Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүү өткөн айдын аягында токтогону белгилүү. Буга адвокаттардын жана айыпталуучулардын сот Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүч менен Ысык-Көл облустук сотуна кайрылышы себеп болгон.
Облустук сот алардын өтүнүчүн четке каккан чечимин чыгарып берген. Мурда кабарлагандай, айыпталуучулардын адвокаты Азимбек Бекназаров облустук жана шаардык соттун чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко 7-ноябрда кайрылган.
Мыйзам боюнча Жогорку сот арызды карап, чечим чыгарып бермейинче жергиликтүү сот ишти кароону улантууга акысы жок, деп белгиледи “Азаттыкка” Азимбек Бекназаров:
-Ишти эртеңкиге дайындап салыптыр. Биздин эмне үчүн деген сурообузга Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиеванын катын көрсөтүп, негиздеп атышат. Ал кат аркылуу 23-октябрда бүткүл Кыргызстандагы жергиликтүү сотторго “ишеним көрсөтпөө боюнча арыздар каралып бүтүшүн күтпөй эле, ишти териштирүүнү уланта бергиле” деп көрсөтмө берген.
Азимбек Бекназаров өзүнүн кайрылуусун Конституциялык Сотко жана Жогорку Кеңешке өткөн жумада жолдогонун кошумчалады.
“Сотко ишеним көрсөтпөө өтүнүчү менен жарандар Жогорку сотко кайрылууга укуктуу” деген чечимин Конституциялык сот 23-июнда чыгарып берген. Буга да адвокат Азимбек Бекназаровдун мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчү Аскердик сот тарабынан четке кагылганына байланыштуу кайрылуусу негиз берген болчу.
Азимбек Бекназаров Жогорку Сот төрайымы Конституциялык Соттун бул чечимине башкача түшүндүрмө берүүгө укуксуз деп белгилеп, анын жергиликтүү сотторго берген көрсөтмөсү мыйзамга канчалык төп келерин чечмелеп берүүсүн өтүнүп, Конституциялык Сотко жана Жогорку Кеңешке кайрылган:
-Конституциялык соттун чечимин Консот өзү гана чечмелеп, түшүндүрмө бере алат. Ал эми Жогорку Соттун төрайымы чечмелөөгө укугу жок. Ошондуктан, биз Конституциялык Сотко: “Сиздердин чечимди Жогорку Соттун төрайымы “ушундай түшүнгүлө” деп көрсөтмө берүүгө укугу барбы” деген суроо менен кайрылдык.
Азырынча ЖК менен Конституциялык Сот Азимбек Бекназаровдон эч кандай арыз-кайрылуу түшпөгөнүн кабарлоодо. Конституциялык Соттун аты-жөнүн атагысы келбеген кызматкери ноябрь айынын ичинде А. Бекназаровдон эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Ушундай эле маалыматты парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш комитетинен да бизге маалымдашты.
23-июль күнү Балыкчыда 23 киши “президенттик шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык кылган” деген айып менен камакка алынышкан. Алардын үстүнөн соттук териштирүү сентябрдан бери жүрүп келе жатат.
Мурдагы сот жараяндарында көрсөтмө берген айрым жабырлануучулар тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, айыпталуучуларга дооматтары жоктугун билдиришкен, ал эми айыпталуучулар аларга айып милиция тарабынан негизсиз коюлгандыгын айтып чыгышкан.
Ошондой эле ишти териштирип жаткан Балыкчы шаардык сотунун судьясы Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөй тургандыгын бир нече ирет айыпталуучулар жана адвокаттар биллдиришкен. Адвокат Сартбай Жайчыбеков буга чейинки жараяндар соттун адилет боло албастыгын ачыктап койду, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:
-Мурдагы жараяндарда биз мамлекеттик айыптоочу болуп турган Д. Дооронбаевге ишеним көрсөтпөй турганыбызды билдирип, сотко кайрылганбыз. Ал биздин өтүнүчтү четке кагып, ал эми ошол эле прокурордун соттук териштирүүгө коомдук жактоочу болуп катышып жаткан Топчубек Тургуналиевди четтетүү тууралуу өтүнүчүн дароо канаттандырып берген. Мындан тышкары соттук тергөө учурунда шайлоо комиссиясынын төрагасы өзүнүн арызынан баш тартканын расмий түрдө билдирген. Сот муну дагы эске алууга тийиш эле. Бирок соттон адилеттик күтүүгө мүмкүн болбой калды.
Балыкчы окуясы боюнча ишти териштирип жаткан сот Б. Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч Жогорку Сотко берилгенине карабай, 24-ноябрь күнү Балыкчы шаардык соту бул ишти кароону улантмакчы. Адвокаттардын белгилөөсү боюнча сот ишти карап, чыгарган чечими баары бир мыйзамсыз болуп эсептелет.