Айрым бир маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өнөкөт алкоголь оорусуна чалдыкккандардын саны 35 миңден ашканы айтылууда. Бейөкмөт уюмдардын маалыматына караганда, аракка берилген адамдардын көпчүлүгүн жергиликтүү улуттагы отуз беш, кырк жашка чейинкилер түзөт. Ичимдиктин кесепетинен нечендеген үй-бүлөлөрдүн ынтымагы бузулуп, ата-энесиз калган өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө.
«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсайра Рыскулованын айтымында, акыркы мезгилде аракка берилген жаштар көбөйүп баратканы коркунучтуу:
- Биздин борборго кайрылгандардын 65 пайызы үй-бүлөсүндө бирөө-жарымдын алкоголь оорусуна чалдыгып, ар кандай зордук-зомбулук көргөндөр. Арактын кесепетинен үй-бүлөлөр бузулур жатат. Акыркы мезгилде ичкилик ичкен жаштардын саны өсүүдө. Алар пивону көп ичишүүдө. Ал арак ичкен менен эле барабар. Бул - улуттун генефондуна терс таасирин тийгизет.
Бүбүсайра Рыскулова белгилегендей, мамлекет улуттун генефондун сактап калам десе алкоголь ичимдиктерин ичүүгө каршы атайын программа иштеп чыгып, бул маселеге жалпы коомчулуктун көңүлүн буруусу зарыл.
Республикалык наркологиялык борбордун билдиргенине караганда, арак ичимдиктерине берилген, өнөкөт алкоголь оорусуна чалдыккандардын көпчүлүгү кыргыз улутундагылар, алардын дээрлик бардыгы бөйрөк, жүрөк, боор, ашказан, уйку без дарты менен жабыр тарткандар. Арактын кесепетинен инсульт болгондордун саны өсүп, алардын жашы кырктын тегерегинде же кырк жашка чейинкилер.
Жогорку Кеңештин миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, «акжолчу» депутат Зиядин Жамалдинов коомдо алкоголь ичимдигине берилегендер деле байкалбастыгын, бул маселе аталган комитетте көтөрүлбөгөндүгүн билдирди.
Ал эми парламенттин жаштар, гендердик саясат боюнча комитеттин төрага орун басары, «Ак жол» фракциясынын депутаты Чолпон Абдуллаева болсо акыркы мезгилде арак, маң заттарына берилген жаштардын саны өсүп баратканына тынчсызданат:
- Өкмөт бул маселеге бөгөт коюуу үчүн, биринчиден жаштарды иш менен камсыз кылуусу абзел. Экинчиден, түшүндүрүү иштерин, алкоголдун терс жактарын чагылдырган, анын зыяны тууралуу үгүт иштерин жүргүзүү зарыл. Үчүнчүдөн, Улуттук телеканалдан бул жаман өнөкөт жөнүндө социалдык роликтерди көрсөтүү керек.
Чолпон Абдуллаеванын билдиришинче, спирт ичимдиктерине, маң заттарына берилгендердин көпчүлүгү иши жок, үй-бүлөсүн бага алышпагандыктан улам депрессияга учурагандар. Анын үстүнө аткезчилик жол менен таза эмес спирттен чыгарылган арзан арактар ичкен адамдардын ден-соолугун бузууда.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, премьер-министр Данияр Үсөнов «Кыргыз Республикасында алкоголь продукцияларын сатууну жөнгө салуу боюнча чара көрүүнү күчөтүү» жөнүндө 2007-жылдагы өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип 30-октябрда кол койду.
Анда «алкголь продукцияларын сатуучулар 18 жашка толо элек өспүрүмдөрдүн паспортун же документтерин талап кылганга укуктуу. Паспорттун ордуна аскер билетин, айдоочунун күбөлүгүн көргөзүүгө да болот. Бул токтом кол коюлгандан тарта он беш күндөн соң күчүнө кирет.