Адаттагыдай эле элеттик окурмандардын каттары менен жаңы санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити элди алдыдагы Жаз майрамы менен куттуктап, “Жаңы китеп” деген рубрика алдында “Март революциясы элдин тарыхый тандоосу” деген ат менен жарыкка чыккан президент К. Бакиевдин китеби тууралуу журналист Догдурбек Юсуповдун ой-пикирин басты.
Кыргыз Эл жазуучусу Асанбек Стамовдун маеги “Курултайда эл пикирин бийлик угат” деп аталат. А. Стамов Ынтымак Курултайында электр энергиясына, коммуналдык башка кызматтарга болгон кымбатчылык маселеси айтылышы керектигин, элдин нааразылыгын пайда кылган, кыйнаган, оппозицияга чоң шылтоо болуп берген көйгөйлүү маселелерди кароо зарылдыгын, эң башкысы элдин турмушун жакшыртуу, оңдоо маселеси Курултайдын башкы темасы болушун кеп кылган. Аягында ал тил тагдыры менен жер тагдыры да курултайда козголуп, тийиштүү сунуштар кабыл алынса жакшы болорун кошумчалаган.
Гезит курултай тууралуу жарандардын ой-пикирлеринен турган макалалардын топтомун да сунуш кылды.
Окумуштуу Дөөлөтбек Сапаралиевдин Нооруз майрамынын тарыхын баяндаган макаласы да ушул санда.
“Агым” гезити Зайырбек Ажыматовдун “Өлүмтүгүн элге арткан өкмөт” аттуу макаласына орун берген, анда өкмөт башчысы Д. Үсөновдун маалымат жыйынында сүйлөгөн сөздөрү талдоого алынган.
Келдибек Назиров “24-март” аттуу макаласында: “24-март революциябы, төңкөрүшпү же мародерлор күнүбү, буга акыры тарых жооп берет. Бирок 24-март бийликке да, оппозицияга да сабак болууга тийиш эле” деп жазып, тилекке каршы оппозициянын 2005-жылдагыдай куру сөздөн бөлөк эч нерсеси жоктугун, бийлик болсо 3 жылдан кийин гана басар жолун тапкандай болгону менен идеологиядан куржалактыгын, геосаясат, кадр саясаты, сот системасы ж.б. ойдогудай эместигин, бийликке келгендер тез арада ичип-жеп, байып алып, мындан калк утулуп келаткандыгын сөзгө алган.
“Кыргыз руху” гезити журналист Айзада Абазовнын макаласын сунуш кылды. Азыркы бийлик табиятын иликтөөгө алган автор бийликте көптөн бери эле Жаныш Бакиевдин командасы менен Максим Бакиевдин командасынын ортосунда күрөш жүрүп келатканын, Жаныштыкына караганда Максимдин командасы замандын агымын кармай алган билимдүү адамдардан, атап айтканда О. Малеваная, А. Жапаров, К. Сарбаев, К. Орозбай кызы өңдүүлөрдөн турарын, бирок Максимдин командасы бийликке келгени улуттук кадрларга басмачылык кылып, экономика жана идеологиянын башына жалаң тили буруулар дайындалып, кыргыздын бар байлыгы менен бийлиги бөтөн улуттардын колуна өтүп, кыргыз өз үйүндө улагага сүрүлүп калгандыгы белгиленген.
“Курманбек Бакиев айтмакчы баласы чын эле жашоону чөнтөк менен ченеген эме экен, улуттук стратегиялык тармактарга осминогдой сансыз манжаларын туш тарапка тарбаңдатты, экономикага эларалык аферситтердин суук колун матыртты. Жакында эле жүзү ачылган Е. Гуревич мунун айкын далили.. Кийинки кезекте Азия Универсал Банктын жетекчиси Надель туруп калды окшойт. Гуревичтин шишин Италия жарса, Наделге Россия жаанын жебесин мелжеп турган кезеги. Аппетити ажыдаардай эларалык аферисттердин кеңеши менен иштеген Максимге кенедей Кыргызстан кантип түтөрүн түшүнбөйбүз” деп баяндап, “Жаныш Бакиев Максим Бакиевге караганда улутка жан тартып турат” деп, ал жөнүндө макаланы гезиттин кийинки санына калтырган.
