия түзгөндө деле баягы оперативдик-иликтөөчү топтон артык эч нерсе таба албайт. Билбейм эми коомдук көз карашты, саясий пикир болбош үчүн эле комиссия өз максатына жетеби же жетпейби мен аны түшүнбөйм.

Анткен менен “Акжол” фракциясынын жетекчиси Улукбек Ормонов депутаттык комиссия түзүү керектигин, ага көбүнесе мына ошол оперативдик-иликтөө иштерин дурус билген адистер киришин ырастап чыккан соң коммунисттер өз катарындагы Х.Коркмазовду комиссия мүчөлүгүнө сунушташты. “Акжол” фракциясы башында комиссияга 5 өкүлүн киргизмей болгон. Анын маани-жайын Улукбек Ормонов мындай чечмеледи.

- Көпчүлүк муну саясий оюнга айланткан жатышат. Ошондуктан бул комиссияга эмоциясы жок, токтоо, бул иштерге саясий баа бербеген, бардык нерсени такташ үчүн түзүлгөн комиссия болуш керек, деген сунуш бар.

“Акжолдон” беш, калган фракциядан бирден өкүлдөр өз-өзүнчө колго салына келгенде социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркуловго аз добуш берилгендиктен мүчөлүккө өтпөй калды. Түштөн кийин фракция сунуш кылган Бакыт Бешимовго депутаттардын 25 гана колдогону ачыкка чыккан соң социал-демократтар комиссияга кирүүдөн баш тартышты. Соңунда “Акжол” фракциясы өз катарынан Дүйшөбек Кыдыровду комиссия мүчөлүгүнө киргизип, кыйла убакты-саатты алган талашка чекит койду. Кырсыктуу окуяга саясий өң-түс берилбешин улам-улам кайталаган “акжолдук” кесиптештерине кайрылып, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат Роза Отунбаева иликтенчү иш ансыз деле саясий өң-түс алып кеткенин айтты.

- Бул иш чынында эле жаңырыктуу иш. Анан Иса Өмүркулов комитетте жакшы сунуш айтты эле. Деле көз карандысыз комиссия, керек болсо эларалык эксперттерди кошуп түзүш керек. Андай болбосо бул иш ырбап кетет. Туруктуулукка абдан тоскоолдук болот. Ошондуктан депутаттык комиссия, жалаң эле милиционерлерден турган комиссия аягына чыгат дегенге менин азыртан эле көзүм жетпей турат.


“Акжол” фракциясынын мүчөсү Галина Куликова комиссия мүчөлүгүнө сөзсүз эле укукчу адистердин киришине каршы экенин билдирди.

- Башкысы объективдүү изилдеп чыгууга дилгир киши болсун. Биздин депутаттарга реалдуу картинаны алдына келип кое турган адам болсун. Менин сунушум, комиссия төрагасына Иса Өмүркуловду шайлайлы.

Галина Куликованын сунушун партиялаштары колдогон жок. Депутаттык комиссия жетекчисине Рашид Тагаев бекитилди. Комиссия 1-майга чейин кырсыктын чоо-жайы тууралуу бүтүмүн парламентке сунушташы керек. “Акжол” фракциясынын мүчөсү Нарынбек Молдобаевдин айтуусунда, комиссия окуяны кылдат текшерип чыгышы абзел.

- Мен мындай деп ойлойм, бул комиссия деген жалаң эле милициялык комиссия болбошу керек. Бул комиссия депутаттык комиссия болуп жатат. Ошондуктан ар бир депутат өзүнүн бир жоопкерчилигин сезип туруп барат.

Ошентип парламент 13-марттагы кырсыктуу окуяны изилдөөчү депутаттык комиссияны социал-демократиялык фракциянын өкүлдөрү жок түздү.

XS
SM
MD
LG