Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

26-август: Тарых барактары


Д. А. Медведев 2008-жылдын 26-август күнү Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таануу туурасында жардыкка кол койгон.
Д. А. Медведев 2008-жылдын 26-август күнү Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таануу туурасында жардыкка кол койгон.

Кыргызстандын түндүгүндө жашаган айрым уруулардын Орусия империясынын курамына кабыл алынышы аймактагы саясий маанайды түп тамырынан өзгөрткөн. Мурда мындай өнөктүктөн шек санаган уруу башчылары эми империяга кириш үчүн өздөрү аракет кылып, орус аскер жетекчилиги менен мамиле курууга жетишкен.

Заилийск аймагындагы аскер командачысы, полковник Циммермандын билдирүүсүнө караганда, орус аскерлери 1860-жылдын 26-август күнү Чу өткөөлүн кечип, Токмокту карай багыт алышкан. Токмоктогу чептен алар менен сүйлөшүү жүргүзүш үчүн эки адам келген.

Кыргыз областтык ВКП (б)сы 1932-жылдын 26-августунда «Мугалимдердин айлык маянасы боюнча карыздар жана аларды камсыздоодо орун алган өксүктүктөр туурасында» Токтом кабыл алган. Партия Обкому буга чейин мугалимдердин айлык маянасына байланыштуу кабыл алынган чечимдер аткарылбай келгендигин белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жаңы окуу жыл башталганга чейин алардын муктаждыгын чечүүгө жардамдашууга чакырган.

Акын жана жазуучу Жоомарт Бөкөнбаевдин «Ким кимдин ырын ырдайт» аттуу макаласы «Советская Киргизия» гезитинин 1933-жылдын 26-август күнкү санына жарыяланган. Макалада байыркы баатырлар менен дастандык каармандарды даңазалаган эски ырлар ордуна, эмгек-ударниктеринин жетишкендигин жар салган жаңы ырларды жаратуу зарылчылыгы белгиленет. Ж. Бөкөнбаев замандаш акындарга байыркы баатырлар дей бербей, андан көрө Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинин биринчи катчысы жолдош Бауман туурасында чыгарма жараткыла деген чакырык таштаган.

Өз маалында Орто Азиядага жападан-жалгыз адистешкен дүкөн эсептелген «Миң түркүн» соода түйүнү 1978-жылдын 26-август күнү миллионунчу кардарды тейлегендигин билдирген. Миллионунчу кардарга электр самоор белекке берилип, атайын күбөлүк тапшырылган.

Кыргызстан менен Кытай Элдик Республикалары ортосундагы чек ара маселесин тактоо узак жылдарга уланып, акыры талаш участкалар боюнча эки тарап консенсуска келишкен. Айрыкча Үзөңгү кууш аймагы боюнча өзүнчө келишим долбоору даярдалып, кыргыз-кытай чек ара маселесинин чечилишине жол ачылган. Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзянь Цземиндин Кыргызстанга жасаган сапары маалында, 1999-жылдын 26-август күнү аталган келишимге кол коюлган. Адистердин айтымында, Үзөңгү кууш боюнча жетишилген келишимдин натыйжасында Кыргызстан менен Кытай ортосунда орун алган 150 жылдык чек ара талашына чекит коюлган.

Айтылуу полководец Гай Юлий Цезарь б.з.ч. 56-жылдын 26-августунда Британияга чабуул жасаган.

Батышка оогон сельжуктар 1071-жылдын 26-август күнкү Манцикерттеги салгылашта Византиялык аскерлерди жеңишкен.

Англис королу Эдуард III аскерлери 1346-жылдын 26-август күнү Крессиде өткөн салгылашта француз королу Филиппа VI армиясын жеңүүгө жетишкен.

Англис королу Эдуард III 1346-жылдын 26-августунда биринчи жолу Европада пушканы жана чарк айланган тоголок ядрону колдонгон.

23 жаштагы Микеланджело 1498-жылдын 26-августунда Римдеги ыйык петрдун соборуна айкелдерди жасоого макулдугун берген.

Нюрнбергдеги 1542-жылдын 26-август күнкү келишимге жараша Лотарингия Германиядан бөлүнүп эгемендик алган.

Витус Беринг 1728-жылдын 26-августунда Азия менен Американы бөлгөн кысыкты ачкан. Мындан улам ал Беринг кысыгы деген аталышты алган.

Европадагы буржуазиялык укуктун орношуна негиз салган Франциядагы адам укугу туурасындагы Декларация 1789-жылдын 26-августунда кабыл алынган.

Африка континентиндеги биринчи эгемендик алган мамлекет Либерия Республикасы эсептелинет. Либерия 1847-жылдын 26-августунда өз алдынча мамлекет түптөп, анын өрнөгү боюнча Африкада эркиндик күрөшү башталган.

Ниагара шаркыратмасында курулган гидроэлектростанция 1895-жылдын 26-августунда ачылган.

Совет бийлиги 1918-жылдын 26-августунда театрларды улутташтырган.

Бүткүл союздук Аткаруу Комитети жана РСФСР Совнаркомунун 1920-жылдын 26-августундагы Декретине ылайык Казак АССРи уюшулган.

Америка Кошмо Штаттарындагы аялдардын шайлоолордо добуш беришине жол ачкан Конституциянын 19-түзөтүүсү 1920-жылдын 26-августунда кабыл алынган.

Владимир Маяковский 1927-жылдын 26-августунда Ялтадан Москвага телеграф аркылуу жаңы бүткөргөн «Хорошо!» поэмасын айтып берген.

Шотландиянын Пейсли шаарындагы кафеден 1928-жылдын 26-августунда имбир пивосун ичкен Мэй Доногхью идиштин түбүндө үлүл жүргүнүн көрүп чуу чыгарган. Кардар дароо өндүрүшчүлөрдү сотко берип, акыры ал Англиянын Жалпы укук тарыхында олуттуу орун ээлеген «Доногхью Стивенсонго каршы» аталган чоң чуулганга айланган.

Советтик жазууучулардын I съездинде Осоавиахимдин өкүлү 1937-жылдын 26-август күнү «Советтик жазуучу атканды билиш керек» деп сөзүн жыйынтыктаган.

Советтер Союзунда континент аралык баллистикалык ракета ийгиликтүү сыналганын ТАСС агенттиги 1957-жылдын 26-август күнү билдирген.

Советтик диссиденттер Андрей Сахаров менен Александр Солженицын 1968-жылдын 26-август күнү жолугушуп, өлкө өнүгүшүн өзгөртүү зарылчылыгына токтолушкан.

Мюнхенде өткөрүлгөн XX жайкы Олимпиадалык оюндар 1972-жылдын 26-август күнү ачылган.

Грузия парламенти 2002-жылдын 26-август күнү Шериктештик Мамлекетер Биримдигинен чыгуу туурасында чечим кабыл алган.

Түштүк Африка Республикасында 2002-жылдын 26-август күнү Жер саммити ишин баштаган.

Орусиянын президенти Д. А. Медведев 2008-жылдын 26-август күнү Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таануу туурасында жардыкка кол койгон.
XS
SM
MD
LG