“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы жарыя кылган шайлоонун расмий жыйнтыгын басып, анысын “Элдин акчасын үнөмдөгөнгө үлгү көрсөтө аласыңбы, депутат?” деген макала менен коштоду.
“Алиби” гезити жаңы санын Таалай Абдылдаев аттуу акындын “Бакиевдин Ташиевге жазган каты” деген термеси менен ачты.
“Форум” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Эл парламентти күтөт” аттуу баш макаласын тартуулады.
“Форум” гезити Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияздын “Биздин башкы көйгөйүбүз – элдин көңүлүн маданиятка буруу...” деген ат менен маегин жарыялады.
Министр Садык Шер-Нияз театрларда оюн коюу иштери жанданганын, “Манас” эпосу боюнча мыйзам иштей баштаса эпосту коргоо, сактоо, жайылтуу, даңазалоо иштери колго алынарын, мындан тышкары манасчыларга “Эл манасчысы” деген ардак наам берүү жагы караларын, ошондой эле байыркы рун жазууларын кыргыз жазуулары кылып таанытуу аракеттери көрүлүп жатканын белгилеген.
Кабарчынын: - Парламент ишке киришсе өкмөт курамы кайра түзүлөт эмеспи. Бул маселеде сиз өкмөт курамына кирүүгө мүмкүнчүлүгүм бар деп эсептейсизби? Себеби депутаттардын арасында сиздин агаңыз да бар эмеспи?-деген суроосуна,
Садык Шер-Нияз: - Мен саясатта ж.б. маселелерде байкемдин жардамын көрө элекмин. Анткени экөөбүздүн ортобузда так позиция бар. Мен да агам жүргөн “Ата Мекен” партиясына эч жардам бергеним жок. Министрлик атадан калган мурас эмес. Парламент маселени кандай чечсе ошондой болот. Эч кандай амбициямды көрсөтпөйм, - деп жооп берди.
Министр мырза Кыргызстандын маданият ишмерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап кетти.
“Элдин акчасын үнөмдөгөнгө үлгү көрсөтө аласыңбы, депутат?” деп суроо койгон “Кыргыз туусу” гезити Данияда депутаттар машинаны мындай кой, велосипед менен жүрөрүн, кол тийбестик деген мыйзам жоктугун, Германиянын депутаттары да мамлекет эсебинен маншине минбестигин эстеткен макала сунуштады.
Эл эсебинен жан бакмайдын кынуусун алган биздин эл өкүлдөрү буга чейинки парламентте жакшы эле чалчакташкандыгын, “2006-жылдын машинесин минбейбиз” деп бышкырып, 2007-жылдын машинесин саттырып келишкенин, бир эле депутаттын минген машинасынын баасы - 22миң долларга жеткенин, мындан тышкары чет өлкөлөргө мамлекет эсебинен саякаттап, акчаны самандай сапырганын, Бишкекте кафе, ресторан, килейген хан сарайлары туруп, жашарга үйүбүз жок, батирде турабыз деп байкуш боло калышып, өткөн Жогорку Кеңеште 33 депутат калк казынасынан ай сайын 12 миңден 17 миң сомго чейин батир акы алып келишкенин эске салды. Бир эле депутатка жумшалган каражат орто эсеп менен 0, 5 млн. сомго чейин жеткен кездер болгонуна, эми мындан ары эскиче жашоого болбой тургандыгына, эл эсебинен туйтунуп жашоого ансыз да кыйын абалда турган Кыргызстандын экономикалык жагдайы туруштук бере албастыгына көңүлдөрүн бурду.
“Алиби” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Демократиялык шайлоонун машакаты менен мүшкүлү” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Шайлоонун кандай өткөндүгүн, кимдер орто жолдо калып, кимдер марага келгенин, кимдерди кимдер сүрөгөнүн, электораттын, акчанын айла-амалдарын талдоого алган журналист эми эксперттердин айтымында президенттик диктатуранын тарапкерлери реванш алууга, керек болсо бийликти басып алуу аракетинен да баш тартпастыгына, “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” партиялары эртеби-кечпи, баары бир авторитаризмди кайтарып алуу аракеттерин токтотпостугуна токтолуп: “Ырас, азыр “Ар-Намыс” менен “Ата-Журт” экөөнүн тең жең ичинен түзгөн “коалициясынын” саясый ресурсу чектелүү. Бирок муну менен эле баары чечиле бербейт. Алдыда айыгышкан күрөш күтүп турат” деп жазды.
“Алиби” гезити муну менен катар “кайсы бир жылы демократиянын “атасы” аталган Америкада президенттик шайлоонун жыйынтыгы алты айга чейин саналган эле, алардан ашып түшпөсөк да, КМШга үлгү болчудай шайлоо өткөргөнүбүздү ким танат? Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариевдин аскадай бекемдигин жактыргандар аны жылдын мыкты адамына көрсөтө башташты” деп; “узун кулактардын айтымында Адахан Мадумаров кайсы бир өлкөгө элчиликке кеткени жатыптыр” деп кабар таратты.
Ушул эле гезит аркылуу тажрыйбалуу экономист, акыркы жылдары эл аралык уюмдар менен иштешип келаткан Жоомарт Оторбаев улуттук экономика жагдайында кеп салды. Анын маеги: “Тыштан карыз алуудан чочулабаш керек, мен аларды жоюунун жолдорун билем” деп аталат.
Жоомарт Оторбаев сөзүндө алдыдагы бир-эки жыл аралыгында Кыргызстанга инвесторлор келбестигин, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен Тажикстан жакыр мамлекеттерге кирерин, бул бир жагынан жаман, бир жагынан жакшы экендигин, жакшы жагы жакыр деген статус аркылуу эл аралык каражаттарды алууга көп мүмкүнчүлүктөр барын, алганда да бекер аларыбызды, бул жол аркылуу 2-3 жыл ичинде белди бекем бууп, тыңып алууга шарт түзүлөрүн айткан.
Жоомарт Оторбаев андан ары быйыл июнь айында Бишкекте өткөн донор уюмдардын жолугушуусун эске салып, ошонун алдында аны менен президент Роза Отунбаева байланышып: “донорлордун мүмкүнчүлүктөрү бар болду бекен, алар менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү?” деп суранганын, ошондон улам Вашингтонго барып Эл аралык Валюта кору жана Дүйнөлүк Банктын кишилери менен жолукканын, алар ага: “Силер адилеттүү шайлоо өткөргүлө, өлкөдө коопсуздук менен туруктуулукту сактагыла, өкмөткө кесипкөй, адилеттүү, алдым-жуттумдук кылбай турган адистерди тартып келгиле. Өзүңөрдүн иш жасай турганыңарды көрсөткүлө, ошондо силерде бардыгы болот, каражат да беребиз” деп айткандарын, өлкөдөгү абалга карабастан 1,2 млрд. доллар убада кылышканын, бул сумманы дагы 2 эсеге көтөрсө болорун мисалга тарткан. Оторбаев ошондой эле өкмөттү түзүү жөнүндө сөз болсо эле баары Атамбаев, Текебаев, Бабанов деп айтып атышканын, ошол эле учурда эч ким экономикалык программа туурасында сөз кылбаганын, демек биз жеке инсандарды эмес, экономикалык программаларды сөз кылышыбыз керектигин да белгилеп кеткен.
Жоомарт Оторбаевдин ою боюнча, азыр өкмөттө кандай гана коалиция түзүлгөн күндө дагы Кыргызстандын экономикасында катастрофа болбойт.