Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Кара-Сууда кыргыз-өзбек элдешти


Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсү, 7-июль.
Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсү, 7-июль.

Кара-Суу шаарындагы сейил бакта 5 миңден ашуун киши катышкан элдешүү жөрөлгөсү өттү. Анда чыгып сүйлөгөндөр Ош кооогалаңына саясий жана укуктук баа берүүнү тездетүү, тополоң уюштургандарды токтоосуз жазалоо талаптарын коюшту.

Кара-Суу районундагы элдешүү жумалыгынын алкагындагы иш-чара Ош коогалаңында каза тапкандарга куран окуу менен башталды. Ош облус губернаторунун милдетин аткарууучу Сооронбай Жээнбеков июндагы этникалык кагылышууну ички жана тышкы чагымчыл күчтөр уюштургандыгын белгиледи:
Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсү, 7-июль

- Кыргызстандын өнүгүшүн каалабагандар адегенде элди түндүк-түштүккө бөлүп-жарып көрүштү. Мунусу колдоо таппаганда, жанагинтип кыргыз-өзбек жаңжалын тутантышты. Мен ойлойм, алар кечиримсиз күнөө кылышты.

Облус башчысы Сооронбай Жээнбеков жыйындын катышуучуларын өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга чакырды.

Кепти улаган эмгек ардагери Абибилла Абдыгапаров эки улутту араздаштырган Ош окуясына саясий жана укуктук баа берүүнү тездетүүнү талап кылды:

- Жарандарга карата зордук-зомбулук жасап, бирөөнүн укугун тебелеп-тепсеп, кемсинтип, анан “Мен кыйынмын!” деп баш көтөрүп жүргөн адам жакшы эмес. Элди талаштырып-тартыштырбастан, аталган окуяга кириптер кылган шарттарды жана себептерди ийне жибине чейин териштирип, калкка жыйынтыгын жарыя кылган оң. Ал – мамлекеттин иши.

Ошол эле учурда көп жылдар бою жетекчилик кызматтарды аркалаган коомдук жана саясий ишмер Абиджон Тажибаев жердештеринин атынан улуттар аралык тирешүүнү уюштургандарды токтоосуз жазалоону суранды:
Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсү, 7-июль

- Токсонунчу жылкы тополоңду эсиңерге сала кетмекчимин. Ошондо мен Кара-Сууга биринчи катчы катары жаңы дайындалган элем. Элибиз узакка араздашпастан, ыкчам тил табышып, бири-бирине мурункусундай ага-инидей мамиле жасап, республикада гана эмес, бүтүндөй Союзда пахтанын планын биринчилерден болуп 28-сентбрда толтурганбыз. Азыр деле болоору болду, боёсу канды. Эми тигил же бул тарап күнөөлүү дештин кажети жок. Мындан аркы кыйынчылыктарды чогуу-чараан көтөрүү милдети мойнубузда турат. Биргеликте аракеттенсек, башаламандык тыйылат, айыл-шаарлардагы бир дагы кишинин мурду канабайт.

Мындан тышкары Кара-Суу шаарынын мэри Ахматжан Рахимов июндагы кандуу калаба жумурияттагы бардык улуттарга сабак болууга тийиштигин айтып, жыйындын катышуучуларын аймактагы ынтымакчылыкты бекемдөөгө үндөдү:

- Ушул жерде, мына ушул Ата Журтубузда өзбектер жана кыргыздар миңдеген жылдар бою мамыр-жумур жашап келатабыз. Кудай буюрса, дагы ошол каада-салтыбызды улантып, Кыргызстанга жана кыргыз калкына кызмат кыла бермекчибиз. Онунчу июндан он бирине оогон түнү болгон окуяны Алланын бизге жөнөткөн катаал сыноосу сыңары эсептейбиз. Албетте, ал бизге ачуу сабак болуп калууга тийиш! Мындан ары андай жаман жорукка барбайбыз!

Өзгөчө кырдаал жарыяланган Ош аймагынын коменданты Бактыбек Алымбеков июнь тополоңун уюштургандардын айрымдары кармалгандыгын билдирип, алардын бардыгы жакын арада сөзсүз жазага тартылаарын убада кылды:
Кара-Суудагы элдешүү жөрөлгөсүнө келген эл, 7-июль

- Биз азыр тергөө амалдарын жүргүзүп жатабыз. Бирок жана мен айткандай, Ош коогалаңынын башында тургандар жана аны уюштургандар сөзсүз түрдө жоопкерчиликке чегерилет. Өзүңүздөргө маалым, мына Ош шаарынын айланасындагы айыл өкмөттөрү аймакка кыйла проблема жаратып койду. А жалпысынан Кара-Суу районунун эли тынчтыкты кармап калдыңыздар. Сиздер ынтымактуу болбосоңуздар, бул жерде дагы чыр-чатак чыгып кетиши толук ыктымал эле.

Жыйындын соңунда кыргыздар жана өзбектер элдешүүнүн каада-салтын жасап, бири-бирине чапан жаап, калпак жана топу кийгизип тарашты.

XS
SM
MD
LG