Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Ошто гумжардамга кол салуулар болууда


Ош шаарында тополоңдон жабыркаган элге гуманитардык жардам таратылууда, 14-июнь.
Ош шаарында тополоңдон жабыркаган элге гуманитардык жардам таратылууда, 14-июнь.

Ошто жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев шаарда кырдаал бир топ турукташканы менен ок атуулар дале токтобой жатканын, гумжардам тарткан унааларды кандайдыр бир топтор жолдон эле тосуп алып жаткан учурлар бар экенин айтат.

- Жанарбек, адегенде жалпы абалды сүрөттөп кетсең, көчөлөрдө элдер барбы, талап-тоноочулук уланып атабы?

- Негизинен бүгүн күндүзү абал бир топ турукташканы айтылган эле. Бирок мындан жарым саат мурун (17:40) Калинин көчөсүндө кайрадан ок атышуу болуп, белгисиз адамдар аскерлерге ок атып, борбордук көчө кайрадан жабылып, негизинен келген гуманитардык жардамдар дагы бул көчө аркылуу Батыш кичи районуна өтө албай калганы айтылууда. Ал эми талап-тоноочулук боюнча айта кетсек, бүгүн күндүз талап-тоноочулук дээрлик болгон жок. Себеби көптөгөн дүкөндөр буга чейин эле таланып-тонолгон. Ал эми базарларда, борбордук көчөлөрдөн таланып-тонолбой калган дүкөндөрдүн ээлери жүктөрүн өздөрү чыгарып алып кетип жатышат.

- Гуманитардык уюмдун бир өкүлү Оштогу аэропортто гумжардамды кезектеги бир топтон коргоо аракетин көрүүдөбүз деп жазыптыр. Буга караганда элге жөнөтүлгөн жардамга да кол салуулар болуп аткандай?

- Албетте кол салуулар болуп жатат. Маселен, гумжардам келе жатканда эле шаардын кире беришинде бир топ адамдар тосуп алып, картошкабы, унбу, баары талап-тонолгон учурлар бар деп азыр облустун бийлигинин бир өкүлү «Азаттыкка» билдирди. Негизинен Ноокат, Баткен жактан келген гуманитардык жардамдар кире бериштеги Батыш кичи районунан өтпөй калып жатат. Көптөгөн адамдар гумжардамды көбүрөөк алып калып, аны кайра карапайым элге, наны, уну жок отурган адамдарга кымбат баада саткан учурлар кездешип атат. Маселен, кечээ жана бүгүн эртең менен картошканын баасы 50-60 сомго чейин көтөрүлгөн болчу. Шаар жана облус бийлигинин кийлигишүүсү аркылуу бүгүн картошканын баасы 10 сомго түштү. Тамеки, же алкоголдук ичимдиктер дүкөндөн өз баасына сатып алган учурда дагы кайра сыртта 2-3 эсе кымбат баада сатылып жатат.

- Ошондой шылуундарга чара көрүлүп жатабы?

- Чара көрүлөт деп телеканалдар, жергиликтүү ММКлар аркылуу айтылып жатат. Бирок азырынча эч кандай чара көрүлө элек. Бул жерде учурда аскер адамдары дагы жетишсиз болуп жатат.

- Адамдар курал өткөрүп берип жатышат деген бир маалыматтар пайда болду эле. Бул жөнүндө кабарың барбы?

- Курал өткөрүп берүү боюнча биз жаңы эле шаар коменданты Курсан Асановдон интервью алган элек, өткөрүп берүүлөр аз болуп жатат деди, негизинен мыйзамсыз курал алып жүргөндөрдөн өзүбүз тартып алууга аргасыз болуп жатабыз дешти. Албетте эки тараптуу кагылышуу болбосо дагы куралчан, өзгөчө мас адамдар түн ичинде ок чыгарышып, элдин үрөйүн учурган учурлар көп кездешип жатат. Буга шаар бийлиги да тынчсыздануу билдирип жатышат.

-Жанарбек, рахмат. Тынччылык болсун!

XS
SM
MD
LG