Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

17-декабрь: тарых барактары


Фрунзе шаардык маалымдоо каражаттары 1943-жылдын бул күндөрү Кыргызстандын Алай тоо кыркасынан уран рудасынын табылгандыгын кабарлашты. Мамлекет башчысынын 1993-жылдын 17-декабрындагы жардыгына ылайык коргоо иши боюнча Мамлекеттик комитет Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги болуп өзгөртүлдү

Фрунзе шаардык жумушчу депутаттар Кеңеши Кыргызстандагы эң көлөмдүү бульварды республиканын борборунда төшөө туурасында чечим кабыл алган. Шаардык Кеңештин чечими 1939-жылдын бул күндөрү коомчулукка маалым болгон. Шаардык депутаттар архитекторлордун бульвар салынчу көчөнү мурдагы Атбашы, азыркы Жаш гвардия бульварын тандаган долбоорун жактырышкан. Ошентип, болочок эс алуучу жайдын план-проспектиси камдала баштаган. Шаардык жашылдандыруу курулуш бирикмесине бульвар түшө турган көчөгө бак дарактарды отургузуу ишин баштоо тапшырмасы берилген.

Чүй суусу аркылуу өтө турган чана жол 1938-жылдын 17-декабрында ачылган. Кыргызстандын Түндүк аймагында буга чейинки аба ырайынын жылуулугунан улам Чүй суусу тоңбой, кышкы транспорттук байланыштын ачылыш убактысын узарткан. Чүй өрөөнүндө кышкы суук 15-декабрда түшүп, эки күн жааган кардан кийин суу 12 сентиметр калыңдыкка чейин тоңгон. Чүй суусунун үстүн муз базышы, байланыш үчүн арабалардын ордуна чаналарды колдонууга мүмкүндүк ачкан.

Фрунзе шаардык маалымдоо каражаттары 1943-жылдын бул күндөрү Кыргызстандын Алай тоо кыркасынан уран рудасынын табылгандыгын кабарлашкан. Шаардык гезиттердин жазганына караганда уран кенин Поршняков жетектеген геологиялык чалгындоо партиясы ачкан жана стратегиялык кен Алай тоолорундагы 1600 метр бийиктикте орун алган бир капчыгайда жайгашкан.

Кыргызстан КП (б) Фрунзе шаардык партия уюму 1947-жылдын 17-декабрында борбор калаанын соода түйүндөрүндө орун алган жагымсыз жагдайды талкуулаган. Шаардык партия уюмунун белгилөөсүнө ылайык, борбор шаарда азык-түлүк жана өнөр жай товарларына киргизилген карточканын алынып салганына карабастан, соода түйүндөрү кардарлардан карточка талап кылууну улантышкан. Соода түйүндөрүнүнүн мындай чайкоочулугунан улам, нан сата турган жашыруун күркөлөр пайда болуп, анын натыйжасында таңсык товарлардан кызыл кулактык жасалып жатканы, аларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү чаралары белгиленген.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин 1993-жылдын 17-декабрындагы жардыгына ылайык коргоо иши боюнча Мамлекеттик комитет Кыргыз Республикасынын коргоо Министрлиги болуп өзгөртүлгөн. Мамлекет башчысынын жардыгында каралгандай коргоо министрдик кызматка генерал-майор М. У. Субанов дайындалган.
XS
SM
MD
LG