Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Жулкунбайлар “жумуш издеп” жүрүшөт ...


Бүгүн эки гезит жарык көрдү.

“Форум” гезити баяндамачы Баратбай Аракеевдин “Дос, баарыбызга бийлик жетпейт, картөшкө айда” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор бүгүн бийликке жулунган ач көз адамдар толуп кеткенин, мурдагы эки президенттин тең убагында элди ойлобой иштеп келген эргулдар да жанталашып жаңы бийликтен жай таап калуу амалын көздөп жүргөнүн баяндаган. “Элдик кеңеш” деген атка жамынган Мукар Чолпонбаев тээ бир кезде спикер болуп туруп, аялы экөө миллиондогон сомдун изин табалбай, эми бүгүн саясый ырчы Сагынбек Момбековго кошулуп, убактылуу өкмөткө каршы “концерт” кое баштаганын баяндаган.

Аракеев макаласын: “Ким кандай тантыбасын, азыр убактылуу бийлик эл күткөн, эл эңсеген жакшы иштерди алеки саатта аткарып салды: электр энергиясы арзандады, бакиевдер талап алган эл мүлкү кайтарылып жатат, эл массасы азыр убактылуу бийликти колдоп турат жана бийлик тийбей калып, ага каршы оозуна келгенди оттогондордун кебине жылмаюу менен мамиле кылып жатат” деген сөздөр менен аяктаган.

Алмаз Темирбек уулунун макаласы “Акматбек Келдибековдун “келемиштик” жүрүштөрүнөн” деп аталып, такталбаган маалыматтарга караганда, Келдибеков Ысык-Көлдүн жээгинен 4 пансионатты, Таш-Көмүрдөгү шахтаны менчигине басып, жалаң жеп-ичкендин аркасы менен өзүнүн жеке керт башына 14 особняк, элитный 18 квартира сатып алганы жөнүндө сөздөр айтылып жүргөнүнө, бүгүн 7-9 кабаттуу турак жай үйлөрүн беш жерге салдыртып жатканына, кезинде 35 млн. сом жалмап койгондугу үчүн кылмыш иши козголгонуна, аргасы кеткен А. Келдибеков агездеги финполиция башчысы Акимжан Муйбиллаев менен соодалашып 100 миң доллар берип кутулганына, Убактылуу өкмөт дал ушундай жулкунбайларды тыкыр текшерип, өз баасын бербесе, эртең эле мамлекеттик чоң кызматтардын бирин кучактап жыгылып, далайлардын шорун курутарына токтолгон.

Саясый партиялардын жарышы башталганы журналист Эртабылды Аттокуровдун өткөн сандан бери жарыяланып келаткан макаласында баяндалат.

Аталган гезит ошондой эле бүгүнкү санына Олег Новиков аттуу автордун “Бакиев менен ботко чалган ырасмий Минск аны менен кошо өз башына балээ үйүп алды” деген макаланы орус маалымат булагынан көчүрүп басты. Макалада “бакиевщинаны” коргойм деп атып Минск Маскөөнүн көңүлүн биротоло кайт кылганын, Бакиевдин Белоруссияда жүргөнү эле Минск менен Маскөөнүн мамилесиндеги тирешүүнү күчөтө берерин, ушу тапта белорус коомунда жаз келери менен бул жерде да кыргыз сценарийи кайталанат экен, акыры өзгөрүү болот экен деген ишеним ойгонуп, эл ичи жандана баштаганы туурасында сөз болот.

Кыргызстан профсоюздар кыймылынын ардагери Болотбек Ишеналиев макаласын “Эне тилибиздин жоголуп кетишине жол бербөөгө тийишпиз” деп атаган.

Аталган гезитке Ысык-Көлдүк бир катар дарыгерлердин Убактылуу өкмөткө кайрылуусу да басылып чыкты.

