Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Алайда генералды бошотууну талап кылган митинг өттү


Сопу-Коргондогу митинг. 3-февраль, 2010-жыл
Сопу-Коргондогу митинг. 3-февраль, 2010-жыл

Бүгүн (10-февралда) республикалык Аскер соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун адвокатынын апелляциялык арызын карап жатат. Буга байланыштуу Алайдын борбору Гүлчөдөгү стадиондо миңге чукул киши катышкан митинг өттү. Митингде генерал Исмаил Исаковду абактан бошотууну буга чейин суранып келишсе, эми аны актоону бийликтен талап кылышары айтылды.

Митингде мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун камалганын мыйзамсыз деп эсептеген алайлыктар өлкөдөгү абалга тынчсызданышып, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын сындашты. Митингдин соңунда 4 пункттан турган чечим кабыл алышты. Анда “Исмаил Исаков абактан бошотулсун, Петровка окуясы жана Балыкчыда шарттуу кесилгендер акталсын. Стратегиялык маанилүү объектилер мамлекеттин карамагында калсын. Азыркы бийлик кетсин”,-деген талаптар коюлуп, эгерде бул талаптар аткарылбаса жөө жүрүш жана башка акцияларды башташары көрсөтүлгөн.

И.Исаковду коргоо комитети кийинки кадамдары кандай болорун тактап, аныктагандан кийин билдире турган болду.

Ошондой эле нааразылык билдирген алайлыктардан кабар алышпаган жердештери каржы министри Марат Султановго, салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибековго, Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан депутаттар Ажыбай Калмаматов менен Нургазы Айдаровго нааразылык билдиришти.

И. Исаковдун акталышын талап кылган акциялар буга чейин да өткөрүлүп келген, буга байланыштуу 13-январда саясий ачкачылык жарыяланып, акцияга 100гө чукул киши катышкан.

11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду кызмат абалынан пайдаланып, министрликке тиешелүү батирди уулуна менчиктеп берген деген айып менен 8 жылга кесип, генерал-лейтенанттык чининен ажыраткан.

"Азаттыктын" архивинен: И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү

11-январда Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучу генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулду.

И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

XS
SM
MD
LG