Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

Куу, куу Курултай


Бүгүн жарык көргөн гезиттерде бийликтин жана оппозициянын алдыдагы курултайлары тууралуу да сөз болду.

“Асман kg” гезитине ЖК төрага орунбасары Кубанычбек Исабековдун жана юрист Мукар Чолпонбаевдин маектери жарыяланды.

Курултай тууралуу сөз кылган К. Исабеков: “... мурдагыдай дежурлар гана чыгып сүйлөп, президент, парламент, өкмөттү мактап кетип калган болбойт. Ошондуктан мамлекеттин келечеги жөнүндө, социалдык абалды оңдоо туурасында сунуштар болсо жакшыларын алып калып, иш жүзүнө ашырганга аракет кылышыбыз керек” деп айтты.

Ушул эле санга экс-депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекованын, ЖК депутаты Аскар Салымбековдун маектери да басылган.

“Айат пресс” гезити Адилет Жакыпов аттуу автордун “Ынтымак курултайын ыдыраткысы келгендердин максаты эмне?” деген аталыштагы макаласын тартуу кылды. БЭКти жана анын лидерлери А. Бекназаров менен Т. Тургуналиевди аеосуз сындаган автор “Албетте Тургуналиев да, Бекназаров да, Текебаев менен Атамбаев жана башкалар да И. Исаковго же Кыргызстан менен кыргыз элине жан дили менен күйүп, сыздап жатат деп айтууга оозуң барбайт. Булардын түн уйкусун бузуп тынчтык бербеген бир гана көйгөй бар. Ал дагы эле болсо карапайым элдин күчүн бийликти кулатууга, Акүйдү алуу же болбоду дегенде өткөн митинг, пикеттердей саясый соодалашуу. Бул өңдүү оппозиционерлер саясат аренасында моралдык жактан эскирип калды...” деп жазып чыкты.

Тилчи Аалы Молдокановдун Манас тууралуу макаласы “Жанында жаткан киши жок, жалганы менен иши жок” деп аталат. Автор: “ Манас биз үчүн сыры өтө тереңде катылган жообу жок табышмак. Ал кыргыз элинин гана шыбагасы. Анын көзгө көрүнбөгөн колдоочусу. Манастын руху же арбагы кыргыздын кыйшыгын түзөп, бардык кыйын кезеңдерде колдоп келатканына ынынбаска айла жок” деп жазды.

“Нур эл” аттуу гезит комузчу Кенжебек Алдаярдын “Кыргыз жышааны дүйнө аралады” деген макаласын окурмандын ой элегине салган. Макалада Алтай маданияты туурасында кеп болот. Мударис Кусейин Исаевдин макаласы “Философия нагыз улуттук көрүнүш” деп аталып, окумуштуу кыргыз философиясынын 9 өзгөчөлүгүн тизмеге алган.

“Жаңырык апта” гезити “Милийсалар кызмат абалын өтө кыянаттык менен пайдаланат деген маселе Орусияда мамлекеттик мааниде көтөрүлүүдө. Биздечи?” деген суроо койду.

ЖК депутаты И. Масалиев:
- Өзүбүз күбө болгондой милийса кызматкерлеринен көптөгөн чалыш иштер кетүүдө.

Укук коргоочу А. Абдрасулова: -
Бизде Орусиядагыдай 17 генерал алынмак турсун, мыйзамды бузган жөнөкөй милийса кызматкери да жоопко тартыла элек. Анткени, милийсалар бийликке таянып калбадыбы.

Саясатчы А. Шыкмаматов: - Орусияда 1 милийса кылмыш кылганы үчүн 17 генерал кызматтан алынды. Тилекке каршы бизде күчкө салып кармап, өлтүрүп атса да 1 милийса жоопко тартыла элек.

“Форум” гезитинин башкы редактору Р. Момбеков: - Кызыл шапкечендер элди коргомок түгүл кордоп жатышат.

