Жыйында белгиленгендей өлкөдө дин үгүтү башаламан. Дин эркиндиги сакталгандыктан бийликке жетүүнүн амалын издеген саясий-диний уюмдар ээн-эркин иш жүргүзүүдө. Бөлөк динди тутунгандардын саны көбөйүүдө.
Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров өлкө бүтүндүгүн чек арачылар каармандык менен сактап жаткандыгын, динге жамынып партия түзгөндөр Ата журтка чындап күйгөн болсо, чек араны кайтарууга чакырды.
Анын айтымында турмуш жаман болсо, кабат-кабат үйлөр салынбай, көчөлөргө автоунаа батпай, 500-600 адам катышкан тойлор болмок эмес. Ал декабрда саясий акцияларды өткөрөрү күтүлгөн мурдакы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун соңку ишмердигин да сындап өттү:
-Парттия түзө койгон кишилерди да түшүнбөйм. Турсунбай Бакир уулу мусулмандардын биримдиги дейт. Мусулмандардын биримдигин бириктире албайт. Мусулмандардын биримдиги курамы менен биримдик. Ачык айтпайбы менин саясий дымагым күчтүү, мен кандайдыр бир деңгээлге жетишим керек, мен бийлик үчүн күрөшүп атам деп.
Кыргызстанда жашыруун жүргөн «Хизб-ут-тахрир» партиясы 56 жыл мурун Арабстанда куралган. Анын 13 жылда халифат курам деген максаты ишке ашкан жок. Расмий катталбаган бул уюм дин эркиндигине шек келтирүүдө.
Ноокаттагы окуяга аялдардын аралашканы туура эмес болду. Тыюу салынган партиянын андагы мүчөлөрү улут аралык жаңжалдарды чыгарууга да аракет кылышкан. Алардын бийликке кыр көрсөтүшүнө калыс сөздөрүн айтпаган имам-молдолор, жергиликтүү калк да кайдигер болгон.
Муфтий Мураталы ажы Жуманов «Исламды боштондукка чыгарабыз» деген партиянын түпкү максаты башкада экендигин туюндурду:
- “Хизб-ут тахрир” динге жамынып адамдардын башын айландырып, азгырып атат. Бул партиянын негизги максаты халифат. Халифатты өздөрү да түшүнбөйт атат, халифат деген эмне.
Облуста диний кырдаал кыйла кооптуу. Адегенде өз урук-туугандарын тарткан экстремисттик уюмдар көбөйүп, алар социалдык теңсиздикке нааразы болгон жана чала сабат, турмушу начар үй-бүлөлөр менен бөлөк улуттардын арасына да тамыр жаюуда.
Өз катарына мамлекеттик бийлик жана укук коргоо өкүлдөрүн тартуунун да амалын көрүшүүдө. Быйыл «Хизб-ут тахрир» уюмунун 15 мүчөсү жоопко тартылды, төртөө расмий эскертүү алды.
Облустагы Улуттук коопсуздук башкармасынын орунбасары Улан Тиленов өлкө бүтүндүгүнө шек келтирген экстремисттик уюмдардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуш кылды:
- Азыркы мезгилде “Акрамия” сыяктуу радикалдуу көз караштагы диний топтордун аракеттеринин жандануусу байкалууда жана кооптонуу пайда кылууда. Коомчулукка залакасын тийгизген жагдай азыркы учурда жергиликтүү калктын арасында күч алып бара жаткандыгы, ошонун натыйжасында этникалык мусулмандар менен ар түрдү христиан, баптист секталардын ортосундагы талаш-тартыштар, ар түрдү фактылар көбөйүп бара жатат.
Бийликтин саясаты менен макул болбогондор аны ачык айтууга, ар кандай акцияларга катышууга мыйзамдык жактан акылуу. Өлкөдөгү жашоонун оордугу менен жумуштун жоктугу жана турмушка зарыл маянанын жетишсиздигинен жарандар бөлөк өлкөлөргө барып иштөөгө, саясий жана экстремисттик уюмдарга кирүүгө аргасыз болушууда.
Жалал-Абат шаар тургуну Гүлзат аттуу кыздын оюнда мындай агымды турмушту жакшыртуу менен гана токтотууга болот:
- Мамлекеттин камкордугу начар болгондуктан ошол динге кирип кетип атышат. Мамлекет жакшы шарт түзүп бергенде андай болмок эмес. Партияларга, экстремисттик уюмдарга кирип аткан жаштарды көп эле угуп атам.