“Алиби”
гезити эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого” деген баяндамасына орун берди. Автор өзгөчө Кокон хандыгын орноткон Курманбек Бакиевдин “доорундагы” коррупция коолап-чайлап өсүп, эмгекке жарамдуу элдин 500-800 миңге чамалуу активдүү бөлүгү тышта мандикерлик менен жан багып жүргөнүн эстетип, кызыл камчынын алдында оокат өткөргөнгө биротоло көнүп бүткөндөр, маселен ошондойлордун ана башы болгон, парламенттеги “Ак жол” фракциясын негиздегендердин бири Адахан Мадумаровдун “ашмалтай патефону” тууралуу аңгеме курган. Баяндамачы Үсөн Касыбеков ал жөнүндө: “Сөз чынынан бузулбайт. А. Мадумаровдун позициясы кулчулуктун туткунунда калган, өз алдынчалыгы жок, айдама саясатчынын психологиясын элестетээрин баамдоо кыйын эмес” деген жыйынтыкка келген.

Журналист Машакбай Рахманкулов бул жолку макаласын “Тууганчыл бийлер жоголсун, ыймандуу бийлер оңолсун!” деп атаган. Юрист Акунбай Кошойдун макаласы “экстерди эскерүүгө” арналган.

“Бийликти омкоргон баатырлар” аттуу рубрика алдындагы баян “Биз да өлүшүбүз керек беле?” деген ат менен жарык көрдү. Анда үй-бүлөлүк жана кландык уюшма Бакиевдердин бийлигин кулатууда курман болгон 85 жигиттен башка 1000ден ашуун адам ар кандай жаракат алып, ок жеп ооруканага түшкөнүн, бир тобу айыгып чыкса, бир тобу дагы эле дарыланып жатканын сөз кылып, алардын айрымдарынын арыз-муңдарын ортого салган.

Ноокаттык жигит Талант Шарипов 7-апрель күнү атылган жигиттерди “тез жардамга” ташып атканда белине ок тийип, 4-ооруканага эс-учун билбей келип түшкөнүн, 1 кыз, 4 уулу барын, ар кайсыл уюмдардан жардам болуп жатканы менен мамлекеттен жардам бериле электигин айтса, Айбек Молдобаев 7-апрелде түштөн кийин ок жегенин, ок сол жамбашынан кирип тизенин жогор жагынан чыгып кеткенин, сол буту азыр тизеден ылдый эч нресе сезбей, жансыз жатканын айткан. Нарындык Акылбек Букараев аялы иши жок үйдө олтурганын, 2-жана 4-класста окуган эки баласы барын, жардам ала электигин, Атбашылык Айтбек Сатыбалдиев ок ага БТРдин жанында жүргөндө тийгенин, 12 жана 6 жаштагы эки баласы барын, медиктер жакшы карап жатканын, бирок жарадар болуп жаткандарга берилчү жардамды тезирээк беришсе жакшы болмогун айткан.

Бул санга Конституциялык кеңешменин мүчөсү Дүйшөн ажы Абдылдаевдин “Кудайсыз, динбезер Конституция бизге керекпи?” аттуу макаласы жарык көрдү. Автор макаласында талкууланып жаткан Башмыйзамга 6 беренеден турган өз жобосун сунуштаган.

Окумуштуу Курманбек Абакировдун макаласы “Эне тилдин кусуру...” деген ат менен тартууланып, 20 жылдан бери өз жеринде, өз элинде түртүндү болуп, тилемчи абалга жеткирилген эне тилдин бүгүнкү күндөгү аянычтуу абалына кайрылган. Ал орус тилинин “ырасмий тил” статусун алып салуу кези келгенин, бул маселе Башмыйзамда башка жоболордун биринен да кем эмес мааниге ээ экенин, кыргыз тилинин эртеңкиси үчүн тагдыр чечүүчү учур келгендигине коомчулуктун көңүлүн бурган. Окумуштуу андан ары орус тилинин “ырасмий тил” статусун алып салуудан орус тилинин кылы да кыйшайбастыгын ошол эле Украинанын жана башка элдердин өз эне тилине жасаган мамилесин мисалга тартуу менен далилдеп, кыргыз тилин мындан ары кор кылбоого чакырган.
XS
SM
MD
LG