Т. Таткулов: - Орусия туура иш кылды. Ал эми биздин милийсалар бийлик кимдин колунда болсо ошол тартапты карап калды. Бүгүнкү күндө акыйкат менен адилеттүүлүк көз көрүнөө тебеленүүдө.

Ушул эле гезит “Оппозициянын бийлик курултайына катышканы туурабы, туура эмеспи?” деп суроо салды.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев:
- Оппозиция айтып атат: “Бийлик өзүнүн дүжүр чалдарын чогултуп алып, өзү каалагандай иш кылганы жатат” деп. Туура эмес, оппозициядагылар билбейт да кайсыл чал дүжүр чал, кайсыл чал дүжүр эмесе экенин. Оппозиция сөсүз курултайга катышып, өз оюн билдирүүсү керек.

Журналист-криминалист Кеңеш Жумабаев: - Оппозициянын катышканы туура болмок. Бирок курултай өткөрүүдөн эмне жыйынтык чыгарын айталбайм.

“Назар” гезитинин баш редактору Кенжебек Арыкбаев: - Оппозиция катышам деген күндө да бийлик буга жол бербейт. Ал катышса деле, катышпаса деле эч нерсе өзгөрбөйт.

“Элдик кеңеш” аттуу кыймылдын координатору Ашырбек Болотов:
- Эки тараптын тең максаты бир. Оппозиция бийликти көздөйт, бийлик олтурган майлуу ордун тарттырып жибергиси келбейт. Андыктан булардын өткөрө турган курултайларынан элге кымындай да пайда жок.

Ырчы Сагынбек Момбеков: -Бийлик өзүнүкүн, оппозиция өзүнүкүн бербейт.

Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов: Койгулачы, ушундай сурооңорду. Жооп бере албайм.

“Учур” гезити баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Шашкан коен аңга кирбейт” деген макаласын сунуштаган. Макалада БЭК жыйыны тууралуу ойлор айтылган.

Саясат таануучу Табылды Акеров кыргыз-орус алалкалары жагдайын кепке алып, орус бийлиги Кыргызстан менен Тажикстандагы кландык системага каршы болуп атканын, кыргыз аткаминерлеринин Кытай сапары, андагы сүйлөшүүлөр, Камбар-Ата ГЭСине акча сурап, кытай самолетторун сатып алуу сыяктуу нерселер орус бийлигинин кыжырын келтирип жатканын, бүгүнкү бийликтин күчтүү оппозиция жана демократиялуу коом курууга дарамети жетпеси жалпыга белгилүү болуп калганын баяндаган.

Ушул эле санга БЭКтин “Исмаил Исаковдун өмүрүнө президент жоопкер!” деп аталган билдирүүсү жана мекендештерге кайрылуусу жарык көрдү. Билдирүүдө: “Жалпы режимдеги (түрмөдөгү) генерал Исаковдун өмүрүнө же ден соолугуна, ошондой эле бириккен оппозиция лидерлери менен мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугуна да коркунуч туула тургандай аракеттер болсо, анда жоопкерчилик толугу менен президент Курманбек Бакиевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жүктөлө тургандыгын билдиребиз” деп жазылган.

Укук коргоочу Чолпон Жакупова “Жаңырык апта” гезитинин жаңы саны аркылуу алдыда боло турган курултайлар туурасында ойлорун ортого салган. “Бул курултай – Ак үйдө олтурган саясый технологдордун кезектеги көз жазгырмаларынын бири, жөн гана элди алагды кылуу. 5 жылдан бери куураган жашоону көрүп келатабыз. Ошол эле “акжолчу” депутаттар менен сүйлөшүп калганда “өтө эле ашынып баратышат” дешет да, кайра “колубуздан эмне келет?” деп алакан жайышат. Ак үй аппараты деле баарын көрүп турат. Бирок ал жерде эч ким чечпейт, президент өзү гана чечет” деп айтты.
XS
SM
MD
LG