Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Өзбекстан Ханабаддагы окуяны дале кыргыз тараптан көрүп жатабы?


Өзбек президенти Ислам Каримов өткөн жекшембиде Анжыянда болгон учурда 26-майдагы жардыруу, ок атышууну уюштурган кылмышкерлер Кыргызстандан өтүп барган өңдүү дегендей сөз айтты. Жергиликтүү айрым серепчилер муну өзбек өлкө башчысынын кызуу кандуулугу менен түшүндүрүп, кыргыз-өзбек мамилеси чыңалып баратканын каңкуулоодо. Ал арада Батыш маалымат каржаттары Ооганстандан кыркка чукул согушчан Фергана өрөөнүн көздөй багыт алганын кабарлап жатышат.

Өзбек президенти Ислам Каримов 31-майда Анжыян шаарына барып, өзбек чек арачылары менен жолугушуусунда жардырууларды уюштурган куралчандар Кыргызстан тараптан өтүп келди деген маанайда сөз айтты.

- Чек арадан күнүгө ары-бери өтөбүз. Тынччылык болсо, бизди урматтап турушса кана?! 26-майда болгон окуяларды “тиги” тараптан келгендер уюштурду. Ачык асман, тынчтык болуп турса, чек ара керек болот беле? Тилекке каршы биз өзүбүздү коргоого мажбурбуз. Аларга кимдир бирөө четтен көмөк көрсөтпөсө, алар эч нерсе кылбастан күтүп жата берет. Качан кимдир бирөөлөр кандайдыр жардам берсе, же болбосо убада кылса ошондо гана кыймылдап калышат.

Кыргыз бийлиги болсо Өзбекстандын Ханабад шаарындагы жардырууну уюштургандар Кыргызстандын чегинен өтүп барган, деген расмий Ташкендин жүйөөсүн четке кагып келет.

Борбор Азия боюнча серепчи Леонид Бондарец акыркы кезде кыргыз-өзбек алакасы чыңалып бара жатканын белгилеп, муну Өзбекстандын тышкы саясатындагы өзгөрүүлөр менен байланыштырат:

- Алар атайылап жумурткадан кыр издеп, эки өлкө арасында чыр-чатак чыгаргылары келип жаткандай сезилет. Чек айылындаы окуяларды эске салалы. Өзбекстан дайым Кыргызстан менен Тажикистан гидроэлектростанцияларын курбашы керек деп айтып, муну саясатка айлантып жатышы менимче, бул Өзбекстандын тышкы саясатына байланыштуу болуп жатат. Бул - өзбек жетекчилигинин тышкы саясаттта багытын өзгөртүп, Батышка ык коё баштаганына байланыштуу болуп атат.

Стратегиялык талдоо жана баалоо институнун директору Сергей Масаулов болсо Каримовдун акыркы билдирүүлөрү кызуу кандуулук менен айтылган деп баалайт.

- Менин оюмча, бул - Өзбекстандын ички маселелерине байланыштуу. Өзбекстандын калкынын бараандуу бөлүгү азыр социалдык-экономикалык проблеманы баштан кечирүүдө. Орусияда, Казакстанда жүргөн мигранттар дүйнөлүк каржы кризисине байланыштуу жумушчу орундарынан кескин кыскарып жатат. Башкача айтканда ушу тапта Өзбекстанда көйгөй жетиштүү болуп турат. Мына ушундай абалда кызуу кандуулук менен жанагыдай билдирүүлөр жасалышы мүмкүн.

Сергей Масауловдун пикиринде, Ханабад менен Анжыяндагы окуяларга Өзбекстандын ичиндеги эле жашыруун партизандык кыймылдын тиешеси бар. Кыймыл мүчөлөрү күрөшүүнүн партизандык ыкмасын тандап алышкан өзбек жарандарынан турат. Радикал исламчылар активдешкен Ооганстан жана Пакистандагы азыркы кырдаалдан улам Өзбекстанда да “чээнде” жаткан мындай топтор активдеше баштады.

Стратегиялык талдоо жана баалоо институнун директорунун маалымдашынча, 2001-жылдан тарта биринчи жолу Ооганстан тараптан согушчандар тобу кайрадан Борбор Азияга бет ала башташты. Мындай шартта эң ириде Өзбекстан сыяктуу өлкөлөргө басым жасала баштайт.

Бул арада айрым батыш маалымат каражаттары ооган полициясына шилтеме берип апрель айынын соңунда Ооганстандан кыркка чукул согушчан Фергана өрөөнүн көздөй багыт алганын белгилеп жатышат. Серепчилер божомолуна таянсак, согушчандар тогуз жолдун тоому делген, Тажикистан, Өзбекстан жана Кыргызстандын чек аралары кесилишкен Баткенге сапар алышты.

Кыргызстандын бул эки өлкө менен чектешкен Баткен облусунун аймагына мындан тогуз жыл илгери өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы атаган куралчан топ кол салып, айыгышкан салгылашуулар жүргөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Кыргызстанга бет алган куралчан топтор тууралуу эч кандай маалыматы жок экендигин билдирүүдө. Бул мекеменин Өзбекстандагы соңку окуяларга эмне себеп болгондугу тууралуу да кошумчалай турган маалыматы жок.

XS
SM
MD
LG