Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Кыркы Алтайга, калганы шайлоого аттанды


Гезиттер эмне дейт?

Бүгүнкү “Кыргыз туусу” гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы жарыяланды. Анда депутаттарды шайлоо жекшемби күнгө - 2010-жылдын 10-октябрына дайындалган.

Ушул эле санга ыйык орозо айынын башталышына байланыштуу президент Роза Отунбаеванын куттуктоосу, ырасмий материалдар, бошотуулар менен дайындоолор, ар кандай кабарлар бар.

Муктар Мусаев аттуу автордун “Оштун омурткасын ким сындырды? Же мен билген чындыкты угуп койгула!” деген макаласы “Кыргыз чиновниктери ар-намысын акчага сатышкан”, “Жыгачтын жумшагын курт жедиби?”, “Капсалаң кантип башталды?” деген бөлүктөрдөн турат.

Кыргыз көркөм өнөрүнүн көрүнүктүү ишмери, атактуу жазуучу Асанбек Стамовдун дүйнөдөн кайткандыгы багышталган өкмөттүк көңүл айтуу да гезиттин ушул санында.

Гезит мындан 2 күн мурда “Дасмия” маданий эс алуу жайынын алдынан Алтайга аттанган кырк уруу өкүлдөрү жөнүндө маалымат берген. Кырк чорону белгилүү артист Акылбек Мураталиев баштап кеткени айтылган.

Марат Өмүржанов даярдаган “Нарындын турмушундагы мега-өзгөрүүлөр” аттуу макалада кыргыз-россиялык "Мегаком" компаниясынын тоолуу өрөөнгө келиши туурасында кеп болот.

Журналист Бакыт Орунбековдун Кытай сапарынан алып жазган баяны “Табышмактуу Кытай Кыргызстанды колдойм деди” деп аталат.

“Өкмөткө кулак кагыш” деген рубрика алдында жарык көргөн Насирдин Абыдыновдун макаласында жетекчилерди эмес, системаны алмаштыруу керектиги жөнүндө маселе коюлат. Автор минтип жазат: “Кошумча нарк салыгын 20 пайыздан 12 пайызга түшүрүүдөн товарларга баалар төмөндөгөн жок, болгону байлардын кирешелери жана дивиденддери гана жогорулады. Акаев менен Бакиев башкарган убакта да ушундай практика болгон. Азыр салык жана бажы инспекцияларындагы системаны өзгөрттүү керек. Жетекчилерди алмаштыра берүү эч кандай жыйынтык бербейт”.

Дагы бир көлөмдүү макала “Нариман Түлеевдин ордуна Иса Өмүркулов иштеп жатат. А калганы мурдагыдай эле...” деген ат менен окурмандарга тартууланды.

“Кыргыз туусунун” күндарегинде жакында ажыга баруучулардын жетекчилерине лицензия берүү башталары, ВИЧ илдетин жуктургандардын саны көбөйүп жаткандыгы, Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура тармагын тейлеген мүчөсү Азимбек Бекназаров шайлоого катышар-катышпасын бүгүн жарыя кылары маалымдалган.

“Форум” гезити “Урмат айткан ушакты уктуңарбы?” деген кабарында балакетти баштагысы келген Барктабасов “Веечрний Бишкек” гезитине маек куруп, массалык башаламандыктын башында Өмүрбек Текебаев менен Кеңешбек Дүйшөбаев турганын саймедиреп: “Мен жөн гана элдерди алып чыккам, ал эми акчаны Дүйшөбаев тараткан” деп ”ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” болуптур деп жазды.

Гезит ошондой эле “Ак шумкар” партиясы эки жума мурун Жумгалдын борборуна жылкы союп, эки жүздөн ашуун адамга сый көрсөткөнүн, өткөн ишемби күнү Ысык-Көлдүн Чоң Өрүктү айылына чогулган аксакалдар Ташкул Керексизовго “аке” даражасын ыйгарып, эми ал ”Ташкул аке” аталганын, “Туран” партиясы да шайлоого аттанганын маалымдады.

Айбек Шамшыкеевдин "Соң-Көлдөгү балыктарга мароторий эмес, массалык кыргын жарыяланган..." аттуу макаласында “балык коррпуциясы тууралуу баяндалат.

Жаңы санына “Форум” “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолоруна” жооп берген “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен “Республика” партиясынын башчысы Өмүрбек Бабановдун алым-сабагын көчүрүп басты.

“Вести kg” маалымат булагынан алынып жарыяланган Татьяна Орлованын орус тилиндеги макаласы тартууланды. Макалада Урмат Барктабасовдун аракеттерин күч органдарынын мурдагы кызматкерлери башкарганы тууралуу кеп болот.

“Барктабасовдун бийликти басып алары күн мурунтан белгилүү эле. Анын адамдары Түштүккө да жөнөтүлгөн. Үсөн Сыдыков “ойлоп тапкан” ОБОНдордон турган бир автобус аял, гранаттар, снайпердик мылтыктар, жашик-жашик жарылчу заттар, автоматтар дайындалган. Эгер Барктабасов чындап эле тынч курултай өткөргүсү келсе, ага мынча курал-жарактын кандай зарылдыгы бар эле?” дейт Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов.

Барктабасов топтогондордун арасына бакиевчилер, Европа Коопсуздук Кеңеши Уюмуна каршы болгондор да кирген. Ал эми Урмат Барктабасов болсо бакиевщинаны жактагандардын ур-токмок союлунун гана милдетин аткарган.

Ушул эле макаланын алдына “Время новостей” басылмасынын баяндамачысы Аркадий Дубновдун макаласы да жарык көрдү. Макалада Урмат Барктабасовго кыргыз бийлиги тарабынан кылмыш иши козголбостугу, кыргыз жарандыгы менен катар эле казак жарандыгын алып жүргөн Барктабасовду ырасмий Бишкек Казакстанга өткөрүп берери жөнүндө жазылат. Анткени анын Казакстанга жасаган экономикалык кылмыштары бар.

Журналист Эртабылды Аттокуровдун макаласында талашка түшкөн тамдар тууралуу кеп болот.

Акын Каныбек Иманалиевдин сандан санга уланып келаткан “Саякбай” баяны, жазуучу Баратбай Аракеевдин “Кандуу жылдар” детективи да бар.
XS
SM
MD
LG