Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Аксыдагы оппозиция президент К. Бакиевди тааныбайт


Аксыдагы жыйын
Аксыдагы жыйын

3-августта Аксыда өткөн жыйын К. Бакиевди президент катары тааныбоо жөнүндө кайрылуу кабыл алды.

Аксы районундагы Топ-Жаңгак айлындагы жыйынга бүгүн Жалал-Абат облусунун бир нече райондорунан топтолгон жарандар катышты. Жыйында президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолду, ошондуктан ал легитимсиз деген баа берилди.

БЭКтин борбордон келген өкүлү, адам укугун коргоочу Сартпай Жайчыбеков чогулгандарга 23-июлда жер- жерлерде катталган мыйзамсыздыктар жана эл аралык уюмдардын шайлоого берген баасы тууралуу кеп курду. Ал өз сөзүндө шайлоочулардын укугун коргоо максатында нааразылык акциясына чыккан адам укугун коргоочулар менен айрым саясатчылар кармалып, соту далилсиз өткөнү менен алар камоолорго жана айып пул төлөөгө кириптер болгонун мисалга тартты.

Арпа, Аксай өрөөндөрүндө темирдин жүз жылдык кени бар экендигин, бажы жана чек ара бекеттерин ичкери жылдырып ийген кыргыз бийлиги шайлоо болгон үчүн гана ал кемчилигин мойнуна алгандыгын, Таш-Көмүрдөгү кремний заводунун өнүмдөрү менен төрт жыл ичинде өлкөнүн тышкы карызынан кутулса болоорун билдирди. БЭКтин талапкери А.Атамбаев президенттик шайлоодо утту делгени менен элдин берген добуштары жер-жерлерде көпчүлүк тарабынан корголбой калгандыгын белгиледи:

-Азыр шайлоо таза өттү дегенге болбойт. Муну бир эле кыргыз эмес, чет өлкөдөн келгендер дагы бул шайлоо таза эмес, укук бузуу менен өттү деген жыйынтыкка келди. Бир эле шайлоого элдин катышуусу эмес, шайлоо кодекси административдик ресурс менен президент Бакевдин пайдасына жазылган деген жыйынтыкка келишти алар. Бүгүн Барскоондо, эертң Нарында, Бишкекте тынымсыз биздин Аксы окуясындагыдай болгон элдин нааразычылыгы боло берет. Ал канчалык деңгээлде көтөрүлүп өрткө айланып кетет, мен так айта албайм. Аны саясатчылардан сурагыла.

Жыйын суроо - жооп иретинде өтүп, шайлоочулардын соболдоруна С. Жайчыбеков менен БЭКтин Аксы, Чаткал, Ала-Бука, Таш-Көмүр аймактарындагы бөлүмүнүн координатору Кадыркул Өмүрбеков жооп берди:

-Алмаз Атамбаевге нечен ишти кылдык, аракетти түндүр-күндүр кылдык. Бирок Бакиев өзүнүн «Ак Жолу» менен, өзүнүн жигиттерин камдап жасап алды.

Нурбек Анарбаевдин ою боюнча талапкерди жеңишке жеткирүүгө БЭКтен да мүчүлүштүк кетти:

-Карапайым калкка таянып коюшту. Кыргызстандын баардыгы толукталган, толукталбаган маалымат боюнча дагы колдоп берди. Ошонун жемишин алалбадыңар, БЭКтин начар иштегендигинен эмеспи?

Жыйын бир нече кайрылууларды бир добуштан кабыл алды. Кыргыз калкына болгон кайрылуу менен тааныштырган оппозициялык уюмдун өкүлү Кубаныч Маматкеримов ийгиликке жеткендер өз кемчилигин акыры бир күнү сезишеерин, одоно мыйзам бузуулар менен өткөн президенттик жарыш үчүн коомчулук кийинки муундарга уят болоорун билдирди:

-Баарыңыздарга маалым болду. Эң өкүнүчтүүсү, бул шайлоонун кыргыз элине бүлүк салган, мамлекетибиздин жаратылыш байлыктарын талап-тоноого жол ачкан, келечеги кан жыттанган репрессиялык коркунучтуу коомдун башталышы болуп калуусу күтүлүүдө. Ушундай кырдаалда сиздерге кайрылар элем, бул шайлоодо биз утулган жокпуз.


Экинчи бир кайрылууда БЭКтин талапкери А.Атамбаевге ыраазылык айтылып, Аксы аймагындагылар аны дайыма колдоого алышаары тууралуу жар салынды. Бишкек шаары менен Чүй боорундагы шайлоочуларга жасалган кайрылууда А.Атамбаевди коргоого жана колдоого чакырык жасалды.

БЭКтин Аксы аймагындагы өкүлү Эсенгазы Жаңыбаев К. Бакиевди президент катары тааныбоо жөнүндө, анын өзү менен Жогорку Соттон, Башкы прокуратурадан жана Ички иштер министрлигинен БЭКтин мүчөлөрүнө, адам укугун коргоочуларга жана саясатчыларга карата куугунтуктоону токтотууну талап кылган кайрылууну окуп берди:

- Биз 23-июль күнү өткөн шайлоону шайлоо деп таппайбыз жана муну президенттигин легитимсиз деп эсептеген үчүн биз президентке дебей жөн эле Бакиевге деп жазып койдук. Кайрылуу: - Президенттик кызмат үчүн болгон шайлоонун жыйынтыгы өтө одоно бузулгандыктан, кыргыз элинин калыс укугу үчүн күрөш жүргүзүп келген калыс сүйлөп, чындыкты бетке айткан, силердин түрмөңөрдөн коркпогон Топчубек Тургуналиев, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Асия Сасыкбаева, Гүлнар Жоробаеваларга, БЭКтин мүчөлөрүнө саясий куугунтуктоолорду, камоолорду токтотууну талап кылабыз. Биз аксылыктар 23-июль 2009-жылы Кыргызстанда таза шайлоо болбогондуктан Бакиевди Кыргыз Республикасынын президенти деп эсептебейбиз жана президент катары тааныбайбыз. Аксы аймактык БЭКтин мүчөлөрү.

«Азаттык» менен пикирлешкен Ноокен районундагы имамдардын бири Маман Жакшыбаев президенттик шайлоо таза өтүп, көпчүлүк добуш менен утуп чыккан К. Бакиевге оппозиция дайыма тоскоолдук кылып келаткандыгын угузду:

- Албетте, мындай митингге чогулуштун эч кимге кереги жок. Баардыгы таза өттү, көрүп турдук шайлоо болгон жерде. Бакиевге элдин бардыгы добуш берди. Оппозиция иштетпей эле пикет, көтөрүлүш кылганга аракет кылып атат. Эң негизгиси бизге тынчтык керек. Канчалык тынч болсо, ошончолук бизге жакшы болгону турат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG