Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Исмаил Исаков: Президент К. Бакиев сотко келсин


"Президент Курманбек Бакиев Конституциянын кепили катары менин тагдырыма кайдигер карабашы керек" деп билдирип, мамлекет башчынын сотко келип көрсөтмө беришин суранды экс-министр Исмаил Исаков. Республикалык Аскер соту Исаковдун сунушун кабыл алган жок.

И. Исаковдун билдиргенине караганда мамлекеттин карамагындагы батирди мыйзамсыз алып алгандыгы боюнча кылмыш иши экинчи ирет козголуп отурат. Биринчи жолку козголгон бул ишти курамында кылмыш жок деген негиз менен ошол кездеги башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана ошол кездеги аскер прокурору Нурлан Турсункулов жаап, ал боюнча башкы командачы, президент Курманбек Бакиевге маалымат берген. Исаков жана анын тарапкерлери кылмыш иштин кайра козголушуна кандай жагдай түрткү болгонун аталган тараптардан билүүнү көздөөдө.

"Ал эми президент Курманбек Бакиев Конституциянын кепили катары менин тагдырыма кайдигер карабашы керек",- деп билдирди сотто экс-министр Исаков.

Исмаил Исаков уулуна мамлекеттин батирин мыйзамсыз ыйгарган деген негиз менен 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын апелляциялык арызын Аскер Соту 10-февралдан бери карап жатат.


И. Исаков: Президент К. Бакиев сотко келсин
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG