Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

5-август: Тарых барактары


«Фольксваген 2» унаасынын миллионунчу чыгарылыш салтанаты 1955-жылдын 5-август күнү өткөн.
«Фольксваген 2» унаасынын миллионунчу чыгарылыш салтанаты 1955-жылдын 5-август күнү өткөн.

«Сталиндик темир жолчулардын күнү» 1945-жылдын 5-августунда белгиленген. Кыргызстандык транспортчулар бул күнү «улуу машинист, революциянын локомотиви жолдош Сталинге» берген анттын жыйынтыгын чыгарышкан. Кыргызстандык транспортчулардын майрамдык рапортунда бийик тоолуу Быстровка-Рыбачье темир жолунун курулушу бүткөнү кабарланган.

Түрк тилдүү калктардын жаштар курултайы 1995-жылдын 5-август күнү Ысык-Көл кылаасында өткөрүлгөн. Түрк тилдүү өлкөлөрдөн чогулган жаштар биримдик куруу максатында жыйын курушуп, жаштар проблемасы тегерегинде пикир алмашкан.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2004-жылдын 5-август күнү Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин коргоо министрлери жана аталган уюмдун жооптуу катчысы Николай Бордюжа менен жолугушкан. Жолугушуу маалында коопсуздук келишими тарабынан уюштурулган уюмга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн «Чек – 2004» машыгуусуна жогору баа берилген. «Чек -2004» машыгуусу Балыкчы шаарынын жанандагы Мамыр гүлү тоосунда өтүп, аскерлер тоолуу шартта чабуул коюу жана коргонуу тактикасын келиштиришкен.

Хантеңир чокусуна чыгууга белсенген чет өлкөлүк альпинисттер тобу 2004-жылдын 5-август күнү кырсыкка кабылган. Таңга маал жүргөн кар көчкү Орусия, Украина жана Чехия мамлекеттеринин альпинисттеринен куралган топтун лагерин басып, кар алдында калган 11 адамдын өмүрү кыйылган.

Кыргыз-түрк өкмөт аралык жыйындын 4-кеңешмеси 2006-жылдын 5-августунда соңуна чыккан. Жыйында соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана туризм багыттарында кызматташууну өнүктөрүү маселеси талкууланган.

Кыргыз калкынын куту эсептелген Таластагы Манастын Кароол Дөбөсүнө байланышкан 2007-жылдын жай айында башталган казуу иштери коомчулуктун кескин нааразычылыгын жараткан. Айрым саясий партиялар менен коомдук уюмдар Кароол Дөбөдөн эсепсиз казына издеген беймаалым адамдардын мындай «ишкердигин» кыргыз калкынын куту жана рух дөөлөтүнүн сыймыгы Манаска каршы жасалган вандалдык аракет катары баалашкан. «Манас» ордону коргоо кыймылы 5-август күнү казуу иштерине президенттик администрациянын жооптуу кызматкерлери жана мамлекеттик жетекчилер катышып жаткандыгын белгилеп, президентти Манас ордонун абалы менен таанышып кетүүсүн талап кылышкан.

Кыргызстан элдер Ассамблеясынын V Курултайы 2006-жылдын 5-августунда өткөн. Курултай ишине өлкө аймагынан чогулган 800 чамалуу делегат катышып, Ассамблеянын жетекчилигине Т. Рахманов дайындалган.

Чех табориттери 1420-жылдын 5-августунда «прагалык 12 статья» аталган программаны жар салышкан. Табориттер ашыкча дөөлөт, ыйманбезерлик жана иконага сыйынууну токтотууну талап кылышкан.

Англис деңиз сүзүүчүсү Х. Жилберт 1583-жылдын 5-августунда Ньюфаундленд аралын Британиянын менчиги деп жар салып, ал жерге биринчи турак-жай кура баштаган.

Испандык деңиз сүзүүчүсү Хуан де Айала «Сан Карлос» кемеси менен биринчи жолу Сан-Франциско кысыгына 1775-жылдын 5-августунда кирген.

Францияда 1789-жылдын 5-августунда крепостнойлук укук жоюлган.

Британия менен АКШны кошкон телеграф кабели 1858-жылдын 5-августунда Атлантика океанынын астына төшөлгөн. Ханыша Виктория АКШ президенти Жейм Бьюкенен менен сүйлөшүп, бири-бирине алар мындан аркы ийгиликтерди каалай тургандыгын билдиришкен.

АКШ президенти Авраам Линкольн жан башына киреше салыгын (800$ ашкандар үчүн 3 % киреше салык) киргизүү туурасындагы жардыкка 1861-жылдын 5-августунда кол койгон.

Жованни Донати 1864-жылдын 5-августунда биринчи жолу кометанын спектрин байкаган.

Нью-Йорктогу Бедлоу аралында орун алчу Эркиндик айкелинин пайдубалына биринчи таш 1884-жылдын 5-августунда коюлган.

Украин тилиндеги биринчи «Америка» гезити 1886-жылдын 5-августунда АКШда жарык көргөн.

Британия 1890-жылдын 5-августунда Мадагаскарды Франциянын менчиги экендигин тааныган.

Америкалык Дейтон шаарында (Огайо шт.) дүйнөдөгү биринчи радио аркылуу башкарылчу унаа 1921-жылдын 5-августунда ийгиликтүү сыноодон өткөн.

Одессанын 1941-жылдын 5-августунан – 1941-жылдын 16-октябрына чейин 73 күнгө уланган каармандык коргонуусу башталган.

Улуу Ата мекендик согуш маалындагы 124 куралдан 12 залп берилген биринчи жеңиш салюту 1943-жылдын 5-августунда жасалган.

Григорий Федотов 1948-жылдын 5-августунда Советтер Союзунун чемпиондук оюнунда 100 гол киргизген биринчи футболчу болуп калган.

«Фольксваген 2» унаасынын миллионунчу чыгарылыш салтанаты 1955-жылдын 5-август күнү өткөн. Немис ишкерлери «Фольксваген» унаасы үчүн «Ал сенин үй-бүлөңдүн мүчөсү» деген ураанды колдонушкан.

СССР калктарынын I Спартакиадасынын ачылыш салтанаты 1956-жылдын 5-августунда өткөн.

Цейлондогу тамиль тили 1958-жылдын 5-августунда мамлекеттик расмий тил макамын алган.

ГДР 1961-жылдын 5-августунда Варшава келишимине кирген өлкөлөрдөн Батыш Берлиндин “чагымчыл ишкердигине каршы” чара көрүүнү өтүнгөн.

Советтик «Марс-6» 1973-жылдын 5-августунда космоско чыгарылган.

Бельгия 1980-жылдын 5-августунда тилдик айырмага ылайык үч автономдук провинцияга бөлүнгөн.

Эл аралык астрономдор тобу 2000-жылдын 5-августунда жаңы планетанын ачылганы тууралуу кабарлашкан. Жаңы планета коңшулаш жылдыз системасындагы Эпсилон Эриданды айланып учары белгиленген. Илимпоздордун айтымында, жаңы жылдыз газдан туруп, анын көлөмү Күн системасындагы эң чоң жылдыз эсептелген Юпитерден ири экендиги малым болгон.
XS
SM
MD
LG