Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Ала-Тоо аянтынан Нескаранын айкелин алып салышты


"Манас" эпосундагы кыргыздардын кас душманы, калмак баатыры Нескаранын Ала-Тоо аянтына коюлган айкели
"Манас" эпосундагы кыргыздардын кас душманы, калмак баатыры Нескаранын Ала-Тоо аянтына коюлган айкели

Ала-Тоо аянтына орнотулган “Манас” эпосундагы айрым каармандардын айкелдери нааразылык туудуруп, алынып ташталды. “Улуу Биримдик” партиясы элге атайын кайрылуу менен чыкты.

Борбор калаадагы Ала-Тоо аянтына, демек, ыйык жайга Манас атанын душмандарынын эстеликтеринен бери ылгабай-нетпей орното салган жагдайды “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиясынын лидери Эмил Каптагаев АкиПРЕСС маалымат агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында руханий жакырдануу менен байланыштырды.

Эмил Каптагаев одоно кемчилик Президент Курманбек Бакиевдин Жаңылануу курсунда дагы байкалат деп эсептейт. Жаңылануу курсунда: “Улуттук эстутум менен салттарды кыйратуудан сактоого карата бабалардын укуктарын сактоо” керектиги жазылган. Эчак жарык дүйнө менен коштошкон ата-бабалардын укуктарын кантип сактамак элек, андан көрө ошолорду кемитпей сактоо, өркүндөтүү биздин парзыбыз десе болмок деген оюн айтты.

Маалымат жыйынына катышкан Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев Ала-Тоо аянтына Манас атанын душмандарынын эстеликтерин кыргыз улутуна арам ойлогон бирөө койдурган болуш керек деп жоромолдойт.

Жоомарт Кадыралиев ошол эле кезде ушул айкелдер Бишкектеги көркөм сүрөт академиясынын айкелчилери тарабынан жасалгандыгын, аталган академияны Кыргызстандын баатыры Тургунбай Садыков жетектээрин эскертип келип, даңазалуу айкелчинин дарегине да “таш” ыргытып өттү. Анын айтуусунда, Садыковдун колунан чыккан “Эркиндик аяны“ эстелиги - шарга олтурган аял катары бир да кыргыздын көңүлүнө жакпайт, экинчиден, андай образдар Грецияда, Голландияда, Орусиянын Санк-Петербург шаарында бар.

Биз байланышка чыккан Бишкектеги көркөм-сүрөт академиясынын проректору Таалай Забидинов ишти ошол жамаат, кесиптештери аткарганын моюнга алды. Бирок күнөөнү өздөрүнө жуутпады:

- Эми ага мэрия жооп бериш керек. Ошолордун буюртмасы. Бүт баарысын ошол жактан тактап көрсөтүшкөн. Шашылыш да болуп – бетон менен жасалып калды. Ташка оюлуп жасалыш керек эле.

Бишкек шаардык Мэриясынан бул багытта сүйлөп бере турган кишини табыш мүмкүн эмес болуп жатат. Ал эми Бишкек шаар тургуну Санаткүл Оргалчаева көркөм чыгарманы турмуш чындыгындай кабыл албаш керек деп эсептейт:

- Коркпогула, Нескара, Шыпшайдар азыр бизге тийбейт. Тескерисинче, бизди кыжырдантат. Ошондон патриот болобуз.

“Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиясынын лидери Эмил Каптагаев жагдайга байланыштуу кайрылуу кабыл алышкандыгынын себебин да түшүндүрүп өттү:

- Борбордук аянтка коюлган эстеликтердин чатагы коомубуздагы улуттук дөөлөттөргө карата мамиледен келип чыгып атат. Ошо себептен Манаска, Манас рухуна байланышкан маселелерге кайдигер карабасак, тикебизден-тик турсак деп биз улуттук интеллигенцияга кайрылып атабыз. Ошондо гана улут катары калыптанаарыбызды эскертип атабыз.

Ала-Тоо аянтына орнотулган айкелдер кайра алынып ташталгандыгын эскерте кетели.


XS
SM
MD
LG