“Назар” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун Е. Гуревичке байланышкан тармактардын чоо-жайын иликтөөгө алган макаласына окурман назарын бурду.
А. Жешкенкуловдун сотто сүйлөгөн соңку сөзү да ушул санда.
Гезит Элдик Курултай тууралу макалаларды басты жана анын катышуучуларынын ой-пикирлерине кенен орун берди.
Белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков кечээ гезит чыгууга даярдалып аткан кезде редакцияга келип, бийлик өткөрө турган Ынтымак Курултайына делегат болгонун кеп кылып, бирок тизмеси жарыялангандан кийин караса алар баягы эле дүжүрлөр экенин көрүп, делегаттыктан баш тартканын, мунусу менен ал оппозицияга да, бийликке да макул эместигин билдиргиси келгенин айтып берген.
Асылкан Шайназарованын чет элдик маалымат булактарынан топтолуп жарык көргөн макаласынын аты –“Кыргызстандан качкан олигархтар Израилди чочутпайбы?” деп аталат.
“Форум” гезити жаңы санын 11- Элдик Курултайдын чечимин басуу менен ачып, саясатчы Т. Сариев курултайдын катышуучуларын 23-март күнү өтө турган митингке чакырса эл ураалап тосуп алганын кабарлады.
“Нарындыктардын сериалы же Д. Үсөновдун семинары” деген аталыш алдында Теңир Тоолук жарандардын ой-пикирлерине гезиттин эки бетинен орун берилсе, андан кийинки эки бетке Элдик Курултайда сүйлөгөндөрдүн сөзүнөн үзүндүлөр берилген.
“Ачык саясат” гезити да бул санын негизинен Курултайга арнады. Баяндамачы Сабыр Муканбетовдун бул боюнча “Элдик Курултай максатына жетти” деген макаласы тартууланды. Автор Курултайдын жүрүшүн баяндап келип, Бишкекти колдоп Нарындан 3 миң, Аксыдан 500, Таластан 400, Алайдан 200 адам чыкканын, Курултайга барабыз деп Спартак стадионуна агылган элдин көбү адашып, Форумдун имаратын таппай калганын, бийлик ОМОН, “Арстанын” таптап, жыйырмадай овчарка иттерин алып чыкканы айтылып атканын, айтор бул бийликтин өз катамды оңдоюн, жакындарымды тыяйын, элди тоногонду токтотоюн деген ою жок экендигин байкаганын баяндаган.
“Мындан 3 күн мурда, тактап айтканда 16-март күнү “Ачык саясат” гезитинин 1-2-жана 8-беттеринде мени уулум Равшан Жээнбековдун “Адилеттүү жаза - мамлекеттүүлүктүн негзи” деген темадагы Элдик Курултайдын катышуучуларына багытталган кайрылуусу жарыяланган, ошол эле күнү өлкөнүн Баш прокуратурасы укмуштуудай тездик менен бул материалга өзгөчө көңүл буруп, К. Бакиевдин ар-намысы менен абийрин “коргомокко” бүткүл күчүн жумшоого өттү. Гезиттин башкы редактору катары ой-боюма койбой түшкү саат 12ге жетпей прокуратурага чакыртышты, түшүнүк кат жазууга мажбурлашты” деп жазган Б. Жээнбековдун жообу “Бакиевдер менен Башкы прокуратурага жооп” деп аталат.
Жооптун аягында ал: “Эгерде Бакиев бийлиги өздөрү жаап жаткан иштерди эл кызыкчылыгы үчүн деп ишенишсе мен айтчу сөздөрдү элге алып чыгалы. Чечимди бир ууч маңкурттар эмес, бир ууч “дүжүрлөр” эмес – карапайым калк чыгарсын” деп жазат.