Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Жалпы элдик добуш берүү жүрүп жатат


Бишкектин бир шайлоо бекетине добуш берүү үчүн келгендер, 27-июнь.
Бишкектин бир шайлоо бекетине добуш берүү үчүн келгендер, 27-июнь.

Кыргызстандын эли бүгүн Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн добуш берип жатышат. Саат күндүзгү үчкө карай Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө өлкөдөгү жалпы шайлоочунун 43 пайыздан ашыгы катышканын кабарлады. Убактылуу өкмөт бул референдумду өзүн мыйзамдаштыруунун жалгыз жолу катары карап жатат.

8:00 Кыргызстандын бардык аймактарындагы 2 281 добуш берүүчү жай ачылып, референдумга добуш берүү башталды. Эртең менен саат 7де БШКнын төрагасы Акылбек Сариев Улуттук канал аркылуу кайрылуу менен чыгып, бүгүн өтүүчү жалпы элдик референдум Кыргызстандын укуктук талаага келүүсүн камсыз кылуу максатында Убактылуу өкмөт тарабынан уюштурулуп жатканын белгиледи.

Референдумдун жүрүшүнө чет элдик 189 байкоочу, өлкө аймагындагы жарандык уюмдардын, саясий партиялардын 5 миңге чукул байкоочулары баам салып турганы кабарланды.

9:10 Бүгүн Ошко барган Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Ош мамлекеттик университетинде жайгашкан 5298-номурлуу шайлоо бекетинде добуш берди. Добуш бергенден кийин Роза Отунбаева бүт дүйнө коомчулугу азыр Кыргызстандагы кырдаалга көз салып турганын, референдум өтөөрүнө жана Кыргызстандын эли чыныгы демократиялык мамлекетти куруу жолунда бир максатта экенине ишенээрин журналисттерге билдирди.

10:00 Борбордук шайлоо комиссиясы саат тогузга чейин, бир сааттын ичинде референдумга өлкө аймагы боюнча 144 500 шайлоочу катышканын кабарлады. Бул көрсөткүч Кыргызстандагы шайлоочулардын 5,43 % түзөт. Референдумга катыша турган шайлоочулардын жалпы саны 2 миллион 700 миңге жакын.

10:15 Референдум өлкөнүн бардык аймактарында тынч өтүп атканы кабарланды. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, аскерлер, коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, элдик кошуундар иш алып барышууда.

Саат 10:00гө карата Жалал-Абад облусу боюнча 24 339 жаран добуш берди. Бул аталган облустагы шайлоочулардын 6 пайызына барабар. Ал эми Чүйдө саат онго карата 24 437 жаран добуш берди.

Талас облусунда эртең мененки тогузга карата 7596 жаран же шайлоочулардын 6,58 пайызы добуш беришсе, Нарын облусунда 7399 шайлоочу добуш беришкен. Ал Ош облусунда эртең мененки тогузга чейин 21 129 адам добуш берген болчу. Байкоочулар добуш берүү бекеттеринде мыйзам бузуу фактыларын каттай элек.

12:30 Саат 12ге чейин өлкө боюнча 720 миңден ашуун шайлоочу добуш бергенин БШК кабарлады. Бул көрсөткүч Кыргызстандагы бардык шайлоочулардын 26,32 пайызын түзүүдө. Пайыздык көрсөткүчтөрдү эске алганда добуш берүүдө Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарындагы жана Бишкек шаарындагы шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы добуш берди. Ош облусунда 22%, Жалал-Абадда 23%, Баткен облусунда 23% жана Нарын облусунда шайлоочулардын 27 пайызы референдумга катышты.

14:50 Акыйкатчы Турсунбек Акун Сокулукта 20-25 миң шайлоочу тизмеге кирбей калганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Сокулук районундагы дачаларда туруктуу жашап жаткан 20-25 миңдин тегерегиндеги шайлоочу тизмеге кирбей калгандыктан бул аймакка бөлүнгөн бюллетень жетпей калышы мүмкүн. Ошондуктан ал БШКга бул районго кошумча бюллетень жиберүү өтүнүчү менен кайрылды.

14:55 Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева референдумдан кийин техникалык өкмөт түзүлөөрүн айтты.

Бул тууралуу Роза Отунбаева Ош шаарында бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, эгер референдум ийгиликтүү өтүп кетсе Убактылуу өкмөттөгү бир катар лидерлер парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтарын ташташат. Ал эми Р.Отунбаева өзү мыйзамдуу шайланган президент катары шайлоо бүткөнгө чейин техникалык өкмөт түзүп, кыска аралыкта экономика үчүн кыйла жетишкендиктерге жетүүнү моюнга алат. Ошондой эле ал, эгер референдум аркылуу бийлик легитимдешип калса, өлкөнүн мыйзамдуу президенти, баш мыйзамдын гаранты катары алдыдагы шайлоонун калыс жана акыйкат өтүшүн камсыздайт.

15:20 Четте жүргөн кыргызстандыктардын добуш берүүсү боюнча алгачкы маалыматтар түшө баштады. Чет элде жүргөн кыргызстандыктардын шайлоого катышуу укуктарын камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен өлкө сыртында 38 шайлоо бекети түзүлгөн. Алардын ону Орусияда, төртөө Казакстанда, үчөө Германияда жана андан башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө бирден шайлоо бекеттери уюштурулган.

Чет мамлекеттердеги шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн баштап иштей баштады. Убакыттагы айырмачылыктарды эске алганда, Бишкек сааты боюнча 13:00гө карата Казакстан менен Орусияда жүрүшкөн кыргызстандыктар референдумга активдүү катышты.

Алматы шаарында уюшулган шайлоо бекетинде катталган шайлоочулардын 70 пайыздан ашууну добуш берсе, ошол эле шаардагы Кыргызстандын элчилигинде ачылган бекетте катталгандардын 85 пайыздан ашууну добуш берген. Ал эми Астана шаарындагы эки шайлоо бекетинде катталган шайлоочулардын 30 пайыздан ашууну добуш берген.

Орусиянын Санк-Петербург шаарында катталган кыргызстандыктардын 56,7 %, Читада 55,78 %, Екатеринбургда 41,52 %, Самарада 33,05 %, Красноярскта 18,82 %, Новосибирскте 16,02, Москвада 12,82 пайызы добуш беришкен. Добуш берүү уланууда.

16:00 Саат үчкө карата 43 пайыздан ашык шайлоочу референдумга катышканы кабарланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат борборуна аймактардан келип түшүп жаткан маалыматтар боюнча саат 15:00гө чейин Кыргызстандын аймагында 1 193 812 шайлоочу добуш берди. Алар өлкөдө жалпы добуш бере тургандардын 43,14 пайызын түзүп жатат.

17:30 Ошто коомдук-саясий кырдаал стабилдүү экенин Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов Улуттук каналдын түз эфиринде сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, 26-июнда өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардан коменданттык саат режими убактылуу алынган болчу. Эми референдум өткөн соң аны кайрадан күчүнө киргизүү маселеси каралмакчы. “Биздин дарекке коменданттык саатты кайрадан киргизүү тууралуу жарандардан кайрылуулар түшүп атат”,- дейт К.Асанов.

Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Ош шаарында иштеп аткан 82 шайлоо бекетинин коопсуздугун 386 милиция кызматкери, 200 ашуун элдик кошуундун мүчөлөрү камсыз кылышууда.

Тасмада: Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева добуш берүүгө Оштон катышты

Р.Отунбаева Ош шаарында референдумга катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00


XS
SM
MD
LG