Орусиянын “Луч” киностудиясынын продюсери Леонид Биц Кыргызстандын Ысык-Көл аймагында 2009-жылы тасмалаштырган “Чыңгыз хандын ак булут” тасмасынын алгачкы сценарийи “Бишкекфильм” киностудиясынын продюсери Каныбек Дүйшөналиев тарабынан жазылып, кыргыз театрларында коюлуп жана аны тасмалаштыруу идеясы Чыңгыз Айтматов менен биргеликте 2001-жылы көтөрүлгөн.
Фильмге демөөрчүлүк эткен Орусия Маданият жана маалымат министрлиги да кезегинде Айтматовдун кайрылуусу менен тасманын чыгымын көтөрүүгө макул болгон.
Каныбек Дүйшөналиев анын сценарийи Биц аркылуу орусиялык сценарист Владимир Брагинге өткөрүлүп, ал да өзүнүн кошумчаларын кийирип, Каныбек Дүйшөналиевдин сценарийиндеги окуялардын 50 пайызы аталган тасмага пайдаланылганын, бирок авторлордун бири катары эсептелбей калганын маалымдаган болчу.
Бет ачардын алдында “Чыңгыз хандын ак булут” тасмасынын режиссеру Сергей Тарасов буларды айтты:
- Албетте кино жаратуу абдан азаптуу иш. Фильм Чыңгыз хан тууралуу эмес, сүйүү, анын улуулугу жөнүндө. Сүйүүсүз жашоонун кызыгы канчалык? Муну кезегинде Айтматов да белгилеген. Мага кыргыз актерлору менен иштөө абдан жакты. Алар менен келечекте да иштешем го.
Автордук укугунун бузулганына келише албай, өз оюн коомчулукка билдирген кинорежиссер Каныбек Дүйшөналиев чыгармачылык иштер менен Баткенге жөнөп кеткендиктен, анын жубайы, Москвадагы ГИТИСтин бүтүрүүчүсү, бул иште башынан бирге иштешип келаткан Доктуркан Дүйшөналиева бет ачар алдында чыгып сүйлөдү:
- Ушундай сценарийди, андагы биздин эмгекти Леонид Биц мырзанын баалабаганы өкүнүчтүү. Биз бул ишти Айтматов менен бирге баштаган болчубуз. Биц мырза биз менен Айтматовдун көзү тирүүсүндө абдан жакшы сүйлөшкөн. Каражат бөлүнсө деле эмнегедир ишти баштабай кармап туруп алды. Айтматов каза болгондон кийин 2009-жылы Биц мырза өзүнүн чыгармачыл тобу менен Кыргызстанга келип, бирок бизди четтетип койду. Мына ушундай мамиле бизди ызалантып жатат.
Андан ары “Азаттыктын” “Дүйшөналиевдердин таарынычына эмне деп жооп берер элеңиз” деген суроосуна Леонид Биц:
- Мен сиздерге интервью берүүнү каалабаймын. Сергей Тарасов жазып жатат, ашык сөздүн кереги жок.
Фильм 14 күндүн ичинде шашылыш тартылган. Бирок ага карабай, адистеринин пикиринде, кыргыз актерлорунун ролдорду жогорку деңгээлде ойногону – фильмдин деңгээлин көтөрө алган.
Тасмада Чыңгыз хандын ролун Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаев, ошондой эле Кыргыз Эл артисттери Табылды Актанов жана Эгемберди Бекболиев ойногон.
Чыңгыз хандын кеңешчисин ойногон Эгемберди Бекболиев да тасманы биринчи ирет көрүп отурат. Көрүүчү катары өз пикирин мындайча билдирди:
- Чынында фильм шашылыш тартылган. 14 күндө тартылган, аралашып жүрбөдүкпү. Бирок мен мынчалык деңгээлде болот деп ойлогон эмесмин. Менимче, кыргыз актерлорунун мыктылыгы фильмдин деңгээлин көтөрүп кеткен, шашылыш тартылганына карабай.
Ал эми режиссер Болот Шамшиев тасма чала, аракеттер толук көрүлбөй иштелген деген пикирде:
- Бул тасманы эми монголдорго көргөзбөш керек. Алар көрсө эмне дейт? Чыңгыз хандын отурган боз үйүн, кийимдерин карагылачы... Абдан жупуну. Минтип эптей салбаш керек эле.
Коомдук ишмер Юруслан Тойчубеков Дүйшөналиевдерге карата, “менин чыгармамды уурдап алышты” деп кинелеп жаткан Каныбек Дүйшөналиев бүгүн бул жерге келип, эл алдында оюн айтса болмок деген пикирде:
- Эми бул жерде Айтматовдун чыгармасына карата бир топ эле сценарий жазылышы мүмкүн да. Аларда жалпы окшоштук болот баары бир. Анан эле бул меники деп талаша берген болбойт го деген ойдомун.
Тасмада Доглан менен Эрдененин сүйүүсүн тыңчыларга билдирип койгон Алтундун ролун Айжан Байжиева ойногон. Айжан – чыгармачыл жубайлар Шайкүл Алсеитова менен Мар Байжиевдин кызы.
- Албетте апам менен атам ролду ойношума жардам берип жатышты. Бирок мен өзүм да ошол тарыхый окуяга кирүүгө аракеттендим.
Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” тасмасында Сагындын ролун ойногон Тынтык Абылкасымов “Чыңгыз хандын ак булутунда” Арасандын ролун ойногон.
Тынчтык Абылкасымовдун апасы Үрүниса айым тасмадагы уулуна кыйла түйшөлүп алган:
- Уулума канжар сайылган жерди көрүп, муундарым калчылдап жаман болуп кеттим.
11-июнда Бишкекте “Ала-Тоо” кинотеатрында жана Кыргыз кино үйүндө Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булут” чыгармасы боюнча орус кинематографисттери тарткан көркөм тасманын бет ачары өттү.