Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

Алайдагы митинг күчтөп таратылды


Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты, Гүлчө айылы.
Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты, Гүлчө айылы.

Шаршембиде Алай райондук акимчилигинин алдындагы нааразычылык акциясына жетимиштей адам катышты. Алар президенттин кызматтан токтоосуз кетүүсүн жана мамлекетти талап-тоногондордун жоопко тартылышын талап кылышты.

Эл алдында сүйлөгөн «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевдин жана аким Алмазбек Осмоновдун кер-мур айтышы чыр менен коштолуп, чогулгандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчтөп таратты.

Митингге чыккандар колдоруна «Ак ийилет, сынбайт!», «Биз Исмаил Исаковдун акталып, бошотулушун талап кылабыз!» деген плакаттарды кармап турушту.
Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Курманжан Сапарбаева жердештери энергетика тармагы сатылышына каршы экендигин туюндуруп, айрыкча интеллигенция өкүлдөрүн бийликке каршы күрөштө активдүүлүккө үндөдү:

- Бардыгын чет өлкөгө ташып кетишет дагы, ал жактан пультту басып башкарышат. Мына, электр жарыгы киловатына жыйырма сомдон десе, аргасыздан төлөйбүз, эй. Антпей, каякка барасыңар? Уялганым, бир дагы мугалим, бир дагы медициналык кызматкер ушундай жерде көйгөйлөрүн ачык айтышпайт. Эмне, аларда жүрөк жокпу? Ошон үчүн айтып коеюн, бүгүн көзүбүздү ачып, бул турмушка кайдыгер карабайлычы?!

Гүлчө кыштагынын тургуну Баргыбай Мырзалиев президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү агенттигин күмөндүү каржы иштерине катыштыгы бардыгы үчүн айыптады:

- Гуревич деген чыгыптыр. Биздин экономикабызды бүт жеп-ичип бүтүптүр. Ага Италиядан иш козгоп, сотко ашырыптыр. Эл аралык алдамчылардын бири экен...
Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:

- Биз Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн колониясына айландык. Тапкан акчаларыбыз электр жарыгынан, акыр-чикирден жана башкалардан ашпай жатат. Керек болсо Кыргызстан Бакиевдердин үй-бүлөсүн бага албай калды.

Бириккен элдик кыймылдын Оштогу штабынын башчысы Абдыкайым Кангелдиев өлкөнүн байлыгына криминалдашкан эл аралык топтор ээлик кылып жатышкандыгын белгилеп, башкаруу системасын түп тамырынан жаңыламайынча жумурият оңолбостугун ачыктады:

- Мындан туптуура беш жыл мурда чоң ишеним артып Бакиевди президентикке шайладык эле. Терең жаңылышыппыз. Өмүрбек Текебаев айтмакчы, Акаев деген жазуунун ордуна Бакиев деп алмаштырып илип олтуруп алышты. Акаевдин убагында жумуриятты экономикалык кризиске кептеген, калкын тентиткен, коррупцияга малынган, элин талап-тоногон, канын митедей соргон сүткорлорду, мансапкорлордун бирин дагы Бакиев жазалаган жок. Мына, азабын биз тартып жатабыз. Кыргызстанга ушундай аянычтуу кейипти кийгизген жалгыз Курманбек Бакиев же Данияр Үсөнов эмес. Эмдигисинде жаңы бийлик орной турган болсо, булардын бардыгы сөзсүз жоопкерчиликке тартылат.

Мындан соң нааразычылык акциясынын катышуучулары мамлекетти туташ кризиске кептеген президент Курманбек Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүүсүн талап кылышты.

- Бакиев кетсин!
- Бакиев кетсин!
- Бакиев кетсин! – деп кыйкырышты бир ооздон акция катышуучулары.
Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты.

Ушуга улай митингичилер талаптарды жогорку бийликке жеткирүүсү үчүн район акими Алмазбек Осмоновду чакырышты. Ал келгенде, митингдин айрым катышуучулары акимден элге кошулууну суранышты.

- Кыргыз калкым, Алай элим десең, Бакиевдердин үй-бүлөсү коррупцияга батып, өлкө байлыгын тоноп бүттү деп бизге кошул, айланайын?! – деди митингичилердин бири.

Андан ары «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевдин жана аким Алмазбек Осмоновдун кер-мур айтышы чыр менен коштолду.

Алмазбек Осмонов: - Мажбурлаганга эч кимдин акысы жок! Сиз кошул десеңиз кошулуп, чык десеңиз чыккыдай киши эмесмин.

Төлөгөн Келдибаев: - Көрдүңөрбү, бул акимдин сөз бири-бирине каршы келип атат.
Алмазбек Осмонов жана Төлөгөн Келдибаев элдин алдында

Алмазбек Осмонов: - Алайдын эли - нарктуу эл. Бирөөлөрдүн акылына муктаж эмес. Алайлыктардын талабы бирөө эле. А силер сырттан келип башка талаптарды коюп жатасыңар.

Төлөгөн Келдибаев: - Эгерде ушундай иштей турган болсоңор, силерге эртең топурак буюрбай калышы ыктымал.

Алмазбек Осмонов: - Эй, андай дебе! Антип сүйлөгүдөй сен кимсиң?

Ушул маалда акцияга чекеден абай салып турган укук коргоо органдарынын кызматкерлери митингичилерди күчтөп таратты.

- Болду, болду, тарагыла!
- Жетишет, тарагыла! – дешти райондук милициянын башчысы өзү баштап.

Ушундан соң митингичилер мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун райборбордогу штабына чогулуп, 23-мартта Гүлчө кыштагынан Ош шаарын карай автожүрүш жасашаарын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG