23-июлга белгиленген президенттик шайлоо алдында коомдук тартип көзөмөлү күчөтүлүп, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт.
Бул жагдайлар тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Жакыпбек Азизов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле добуш берүү күнү ар бир участокто милиция кызматкерлеринен нөөмөтчүлөр коюларын белгиледи.
Өлкө боюнча президенттик шайлоого 2 331 добуш берүү участогу болот. Мындан сырткары чет мамлекеттерде 49 шайлоо участогу иштейт. Ошондуктан өлкө аймагындагы шайлоо участокторундагы тартипти сактоо үчүн 6 миңдей милиция кызматкери иштейт.
-Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Орусиядагы, Казакстандагы жана башка өлкөлөрдөгү күч структурасынын жетекчилерине КР президентин шайлоону тынч өткөрүүнү камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлгө алып берүү өтүнүчү менен кайрылды, -деп билдирди Жакыпбек Азизов.
Ошондой эле шайлоонун жүрүшүндө милиция кызматкерлери шайлоо участкаларына бүллитендерди жеткирүү, сактоо жана аларды райондук, облустук шайлоо участкаларына жеткирүү милдеттерин аркалайт. Президенттик шайлоо өнөктүгүндө жана шайлоону өткөрүүдө ички иштер органдарынын коомдук жайларда коопсуздук чараларды камсыз кылууга аракетин жумшайт.
Бишкектин Ленин, Октябрь райондорунун айрым аймактарында президенттикке талапкерлердин үгүт баракчалары айрылып, боек чачып кетүү фактылары боюнча дагы иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жакыпбек Азизов 18-июндагы Таласта милиция тарабынан кармалган жыйырмадан ашуун жаран президент Курманбек Бакиевдин автокербенин жолун тосууга аракет кылгандыгы үчүн кармалганын, алар райондук прокурордун эскертүүсү менен бошотулганын, президенттикке талапкерлер менен жолугушууларга милиция эч кандай тоскоолдук кылбаганын да маалымдады.
Ушул тапта үгүт ишин жүргүзүп, түштүктү кыдырып жүргөн президенттикке талапкер А. Атамбаевди коштоп жүргөн ырчы Сагынбек Момбеков чыныгы иш жүзүндө таптакыр мындай эместигин айтат.
Анын айтымында милиция кызматкерлери айрым талапкерлерге калыс мамиле кылбай, СДП активисттеринин документтерин кайра кайра текшерип, кысымга алууда.
Ошондой эле шайлоого карата 10-июлдан 5-августка чейин өлкө аймагынан жардыруучу жана уулуу заттарды ташып өтүүгө убактылуу тыюу салынаарын ИИМ расмий эскертти. Себеби беш айдын аралыгында милиция тарабынан 1300дөй курал жабдык кармалган. Анын 17си граната, жетөө жардыргыч зат болуп саналат.
Ошондуктан шайлоого утурлап ок атуучу куралдарды колдонууга да улуксаат берүү да убактылуу токтотулат. ИИМдин расмий маалыматы боюнча учурда калкта улуксааты менен 40 миңдей курал бар. Анын 23 миңден ашууну аңчылык курал болсо, 4 миңи сайлуу мылтык.
Ал эми ИИМдин “Шер” деп аталган атайын отряды Баткенге жиберилишин президенттик шайлоо менен байланыштырууга негиз жок.
- Себеби алар Кыргызстандын аймагына Ооганстан тараптан террористтердин кирүү коркунучунун алдын алуу үчүн жиберилди,- деди Жакыпбек Азизов.
ИИМдин “Шер” деп аталган атайын отрядынын курамында тиешелүү даярдыктан өткөн 60 аскер бар, аталган отряд 20-июнда Баткенге чыгып кеткен.
Ошондой эле ИИМдин “Бөрү” деп аталган отряды да Баткендеги кыргыз-тажик чегарасына чек араны бекемдөө жана коопсуздукту күчөтүү максатында жөнөтүлгөн.