Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:48

27-март: Тарых барактары


27-март - эл аралык театр күнү
27-март - эл аралык театр күнү

Кара-Кыргыз Автономиялык областтык Кеңештин I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 27-март күнү ишин баштаган. Кыргызстан илим адамдарынын Биринчи республикалык конференциясы 1933-жылдын 27-март күнү өткөрүлгөн. Л. П. Бериянын кылмышкерлерди актаган «айтылуу 1953-жылкы амнистиясы» 27-март күнү ишке ашырылган.

Кыргыз мамлекетинин айтылуу өкүмдары эльтебер Шибоцюй Ачжань 648-жылдын бул күндөрү Кытай империясынын борборуна элчиликке барган. Кытай маалыматтарына караганда Шибоцюй Ачжань Тан династиясынын борборуна Чжэнь-гуань башкаруусунун 22-жыл, 2-айында, тактап айтканда 648-жылдын 29-февралынан 28-март аралыгында келген. Кыргыз өкүмдары кытай императору менен жолугушуп, эки тараптуу мамилени арттыруу, саясий алака туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Тарых илиминде такталгандай, Кыргыз мамлекетинин башкаруу бийлик системасы Тан династиясынын башкаруу аппаратынын үлгүсүндө уюшулган. Балким, Шибоцюй Ачжандын Кытай империясына жасаган визит маалында эки тараптуу кызматташууга ылайык кыргыз жаштары Кытайдан окуп, алар кыргыз өз өлкөсүнүн башкаруу бийлик аппаратын Кытай империясыныкындай уюштурса керек.
Кара-Кыргыз Автономиялык областтык Кеңештин I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 27-март күнү ишин баштаган.

Курултайга область аймагынан 135 делегат чакырылып, алардын 81-кыргыз, 29-орус калгандары башка калктардын өкүлдөрү болушкан. Областтык Кеңештин Уюштуруу курултайында «Кара-Кыргыз автономиялык областынын жобосу» талкууга алынып, делегаттар Автономиялык уюмдашуунун башкаруу бийлик түзүлүшүнө өзгөртүү киргизиш үчүн пикир алмашышкан.

Областтык жобону, тактап айтканда Конституцияны иштеп чыгыш үчүн курамында Айдарбеков, Абдрахманов, Каменский, Султанаев жана Кизин турган атайын комиссия уюшулган. Атайын уюшулган комиссияга, Кара-Кыргыз автономиялык областы деген аталыштан «Кара» сөзүн алып, өлкө аталышы расмий түрдө Кыргыз Автономиялык областы деп жазылсын деген чечим чыгарылган.

Кыргызстан илим адамдарынын Биринчи республикалык конференциясы 1933-жылдын 27-март күнү өткөрүлгөн. Кыргызстандык окумуштуулар пролетариаттын сүйүктүү жолбашчысы жана Советтер Союзунун биринчи илим адамы Сталинге жалындуу салам жолдоп, тап душмандарына каршы ырайымсыз күрөш жарыялай тургандыгын билдиришкен.

Кыргыз обком партиясынын кезектеги IX пленуму 1937-жылдын 27-март күнү ишин аяктаган. Кыргызстандык коммунисттер ВКП (б) Борбордук комитетинин февраль-март пленум чечимдерин талкуулашкан. Пленумда обком партиянын жаңы биринчи катчысы К. М. Аммосов сөз сүйлөп, улуутук кадрларга көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүш зарылчылыгын белгилеген. Пленум чечимине ылайык Орозбеков менен Эсенамановдор обком партиянын бюро мүчөлүгүнө кайра алынган.

Чуулгандуу 2005-жылкы шайлоодон кийин куралган Жогорку Кеңеш 27-март күнү экинчи жыйынына чогулган. Жыйынга Жогорку Кеңеште жаңы парламентке шайланган 69 депутаттын 53 депутаты катышып, биринчи жыйынга келбеген депутаттар мамлекеттик ант беришкен. Жаңы шайланган парламенттин экинчи жыйынына №1 Университет шайлоо округунан депутаттыкка шайланган Бермет Акаева, №8 Түндүк округунан шайланган Жыргалбек Сурабалдиев, №57 Кемин шайлоо округунан депутаттыкка шайланган Айдар Акаев жана башка ондон ашуун депутаттар катышкан эмес.

Л. П. Бериянын кылмышкерлерди актаган «айтылуу 1953-жылкы амнистиясы» 27-март күнү ишке ашырылган. Миңдеген кылмышкерлер бул күнү жаза өтөгөн түрмөлөрдөн бошотулган. «Бериянын амнистиясы» кылмыш жазасын эске албай жасалгандыктан миңдеген жанкечтилер эркиндик алып, алар коомдук тартипке жана адамдардын бейпил турмушуна эбегейсиз терс таасир тийгизген.
Бүгүн искусство күйөрмандары Эл аралык Театр күнү белгилешет.

Театр күнүн өткөрүү чечими Эл аралык театр институтунун 1961-жылкы IX конгрессинде кабыл алынган. Майрамдык саамалыкка «калктар арасындагы ынтымак-ырашкерчиликти арттырып, бүткүл дүйнөнүн чыгармачыл адамдары ортосундагы кызматташууну жаратат» деген ишеним артылган. Изги саамалык Кыргызстанда да колдоо таап, өлкөнүн искусство күйөөрмандары ар жылы Эл аралык театр күнүн өткөрүп келишет. Анын негизги себеби, театр күнү бул жалаң эле сцена чеберлеринин эмес, ал миллиондогон көрармандардын майрамы.

Америка Кошмо Штаттарынын Аскердик-деңиз флоту 1794-жылдын 27-мартында курулган.
Англия менен Франция 1854-жылдын 27-март күнү Россияга каршы согуш жарыялашкан. Ошентип Кырым үчүн согуш операциясы башталган.

Америка Кошмо Штаттарында 1855-жылдын 27-мартында керосинге патент алынган.

Атактуу немец физик-экспериментатору Вильгельм Конрад фон Рентген 1845-жылдын 27-март күнү жарык дүйнөгө келген. Вильгельм Конрад фон Рентген рентген нурун ачып, анын кубулушун изилдеген. Илимпоздун илимий ачылышына ылайык нур рентген аталышын алган. Рентгендин илимге сиңирген эмгегине ылайык ал физика тармагы боюнча биринчи Нобель сыйлыгын алган.



XS
SM
MD
LG