Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

"Кыргыз эч качан кул болбойт!"


Гезиттер эмнелерди жазышты?

Бүгүн Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү!

“Кыргыздарга 19 жыл илгери Эгемендик тагдырдын буйругу менен кан төгүүсүз келген тарыхый белек болду. Бул аз убакыт ичинде элибиз тарыхый зор сыноолорду башынан өткөрдү. Тилекке каршы, бул мезгилде журт башчылары биримдиктүү жана акыйкат мамлекет куруу озуйпасын орундата алышкан жок. Анын ордуна эки мертебе чакан мамлекетибизди жок болуу абалына кириптер кылып, өлкөсүн таштай качышты.

Бирок Манастын тукумдарынын колдоочусу бар – биздин чачылып жок болбой, боорун жерден көтөрсүн, мамлекетин түптөсүн деп эми да тарых бизге аманат шартын тапшырып турат. Ал аманатты колдон учурбайлы, калайык-калкым!

Өлкөбүздүн жакырдыгы убактылуу, биз улуу элбиз, биз дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири болобуз! Биз эч кимге кул болбойбуз! Биз эч кимдин көзүн карабайбыз! Эми акыйкат, байгер заман кургандан башка жолубуз жок! Биз ушул максат менен жаңы коомго кадам таштайбыз! Быйылкы Эгемендүүлүктүн өзгөчөлүгү мына ушунда.

Ылайым жакшылыгыбыз арта берсин! Кудай колдосун, Мекендештерим! Айлыбыз аман, журтубуз эсен болсун!”

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын башчысы Алмаз Атамбаевдин майрамдык бул куттуктоосун бүгүн жарык көргөн “Форум” гезитинен окуй аласыздар.

Эркиндик күнү менен Кыргызстандын бүткүл элин “Азаттыктын” жалпы жамааты да куттуктап, өлкөбүздүн бакты-таалайы, жаркын келечеги үчүн Ырыс, Ыйык Ынтымак, ар бир үйгө бактылуу турмуш, бекем ден соолук кааламакчы.

Журналист Баратбай Аракеев “Акаев кулаганда Түштүктү Түндүк күткөн” деген макаласында “Бакиев бийликке келгенден кийин биз угуп жаттык: “Бийлик биздин колго тийди, эми түндүккө бербейли” деген сөздөрдү. Азыр түндүктүн эли: “Бийлик бизге тийди, эми түштүккө бербейли” дегенди айткан жери жок. “Жексур Бакиев бийликтен кетти. Экинчи эми андай неме бийликке келбесин. Кайсыл жактан болсо да, калыс, эл-жерин сатпаган азамат болсо экен” деп тилеп олтурат. Мына түштүктүн миңдеген адамдары Бишкектин айланасына үй салып жашап жатат, аларга бирөө бирдеме деп жатабы? Бакиевдин куйруктары сынга алынса эле “жалаң түштүктүн жигиттерин жамандап жатат” дегенди таштайлы” деп жазды, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду акыл-эске чакырган кебинде.

Ушул эле “Форум” гезити, “Жаныш Бакиев жергиликтүү кримавторитет Алманбет Анапияев дегендин үйүндө жашырынып жүрөт деп “Белый парус” интернет гезити кабарлады” деп, “Ош шаарынын мэри эки күндөн бери иш ордунан көрүнбөйт, эл арасында аны Минскидеги Закиржан Бакиев менен жолукканы кетиптир” деген сөз тарап жатат” деп кабар таратты.

“Форум” ошондой эле өткөн сандан бери жарыяланып келаткан орус тилиндеги “Из грязи в князи... или Александр Князев и его грязь” деп аталган макаланын корутунду бөлүгүн окурмандарга сунуш кылды.

Улуу акын Турар Кожомбердиев жөнүндө жазылган Эртабылды Аттокуровдун макаласы да ушул санда.

“Камбар Ата” ГЭСинин иштей баштаганын сүйүнчүлөгөн “Кыргыз туусу” гезити ырасмий маалыматтарды, эгемендик менен жашташ улан-кыздардын ойлорун, мамлекеттик маанидеги куттуктоолорду басты.

Эл акыны Эрнис Турсунов “Ата Журтту кыйын кезеңде сүй” деген макаласында: “Кыргыз эли Жусуп Абдырахманов менен Искак Раззаковдон кийин жетекчиге жарыган жок деп тайманбай эле айтсак болот” деп сөзүн баштап, кыргыз элинин башына тайкы, тайыз кишилер келип экономиканы бүлүнткөнүн, бир элди эки жаат кылып, жерди сатып, нааразы болгондорду атып, Ата Журтту сыздатып туруп, качып жоголушканын баяндап, элдин эски тарыхындагы айрым кайгылуу окуяларды мисалга тарткан.

Эл жазуучусу Эрнис Турсунов бакиевчилер тууралуу: “Адам ата-энеден, боордошторунан, алган жарынан ажырайт. Бирок Ата Журттан ажыроо баарынан азаптуу. Бул азапты Бакиев жана Бакиевдер эми ыйлап жүрүп башынан өткөрөт. Акча, байлык, бийлик – Ата Журттун тырмагына да арзыбасын, акча эч нерсеге алралжы болбостугун алар эми түшүнөт. Аларга эң кымбат Ата Журт, кыргыз эли болчу. Алар ушуну сезген жок. Акчанын кулу болушту. Акча аларды кул кылды.

Бакиевдин жакшы көргөн адамдарынын бири – Үсөн Сыдыков – жердешчил, түштүкчүл, жаатчыл, жаңжалчыл, саясый жактан чала сабат, кошоматчыл болсо, Данияр Үсөнов – акылсыз, алдамчы, дардес, ал эми Максим Бакиев деген – Мекен дегенден кылайган түшүнүгү жок, кыргыз элин жининдей жек көргөн, акчадан башканы ыйык көрбөгөн элбезер, улутбезер наалати экен” деп жазды.

“Кыргыз туусу” булардан тышкары жаңы окуу жылы алдындагы Кыргызстан тууралуу, Ата Мекендин кадыр-баркы, азаттыктын баасы тууралуу макалалардын, ой-пикирлердин топтомуна орун берди. Гезит бул санына Бишкек шаарынын райондор аймагында түзүлгөн шайлоо участкаларынын чек арасынын тизмесин да шардана кылды.

Жаңы санын тартуулаган “Көк асаба” гезити окурмандардын назарын алгачкы бетиндеги “Алтайдагы Манас көлүн кара дөбөт ээлеп алыптыр...”, “Кыргыз элинин милдети – технократиялык прогресске жетеленбей, өзү ээ болгон таза энергияларын сактоо”, “!953-жылы Мухтар Ауэзовду көл кылаасынын башкармасы меймандаган” деген аталыштарга бурду.

“Айрым чиновниктер мени “артис” деп басынткылары келет, мен андайларды дөөпөрөс деп эсептейм” деп жазган куудул Жамбыл Камчиев кайрылуусун “Банк системасы элди кылмышка түртүүдө” деп атап, аталган катты президент Роза Отунбаевага жана Кыргызстандын бардык жарандарына багыштаган.

“Көк асаба” гезитинин бул күнкү санында Алтай жүрүшүнөн кайтып келгендердин баяндоолоруна да кенен орун берилген.

Белгилүү комузчу Кенжебек Алдаярдын макаласы “Жандүйнө маданиятын көтөрүүгө бийликтин деңгээли жетпей жатат” деп аталды.

Гезитте ошондой эле 1916-жылдагы кандуу окуя – Үркүн жөнүндө да материалдар да бар.
XS
SM
MD
LG