Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

А.Бекназаров: Жаштарды саясатка аралаштыруудабыз


Оппозициячыл 14 партия жана коомдук уюмдарды өзүнө камтыган БЭК аттуу саясий партия түзүлдү. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Азимбек Бекназаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Партия кандай максат менен жана эмне үчүн түзүлдү? Сиз партиянын лидерисизби?

Азимбек Бекназаров: Партиянын лидерин жаштар аныктайт. Жакында жаштар ушул партиянын биринчи курултайын аныктап, ошол жерден лидерлерин да аныктап алат. Биз Бул партияларга түз жол, кеп кеңеш айткан аксакал мүчөлөрүнө киребиз.

- Бул партия кандай максат менен түзүлдү?

Азимбек Бекназаров: БЭК үй-бүлөлүк башкаруу системасын Кыргызстандан жок кылуу боюнча 3-4 жылдан бери күрөшүп келди. 7-апрелде миңдеген жаштар БЭКтин максатын колдоп, үй-бүлөлүк башкарууну кан төгүү жолу менен алды. Ошондуктан Кыргызстан жаңы жолго түшүп, жаңы заман курабыз деп жаңы башкаруу формасын тандап алды.

Ошого байланыштуу биз да сүйлөшүп, БЭК деп жаңы партия түзүп, Кыргызстандын келечегине жаңы, жаш саясатчыларды пайда кылалы деп атабыз. Мекенчил болуп, элдин биримдиги үчүн келечекте өзүнүн жолун башка күчтөргө тарттырбай, мамлекеттин бүтүмдүгүн сактап калуу максатын коюп ушуларды жаштардын партиясы кылып алдыга салдык.

- Бул партия келечектеги парламенттик шайлоого катышабы?

Азимбек Бекназаров: Катышат. Бүгүн өздөрү “биз парламенттик шайлоого катышабыз” деп жарыялады.

- Эгер ушул парламенттик шайлоого катышкысы келсе эмне үчүн мурда саясатта жүргөн өнөктөштөрдүн биринин партиясына киргиси келбей жатат? Себеби партиялардын санынын көп болуусу сапаттык деңгээлде камсыз кыла албайт деген ойлор көп айтыла баштады?

Азимбек Бекназаров: 20 жылдан бери баягы эле саясий партияны менчиктештирип алгандай болуп көп саясатчылар жүрөбүз. Тизмесин карасаң ичинде бир да жаштар жок, “келечек жаштардыкы, жаштар үчүн кам көрөлү” дейбиз. Мына жаштарыбыз чет өлкөдө иш кылып, көр тиричиликтин айынан жүрөт. Эмне үчүн ушул жаштарды саясатка жаңы муун кылып алып келсек болбойт? Ушул максатта БЭК жаштардын партиясы болсун, жаштар саясатка келсин, Кыргызстанга жаңы идея, жаңы адамдар, жаш муун келсин деген максат менен бир топ партияларды бириктирип, ар бир партиянын жаш канаттарынан каалагандар келип киришти.

Бизге окшоп 20, 10 жылдап жүргөн саясатчылар аксакалдык кылып, жол берип, жаштарыбызды келечекте мамлекеттин туусун жерге түшүрбөй, мамлекеттин бүтүндүгүн бекем кармай турган кылып, баш көз болуп берели деп саясатка салып атабыз.

- Ушундай эле максат менен мурдагы вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов “Республика” деген жаштар партиясын түздү. Аны менен атаандаш болбойбу?

Азимбек Бекназаров: Өмүрбек Бабанов, көп партиялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп бир топ партиялар азыр жаралып атат. Жакында жер ортосу деп Суусамырга барып, бир топ партиялар биригүү тууралуу сүйлөшөбүз. Эгерде Бабановдун партиясы биригип, биз менен барам десе биз эч кимге каршы болбойбуз.

Бирок ал “Республика” партиясы менен азыркы биз түзүп аткан партиялардын адамдык курамында айырмалар бар. Бизде мурда саясатка аралашпаган, мамлекеттик бийликте жүрбөгөн таза жаңы муундарды алдыга салып атабыз. Өмүрбек Бабановдун партиясында ар кайсы партияда, бийликте жүргөн айрым жаш саясатчылар бар. Алар биригип, бул жаштарга баш, көз болуп, агасы катары жол көрсөтө алат.

XS
SM
MD
LG