Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

А. Шыкмаматов: Өлкөнү жок кылууга жол бербейбиз


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын координатору Алманбет Шыкмаматов. Азаттыктын архивинен
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын координатору Алманбет Шыкмаматов. Азаттыктын архивинен

Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен ачкачылык акциясына чыккандарга бүгүн “Ата мекен” партиясынын аппарат башчысы Алманбет Шыкмаматов кошулду. Ал саясий ачкачылыкка партиянын атынан Кыргызстандын демократиялык келечегин сактап калуу максатында барып жаткандыгын “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде билдирди.

- Алманбет мырза, саясий камактагыларды бошотуу талабы менен ачкачылык акциясынын башталганына 5-6 күн болуп калды. Бирок ушул күнгө чейин ушулардын катарына БЭКке мүчө болуп кирген саясий партиялардан, саясий кыймылдардан өкүлдөр киргени тууралуу маалыматтар айтылган жок. Бүгүн биринчилерден болуп «Ата мекен» партиясынын атынан сиздин ачкачылык кармап баштаганыңызга күбө болуп отурабыз.

- Мен бүгүн өзүңүздөр айткандай БЭКтин катарына кирген «Ата Mекен» партиясынын атынан келип кошулуп атам. Жакынкы арада, буюрса эмки жумалардан, Нарындан, Чүйдөн биздин партиянын өкүлдөрү келип ачкачылык акциясына кошулган атышат. Бул демократияны сактап калуунун бирден бир зарыл чараларынын бири десек болот. Себеби акыркы жылдары, акыркы айлары Кыргызстанда саясий террор күн сайын курчуп келатат.

Мына Жекшенкуловду, көлдөгү азаматтарыбызды камап, Петровкада мыйзамга дал келбеген, карама-каршы келген сот өкүмдөрү чыгып атат. Сот бийлиги бүгүн бийликтин оппоненттери менен күрөшүүнүн куралы карап, элдин баары буга көнүп, кулагы сиңип да бүттү. Ошондуктан буга каршылык көрсөтүш үчүн, элдин көңүлүн буруш үчүн акыркы кадамдар болуп атат.

Биздин кайрылганыбыз, айтканыбыз, жазганыбыз кулак сыртында калып аткан. Ушундай адамдар өзүнүн жеке ден-соолугун, керек болсо өмүрүн дагы тобокелге байлап ачкачылыкка барып атканы - Кыргызстан кандай коркунучка келип такалып аткандыгын элдин эсине салып, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, демократияны сактап калуунун бирден бир жолу болуп жатат. Акыркы күчүбүздү жумшап, кыргыз элин биригүүгө чакырып, ушундай кадамдарга барып атабыз.

- «Ата мекен» партиясынан жер-жердеги өкүлчүлүктөрү тарабынан кандай иштер жасалып жатат?

- Чүй, Талас, Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абаттагы биздин партиялык уюмдар эмки жумада И.Исаковдун маселеси боюнча жыйын өткөргөн атат. Ал жыйынга бизден Бишкектен барып катышып келген атышат. Ошондо дагы ушул маселе кабыргасынан коюлуп, Исаковдун туура эмес соттогон ырайымсыз сотту талкуулап, элге жеткирип, элдин көзүн ачабыз.

И.Исаков энергомафияга каршы чыккандыгы үчүн, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп туруп мамлекетте болуп аткан ыплас иштерди өз көзү менен көрүп бийликке каршы чыгып басып кеткендиги үчүн бул өч алуу акциясы болуп жатат. Аны коркутуу-үркүтүү, анын үлгүсүндө башка саясатчыларга сез көрсөтүп, барыңар Исаковдой болосуңар деп, бийликтин кылып аткан террору.

Ошол террорду баарыбыз оозду ачып карап отура берсек, бул мындан дагы күчөйт, акыры кыргыз эли манкурт, кул болуп, сөз сүйлөмөк турмак бийлик тарапты көзү менен карай албай калган маал келип калышы мүмкүн. Ошондуктан биз демократияны сактап калыш үчүн ушундай кадамдарга барып жатабыз.

- Сиздердин партиянын төрагасы Ө.Текебаевдин салматтыгы кандай абалда?

- Өмүрбек Чиркешовичтин саламаттагы азыр дурус, операциядан чыкты, мен кечээ кечинде барып жолугуп келдим. Буюрса, сакайууга баратат.

- Партиялаштарынын катарына качан кошулат?

- Буюрса, эки-үч жумада кошулуп калат деген тилегибиз бар.


“Саясий камактагыларды коргоо” комитети: Саясий куугунтукту токтотууга чакырык

Саясий куугунтукту токтотууга чакырык
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG