Президент К. Бакиев бийликке келгенде эле башкаруу тармагында өзгөртүү жасарын убада кылган. Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова ал убадалардын аткарылышына түрдүү себептер тоскоол болуп, өлкө башчысы ошол шерттерине эми киришкенин айтат.
Анын ынанымында, республиканын башчысы реформаны эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүүдө жана президенттик акимчиликтин, мамлекеттик катчынын жоюлушу туура болду:
- Мамлекеттик катчы жоюулушу эл аралык мамилелерди Тышкы иштер министрлигине жүктөө, ошолор аркылуу байланышкан бул бир системага киргенде байкалат. Биздин элдин тагдырын ойлогондон кийин президент, ал кишинин эрки.
Башкаруу чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр эл үчүн жасалып, анча-мынча жаңы адамдар менен толукталган өкмөттүн курамы бекигенин Жалал-Абадда болгон кезинде президент К. Бакиев да калк алдында кайталаган:
- 2005-жылдын 24-мартынан бери айтып келе жатабыз. Баардык деңгээлдеги жетекчилерибиз элге кызмат кылыш керек, элге жакын болуш керек, эл менен бир болуш керек. Ушул багыттарда болуп аткан реформа. Мунун дагы жыйынтыгын мен ойлойм жакын арада көрөбүз.
Бирок мындай өзгөртүүлөр менен айрымдар макул эмес. Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлмиранын пикиринде, бийликтеги алмаштыруулардан эл турмушу оңолгон жок. “Кайра министрликтер көбөйдү. Мамлекеттик менчиктин көбү жеке колдорго өтүп кеткенден кийин мүлк министрлигинин эмне кереги бар, Жалал-Абадда газ, жарык өчүп, суу токтогондо, министрлердин бирөө жооп тарттыбы? Топтолгон салыктар кайда жумшалып жатат?” деп суроо койду ал:
- Көп деле жыйынтык чыкканын көрө элекмин. Жоопкерчилик барбы, жокпу мен улуу урматтуу президентибизге кайрылып, сурагым келет. Айтып атышат, “3 министр көбөйдү” деп. Мүлк министри мисалы, Кыргызстанда мамлекеттик бир мүлк деле калган жок. Эң керектүү электр энергия, суу, “Телеком” калды эле. Аларды да менчиктештиребиз дегендей сөздөр бар экен. Алар да өтүп кетсе, анда Кыргызстанда мамлекеттик мүлк калбайт да.
«Ата Мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев кадрлык өзгөрүүлөр математикадагы орун алмаштыруудан сан өзгөрбөйт деген аныктаманы туюнтаарын күбөгө тартты. “Бийликтеги реформа эл үчүн эмес, кызматта отурган бир адамдын кызыкчылыгы, бийлиги үчүн жасалууда. Кызматка жаңы коюлгандардын келгендердин эл турмушуна таасир этерлик иш жасары, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуусу, бийликтегилердин 40 пайызы кыскарды дегенге да ишенүү кыйын. 2005-жылдан бери айтылып келаткан реформалардан натыйжа чыгары күмөн” дейт Асылбек Текебаев:
- Бардык министрлик, агенттик, мекемелердин аттарын өзгөртүп, анын жетекчилерин экинчи жакка орноштурганы менен эч кандай реформа болбойт. Реформаны Бакиев өзүнөн баштаса, ошондо элге ынанырарлык болот эле. 2005-жылдан бери биздин президент элге ар кандай убадаларды берип келет, 1-2 айга жетпей ал сөздөрдүн бардыгы жолдо калып кетип атат.
Социал-демократиялык партиянын облустагы өкүлү Нурбек Касымбеков реформанын оң сапаттарын кубаттайт. «Жаңы уюмдар көбөйүп, алардын президентке баш ийиши, маалымат каражаттарынын президентке каратылышы, социалдык агенттиктин бөлүнүп чыгуусу, майда кызматтардын ордун тактоо, өкмөттүн айрым укуктары губернаторлорго берилүүсү, кээ бир министрликтердин өкмөттөн чыгышы туура эле болду”, деген Нурбек Касымбеков өз пикирин мындайча жыйынтыктады:
- Премьер-министрдин укугу президентке өткөрүлүп берилиши биздин мамлекеттеги башкаруунун балансын жокко чыгарып жатат. Ошол эле мезгилде президенттин бийлигин күчөтүп жатат. Бул кадамдар терең иштелбей, коомдо жакшы талкууга алынбай жасалып калды.