Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:34

Бузулуп турган замандан сакта!


Бүгүнкү гезиттер эмне дейт?

“Эл сөзү” гезити “Кыргызстанга кыргыйдай тийип, кыргынга учураткан Максимдин кылыктары...” деген баштема менен жарык көрүп, бүгүнкү санын журналист Баратбай Аракеевдин “Акаевчилер”, “Ак жол” жана кызмат кумары” деп аталган макаласы менен ачты. Автор учурдагы Убактылуу өкмөттүн абалын, кадр маселесинин оош-кыйышын кепке алган

Гезит алакандай кабарларында “Убактылуу өкмөт “таш бакадай” болуп ордунан козголгончо башкалар сыяктуу Жаныш Бакиев да Казакстанга чыгып кеткени айтылууда, буга чейин Марат Бакиев, Данияр Үсөнов, Мурат Суталинов да өлкө чегинен чыгып кеткен. Эми Убактылуу өкмөт кимди жоопко тартат?” деп, “ушу кезде 7-апрелдеги кандуу окуяга байланыштуу кылмыш иштери боюнча Акылбек Жапаров, Нариман Түлеев жана башкалар сурак берип жатат деп, такталбаган айрым бир маалыматтарга караганда Максим Бакиев жана анын жанындагы экөө азыр Россиянын атайын кызматы тарабынан кармалып, ошол жакта камакта жатыптыр” деп маалымат таратты.

“Улутман” идеологиялык боборунун жетекчиси Жыргалбек Касаболотов өз макаласында: “Кылмыштуу Бакиевдерди жок кылса түндүк-түштүк маселеси курчуп кетет дегендер терең жаңылышат. Эл аралык деңгээлден да, атайын кызматтардын ишинде да мамлекеттин алдында күнөөсү бар адамдарды жердин жети кабат түбүнөн болсо да таап алгыдай дипломатиялык, атайын кызматтар өсүп жетилиши зарыл.. “Жаныш Бакиев офицердик сөзүнө турбай койду” деп оозун ачып жалдыраган, өз сөзүн аткарбаган бүгүнкүдөй бийлик турганда биз андай намыстуу, принципиалдуу күч органдарына эч качан ээ боло албайбыз” деп жазды.

“Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновдун маеги жарыяланды. Анысында Муктар мырза айрымдар “Замандаш” партиясы папка талашып жатат деп жалган айың таратып жибергенин, анын баары жалгандыгын, 7-апрелдеги окуядан милийсалар да жапа чегип, жарадар болгонун, демек аларга да кадимкидей жардам берүү керектигин, анткени кыргыз милийсасы кыргыздарга ок атты дегенге ишенбестигин, алар жоокер болгондуктан, буйрукту гана аткаргандыгын, ошондуктан азыркы бийлик калыс сөзүн айтышы зарылдыгын белгилеген.

Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев Манас туурасында маек куруп, Манаста 40 чородон тышкары “себилдүүсү 84” деген сөз барына, бүгүн мына ошол себилдүү 84 жигит кайтыш болгонуна, мындан кийин борбордун атын “Манас” деп атоо керектигине, аянттагы түндүк көтөргөн аялдын эстелигин алып салууга мезгил келгенине токтолгон.

Бишкек шаарынын коменданты Туратбек Мадылбековдун “Алиби” гезити аркылуу берген интервьюсу: “Криминалдын каптап кетишине жол бербейбиз” деп аталып: “Милийса элге ок атпаганын, алардын ичинде курман болгондор менен жарадар болгондор мурунку бийликтин катачылыгынын курмандыгы катары каралып, алардын статусу жалпы курман болгондор менен бирдей болушун талап кылуусун туура деп эсептээрин жана колдоорун айтты.

“Алиби” гезитиндеги “Зөөкүр” деп аталган макаласында юрист Ахунбай Кошой “Уят-сыйыттан кеткен карөзгөй, алжыган чалдар, карыялык сөз айтканга жарабаган Апас Жумагулов, Мамбет Мамакеев, Садык Аблесов, Буланбек Сейдакматовго окшогондор, пайда гана табууну көздөгөндөр элин ого бетер алсыратып турду... Тирешүү акыры 85 жарандын жанын алып тынды...” деди. Андан аркы сөзүндө ал президенттин кыргыз улутунун касиети, улуулугу жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок экендиги дагы бир жолу байкалганын, пара алуу мамлекттик деңгээлдеги кадимки көрүнүшкө айланганын кеп кылып, кыргыздар бир нече диалект менен сүйлөп, ар түрдүү социалдык-географиялык, тарыхый шарттарда калыптанган эл болорун, бир жерде пара алмайды кадыресе көнүмүш катары көрсө, бир жерде аны арам акча катары көрөрүн, түштүктө эл сыйкор, жайыл дасторкон, раис эмне десе ошонун айтканынан чыкпаса, түндүктө же Кара-Кулжа, Алай, Кемен-Төбө, Талас, Нарын, Көлдө дайым эле раис айткандай боло бербей турган өзгөчөлүктөргө ээ экенин талдап көрсөткөн..

“Эми мындан ары жашоо кандай болот?” дегенге жооп берген автор:”Кыйын жана татаал болот. Биз эми Манас атабызга татыктуу муун болууга, тазаланууга, кыргыздын кукура салт-санаасын, адеп-ахлагын, ыйман-ызатын калыбына келтирүүгө жол ачтык деген максатта жашайбыз. Бузулган замандан калган жаман адаттын жүгүн бир тамчыдан денебизден сыгып таштоодон башташыбыз керек... Калганын ата-бабабыздын арбагы колдосун!” деп аяктаган.

Жаңы жарыкка чыккан “Назар” гезити Асанкул Буудайчиевдин “Азаматтар ажо качкан күнү өлгөн” деген ыры менен бүгүнкү санын окурмандарга тартуулады. “Саясый кризистен чыгуунун жолу – башкаруунун парламенттик формасын киргизүү” деп аталган баянында журналист Үсөн Касыбеков Убактылуу өкмөттүн иши жөнүндө сөз кылган.

Журналист Салима Жакшылык кызынын Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун отчет бергенин баяндаган макаласы “Беш жүздөн ашык адам сурак берүүдө...” деп аталат.

“Элдик баатырлар” деп аталган рубрика алдында жарык көргөн макала “Канкорлордун колунан көз жумган Күмүшбек” деп аталат. 46 жаштагы жеке ишкер Күмүшбек Сейдесанов Таластын Арал айлында туулганын, 7-апрелде Ак үйдөн атылган ок ээгине тийип, желкесинен чыгып кеткенин айтып боздогон апасы Уулжан Камбарова уулу элдин кыйналганын көргөн сайын кыжыры келип, өзүн коерго жер таппай калган кездерин эскерген. Курман болгон Күмүшбек ал тургай дептерине:

“Өзүм билбейм, эмне кылып жүрөмүн,
Кыргызым деп согот бирок жүрөгүм.
Эгер жаның элге керек деп айтса,
Эч кылчайбай жанымды да беремин!...”
деген саптардан турган ыр жазганын, 7-апрель күнү аянтта чачылып калган бронежилеттерди жаштарга берип: “кийгиле, качпагыла!” деп, өзү алдыга чуркап кеткен бойдон кайтпай кала бергенин ...” айтып сыздаган.
XS
SM
MD
LG