“Агым” гезити, Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров түн уйкусунан калып, жүрөгүнө аш баспай калганын, анткени Ак үйдүн 7-кабатында анын тагдыры чечилип, жумуштан четтегени калган имиш деп, Баш прокуратура жаңырган жылдан кийин бир катар чиновниктерге кылмыш ишин козгойт деген кабар угулду.
Алардын катарында Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы деректири Пайзуллабек Рахманов бар деп, Баткенге жаңы эле губернатор болуп барган Айтибай Тагаевге каршы жергиликтүү элди тукурган күчтөр пайда болуп: “Сыйың менен креслону бошот!” деп опузалашыптыр деп кабар таратты.
“Омордун “Омон” тобу кантип пайда болду?” Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Абдрахман Алымбаевдин макаласы ушинтип аталып, жазуучулардын басылбай келаткан чыр-чатагы тууралуу кайрадан сөз козгоп, макаланын аягында ал: “Биз силерди ынтымакка келгенге, биригип иштешкенге чакырабыз. Мындан артык кадыр-баркыбызды дагы кайда түшүрөбүз, эсибизге келели!” деген сөздөр менен аяктаган.
“Пресс kg” гезити журналист Үсөн Касыбековдун “Буйлалаган төө” аттуу макаласына орун берди. Макалада башкаруу реформасына байланышкан ойлор, шоркелдей Консититуция, “Ата Мекен” партиясы, Өмүрбек Текебаев, Исках Масалиев тууралуу сөз болот.
Ушул эле гезит редакциясы “Жылдын чыккынчысы ким?” деген ат менен макала басты. Анда “Кайсы бир гезит Молдомуса Коңгантиевди “Жылдын мыкты министри” деп тапты... Башкаларды коелу, журналист журтучулугунун өзүндө эле канчалаган калемгерлерди сабап, коркутуп, бычактап, өлтүрүп койгон кылмыштар болду. Мунун баарынын эле бети ачылып, кармалган жок же заказ бергендердин аттары аталбады. Бул жагынан алганда журналисттер тилектештик үчүн болсо да Конгантиевди жогорку даражадагы сыйлык-наамдарга көрсөтпөөлөрү керек эле” деп жазып, Конституцияны бузгандарды, элдин жонунан кайыш тилген ар кайсыл деңгээлдеги атка минерлерди, шайлоону бурмалаган жанкечтилерди, губернаторлор менен акимдерди, министрлер менен депутаттарды, сотторду жана башкаларды “Жылдын чыккынчылары” деп атагандыгын жар салды.
Окурмандар “Айат пресс” гезитинен журналист Олжобай Шакирдин Америка жараны Ричард Хевитт менен маегинин уландысын окуса болот. Өзүн кыргызча Ырысбек деп атап алган Ричард жандүйнөсү Теңирчиликке жакындыгын, анткени бул ишеним кыргыздын байыркы ата-бабаларынын ишеними экендигин, анын тереңдигин “Боз үй” деп китеп жазып, ошол аркылуу кенен кеп кылганын, айтылуу Тибеттин ары жагындагы “Манас паркына” чейин барып, айкөлдүн энергиясынын жардамы менен өздөрүн Бакайдын балдарыбыз деп санаган Индиядагы Куки уруусундагы адамдарга жолугуп, баарлашканын баяндап берген.
“Эл сөзү” гезити ЖК төрагалыгына шайланган Зайнидин Курмановго карата ой-пикирлердин топтомун окурмандарга сунуштады.
Бегиш Ааматов: - Бизде мыйзамдуу Конституция жок, демек парламент да, спикер да, өкмөт да мыйзамсыз. Мадумаровбу, Тагаевби, Курмановбу же Текебаевби, баары мыйзамсыз спикерлер. Эгер эртең Нарын дайрасы Израилге берилип кетсе да ага таң калуунун кереги жок. Анткени мыйзамсыз бийлик мыйзамсыз иштерди жасай берет.
Темир Сариев: - Зайнидин Курманов билимдүү, окумуштуу, укук таануу боюнча чоң адис.
Мирослав Ниязов: -Жогорку Кеңеш элдин кызыкчылыгын коргой албай калды.
Иса Өмүркулов: - Зайнидин Курманов эне тилин толук билбейт.
Касым Исаев: - Бакиевдин тегерегинде түз жүргөн, түз сүйлөгөн, кемчиликти бетке айткан бир да жетекчи жок.
