Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Т. Акеров: Эл аралык коомчулукка маалымат бир беткей берилип жатат


Саясат таануучу Табылды Акеров Эл аралык коомчулукка Кыргызстандын түштүгүндө жалаң гана өзбектерге зомбулук болуп жатат деген бир беткей маалымат тарап жатат деп эсептейт.

Ошондой эле ал эл аралык комиссия алып келүү, эл аралык полиция күчтөрүн киргизүү өңдүү сунуштар Кыргызстанга Россиянын таасирин чектөө максатында жасалып жатышы мүмкүн дейт.

-HRW уюму түштүктөгү окуяда шектүү деп кармалган өзбек этносундагы адамдарды тартип коргоо кызматкерлери ур-токмокко алып зомбулук көрсөтүп жатканын айтууда. Мына ушуга сиз саясат талдоочу катары кандай баа бересиз. Чындыгында эле биздин тартип коргоо органдарынан ушундай зомбулук кетип атабы?

- Менимче бул жерде маалыматты аша чаап эл аралык коомчулукка билдирип жаткандай. Биринчи күндөрдөн тарта эле кыргыздар өзбектерди уруп-сабап же болбосо дагы башка зомбулуктарды көрсөтүп атат дегендей сүрөттөрдү жана маалыматтарды аябай көп берип келе жатышат. Бул бир беткей маалымат деп эсептеш керек, себеп дегенде кыргыздар өздөрү тоолук эл болгондон кийин өзүнүн короо-жайын карабай көпчүлүгүндө туугандарына кетип калышкан.

Алар үйлөрү өрттөнгөнүнүн бардыгын тең көп ачыкка чыгарган жок. Өздөрү айылдын четине кетип калышты, ал эми өзбек тарап болсо ошону ачык көрсөтүп чек аранын жанына топтолуп, ушундай негизде атайын дайындалган англисче билген котормочу балдарды коюп коюшуп, чет өлкөлүк журналисттерге же укук коргоо уюмдарына бир беткей маалыматты берип жатышты.

Эл аралык коомчулукта пикир жаратууга аракет кылышты. Бир жагынан бул жерде акырындык менен Кыргызстанга Американын же башка чет өлкөлөрдүн таасирин чектөө маселеси турду десек болот. Себеп дегенде Югославиянын урашында дагы ушундай болгон. Эл аралык уюмдардын бардыгы барып алып, бир беткей маалыматтарды таратып, ошонун аягында Югославия мамлекети кулаган эле.

-Түштүккө ЕККУ полиция күчтөрүн киргизүү маселеси коюлуп атат, ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул маселе эң биринчиден бир максатты көздөп коюлуп атат. Орусия же болбосо Казакстандын, КМШ өлкөлөрүнүн таасирин Кыргызстанга азайтып, КМШдагы башка өлкөлөргө да ушундай тартипте полиция же аскер киргизип таасир берип турабыз деген максатты көздөп жасалып атат десек болот.

Бул жерде дагы бир коркунучтуу маалыматтар тарап атат, АКШ учактарды учуруп кондурган үчүн талиптер менен иштешип, аларга кандайдыр бир деңгээлде акча төлөп турат экен деген. Демек булар ИДУ же башка уюмдар менен Кыргызстан үчүн кандайдыр бир деңгээлде чогуу иштеши мүмкүн деген кооптонуу бар.

-Ал эми түштүктөгү окуяларды иликтөө боюнча эл аралык көз карандысыз комиссия түзүү маселеси коюлуп атат. Эгерде эл аралык көз карандысыз комиссиялар текшере турган болсо, туура иш болобу?

- Менимче көпчүлүгүндө бир беткей жыйынтык чыгарылышы мүмкүн, себеп дегенде булардын көздөгөн максаты бир. Экинчиден, мындай комиссиялар Кыргызстандын өкмөтү түзгөн комиссия текшерип жыйынтык чыгаргандан кийин анын жыйынтыгына жараша текшерип чыгабыз деп айтыш керек эле. Булар батыраак комиссия түзүп, текшерүүлөрдү жүргүзсөк деген максатты көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG