Убактылуу Өкмөт башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси Өмүрбек Текебаев өлкө аралаш башкаруу системасын башынан кечиргендигин белгилеп, алар элге сунуш этип аткан Баш мыйзамдын долбоору мамлекетти жыйырма жылга созулган созулган үй-бүлөлүк башкаруудан биротоло куткараарын жарыялады:
- Экинчиден, мындай жышаан оппозицияны кыйла демдендирет. Чындыгында, ал турган бийликке теңата саясий күчкө айланат. Албетте, бул дагы жетишсиз. Ошон үчүн биз Баш мыйзамдын чегинде бир катар маанилүү кызматтарды оппозицияга ыраа көрүүнү тууура таптык. Ошентип, парламенттеги оппозиция накта элдик көзөмөл милдетин аткаруусуна аракет кылабыз.
Бул аралыкта Оштогу «Демократия жана адам укугу» борборунун директору Идирис Кубатбеков утурумдук Өкмөт жарандарга жалгыз долбоорду таңуулап жаткандыгына каршы экендигин билдирди:
- Бүгүнкү Конституциянын долбоорунан мен теңтайлашуучулукту байкаган жокмун. 2005-жылы Бакиев бийлиги үч вариантты: президенттик, парламенттик жана аралаш системаны бүткүл элдик талкууга алып чыгышкан. Учурда андай тандоого жана түшүнүшүүгө жол таппай олтурабыз.
Ал эми түштүк борборундагы отузга чукул жаштар уюмдарынын башын бириктирген кеңештин төрагасы Шайлообек Атазовдун пикиринче, шашылыш түрдө талкууланып жаткан долбоор эгерде референдумга атаандашы жок коюлса, ушунун өзү өлкөдө парламенттик диктатуранын орношуна ыңгай жаратаары шексиз.
- Бул ирет дагы Жогорку Кеңешке үч-төрт партиянын өкүлдөрү барчудай. Пулу жок же тизменин алдыңкы сабына кирбеген чыныгы элдик лидерлер калып кетчүдөй. Биз ушундан катуу чочулап атабыз. Эгерде өзгөртүлбөй турган Конституция жаратыш үчүн кур дегенде эки ай талкууласак жарашмак, - деп кейиди Шайлообек Атазов.
- Талкууланып жаткан Конституциянын өзөгүн 1993-жылкы Баш мыйзам түзөт. Анын тегерегиндеги талаш-тартыш саясий чөйрөдө 2005-жылкы март ыңкылабынан бери кызуу жүрүп келатат. Тилекке каршы, бийлик менен оппозициянывн ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөн улам бул долбоор убагында колдоо тапкан эмес. А чынында ушул идея жүзөгө ашаар бекен деп жыйырма жылдан ашык күттүк. Мына, буюрса, тилегибиз жүзөгө ашканы калды, анда эле өлкөдөгү диктатуранын доору бүтөт, - деп «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Кадырбек Сарыков жогорудагыдай ойго таптакыр кошулган жок.
Сөз талашкан коомдук ишмер Рахима Матраим кызы Убактылуу Өкмөт курамы өздөрү катышкан 2005-жылдагы ыңкылаптын катачылыктарын азыр деле башкача өңүттө кайталап жаткандыгын эске салды:
- Менимче, президенттикине кошуп депутаттарды да кол тийгистигинен ажыратыш керек. Себеби, мурдагы шайлоолордо өмүрүндө китеп окубаган, мыйзам эмне экенин түшүнбөгөн бизнесмендер өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын коргоо максатында мандатты сатып алышты. Алар элдин укугун эч качан коргогон жок. Биз дал ушундай Бакиевдик режимден кутулганыбыз менен алкынган алты партиянын лидерлерине тутулдук. Эми парламенттик шайлоо дагы таза өтөөрүнөн күмөнүм бар. Мени кабатыр кылганы: мындан ары аймактардын таламын ким талашат?
Кепти улаган шаардык «Ош шамы» гезитинин башредактору Тургунбай Алдакуловдун айтымында, түштүк башкалаасынын жаштары президенттик башкарууну жактаган долбоорун жумушчу топко сунуш этишкен, бирок ал талкуунун жүрүшүндө каралбагандыгына курбалдаштары абдан нааразы.
- Убактылуу Өкмөттү ээлеген партиялар учурда өдөрүнө ыңгайлуу шарттарды жаратуу менен алек. Булар арасынан бирөөсүн президент кылаарына көзү жетпегендиктен, аргасыздан элге парламенттик системаны таңуулап жатышат. А ырасында, мурунку Конституциялардын биринде дагы айып жок. Биздин оюбузча, министрлер кеңсесин президент башкарганы оң. Ал Өкмөттүн ишине бүтүндөй жооп берүүгө тийиш! – деди Тургунбай Алдакулов.
Талкуунун жүрүшүндө утурумдук бийликтин айрым жетекчилери алардын долбоору эл тарабынан колдоо таппаса, кызматтарын токтоосуз тапшыраарын жар салышты.
- Биз бүгүнкү системага альтернатива сунуштап атабыз. Эгерде биздин долбоор референдумда өтпөй калса, анда Убактылуу өкмөттүн курамы толук бойдон кызматыбыздан кетебиз, анткени, эл бизге ишеним арткан жок деп түшүнөбүз, - деди Убактылуу Өкмөт башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси Өмүрбек Текебаев.
Андан мурдараак Ош шаардык кеңешинин депутаттары чукул жыйынга чогулуп, жаңы Башмыйзамга карата өз көз караштарын айтышты. Кыргыз парламентинин жарымы партиялык тизме менен түзүлүшүн, калгандары бир мандаттуу округдардан шайланышын талап кылышты. Алар мындай эреже өкүм сүрбөсө, өлкөдө аймактардын кызыкчылыгы көңүл сыртында калаарын баса белгилешти.
Арийне, Убактылуу Өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев мындай пикирге макул эместигин ачыктады. Анын ырасташынча, парламенттик башкаруунун тушунда жалгыз партиянын үстөмдүгүнө жол берилбейт. Мындан тышкары шайлоолордо үч пайыздан ашыгараак добуш топтогон саясий уюмдарга да Жогорку Кеңештен орун ыйгаруу жагы караштырылууда.