Исках Масалиев: -Эч кандай пикир айталбайм.
Мукар Чолпонбаев: - Ал ханзааданын командасындагы адам.
Өмүрбек Текебаев: - Акжолчулардын ичинде тыңыраагы ушул адам. Ал эми саясый пландан караганда өз алдынча фигура боло албайт.
“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын “Камбар Атадагы жардыруу жакшылыктын жарчысы болду” деген макаласы менен ачты. Журналист Бекбай Алыкуловдун “Улуттан уруучулукка кайтабызбы?” аттуу макаласын жарыялап: “Уруу-урууга бөлүнүү артка тарткандык, арабызда кыргыз болгусу келбегендер, кыргыз болуп калганы үчүн өкүнүп, арданып жүргөндөр чыгып жатат. Эмне үчүн? Себеби жаңы муун өкүлдөрү өз улутунун өткөнүн, каада-салтын, касиет-наркын билбей өсүп, орус тилдүү бала бакчаларда, орус тилдүү мектептерде тарбия алгандар, кыргыз болуп туулуп киргизге айланып кеткендер” деп жаны кашайды.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти Кубатбек Табалдиевдин макаласы “Тарых эстелигинин тонолушу – акыл-эсибиздин жоголушу” деп аталат. Баяндамачы Папан Дүйшөнбаев макаласын тарифтердин кымбатташына арнады.
“Назар” гезити “Жылдын адамы” деп саячсатчы Аликбек Жекшенкуловду атады жана ага байланыштуу макала жарыялады. Эмгек ардагери, Ысык-Көлдүн Кайрыма – Арык айлынын тургуну Сартбай Дубанбай уулунун баяны “Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт” деген ат менен жарык көрдү.
Карыя мугалим сөз тамырын тартып келип: “Узунубуз үзүлүп, кыскабыз сүзүлүп, туңгуюкка тушуккан каар заман кайдан келди?” деп суроо коюп, кайра ага өзү жооп кылып: “Кошоматчы, жагымпоз, кудайдан жөө качкан, ушакчы кыянатчылардын доораны сүрүп турган кез. Өзү келген эркиндиктин наркын жеткире түшүнгөн ою терең, өрүшү кенен, улут дегенде ичкен ашын жерге койгон жеттик, каны таза, айтканынан кайтпаган кашкөй жетекчилерден арабөк калганыбыз арман күүгө айланды” деп зар какты.
“Жыл мыктыларын” атаган “Назар” гезити – “Жылдын акыны” катары кара кылды как жарган, булактай тунук, тоодой бийик ырлары менен калк жүрөгүнөн түнөк тапкан таланттуу акын Тургунбек Бекболотовдун ысымын атады.
Ал эми “Жылдын маалымат каражаты” наамына “Азаттык” үналгысы аталды.
“Алиби” гезити “Бардык бийлик Бакиевдерге!” деген рубрика алдында публицист Кален Субановдун “Уран кендери бийликти өзгөртүүнүн жолубу?” деген макаласын сунуш кылды. Макалада бийликти алмаштыруу үчүн акча жыйноонун ар кандай айла-амалдары талдоого алынган. Автор акыркы мезгилде президент К. Бакиевдин саясый потенциалы азайгандан азайып баратканына, ал мындан кийинки 3-мөөнөткө баралбасына, ошон үчүн азыркы жасалып жаткан конституциялык өзгөртүүлөрдүн баары баласы Максим Бакиев үчүн жасалып жатканына токтолуп: “Албетте буга Жаныш Бакиев башында турган күч түзүмдөрү жол бербегенге аркет кылат. Ошондуктан бөтөн улуттардын, биринчи кезекте орустардын күч түзүмдөрү жана акча кожоюндары, биринчиси Максимдин багытын колдоого алса, экинчиси Жаныш Бакиевдин багытын колдоого алат. Акча ээлери жетиштүү деңгээлде акча чогула баштаганда саясый кепилдик алуу үчүн Жаныш башында турган күч түзүмдөрүн пайдаланышы мүмкүн. Себеби Максим канчалык көкүрөгүн көтөрбөсүн, жыйналган акчаларды мыйзамдуу формага келтирип, алардын коопсуздугуна кепилдик бере албайт.. Мындай мүмкүнчүлүк Жанышта гана бар” деп жазды.