“Учур” гезити журналист Садырбек Чериковдун “Демократия бүтүп, кайрадан таш доорунабы?” аттуу макаласын жарыялады. Автор Акаевдин башкаруусунан кийинки башкарууну иликтөөгө алган. “Эгерде ажо айланасындагыларга ээ боло албай, аларды тизгиндегенге дарамети келбей калса, анда биринчиден өлкөнүн, экинчиден калайык-калктын, анан акырында ачкөз, ыймансыз жакындарынын, жан-жөкөрлөрүнүн курчоосунда калат, минтип калган падышанын өзүнүн шору” деп жазды. Андан ары С. Чериков тунгуч президент А. Акаевди өз Мекенине тезирээк чакырып алуу керек деген оюн билдирген.
Гезит өкмөттүн “өз элине эскертпей туруп тарифтерди көтөрүү аркылуу жарыялаган баскынчылык “согушуна” ( "Дело №" жумалыгынын берген аныктамасы) карата айрым атуулдардын ой-пикирлерин ортого салды.
Экономист Бекташ Кылычбеков: - СССР кезинде Кыргызстанды көмүр корунун көптүгү боюнча Орто Азиянын кочегары дешчү. Агезде жылына 3,5 - 4 млн. тонна көмүр өндүрүп чыгарчубуз. Азыр өз көмүрүбүздү өзүбүз казып алалбай, кол менен чукуп, баарын Казакстандан ташып калдык. Эми күйүүчү май кымбаттап кирди. Албетте анан азык-түлүк кымбаттайт.
Саясат иликтөөчү Нур Омаров:- Жылуулук баасынын кескин көтөрүлүшү эл үчүн күтүүсүз болуп калды. Болгондо да катардагы карапайым адам менен ишкерлерге бирдей баа кылып койгону туура эмес деп эсептейм. Өкмөт коммерциялык жоготуулар, уурдап жаткандар менен күрөшүүнүн ордуна элди кыйнаган оңой жолду тандап алды.
Коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев: - Азыркы күндө калктын 50 пайызы жакыр. Электр менен жылуулук баасынын асмандашы элди ого бетер итке мингизип, социалдык чыңалууну жаратары турган иш. 2-ден электр тармагында коррупция гүлдөгөн. 3-дөн кайсы гана мамлекетте болбосун мындай иштерди жасарда адегенде адистер менен кеңешет. Азыр үч бийлик бутагы тең бири кишинин колуна өтүп, демократия принциптери бузулган. Аткаруу бийлигин болсо президент өз уулуна өткөрүп берди. Мен Максимди андай-мындай деп айталбайм. Бирок кыргыздын “тууганчыл бийде ыйман жок” деген жакшы сөзү бар. Бийликтеги тууганчылык жакшылыкка алып барбайт.
“Асман преss” гезити Бишкектин айланасындагы жаңы конуштун 684 адам кол койгон кайрылуусун жарыялады. Бакиевге багышталып, Давыдов менен аяктаган кайрылууда мамлекеттин баа саясатын, т.а. электр энергиясынын кымбатташын жаңы конуштун жашоочулары көтөрө албай тургандыгы баяндалган. “Түндүкэлектр”ААКтын башкы деректиринин айтуусу боюнча жарык түнкү саат 12ден таңкы 5ге чейин өчүрүлүүгө тийиш болсо, бул конуштарда күндүз 3-4 саат өчүрүлүп жатканына көңүл буруп, суусу жок, жолу баткак, эптеп-септеп жашап жаткан жаңы конуштагыларга ырайым кылып коюуну президент К. Бакиевден, өкмөт башчысы Д. Үсөновдон, шаар башчысы Н. Түлеевден өтүнүшкөн.
Ушул эле гезит “Учактардагы укмуштуу королдун ушундай таржымалы барбы?” деген ат менен автору жок көлөмдүү макалага окурман көңүлүн бурган. Макалада Үсөн Сыдыковдун уулу Б. Сыдыков жана Бабанов-Мырзабеков тандеми тууралуу кеп болот.
“Аалам” гезити “Жаңы тарифтерге карапайым калктын мамилеси кандай?” деген суроо менен катардагы жарандардын ойлорун сурамжылоого алганда, алар төмөнкүдөй жоопторун беришкен.
“Көлмө” конушунун тургуну Калманбүбү Ашырова: - Чоңдор өз билген намазын окуп жатат. Эми эмне болмок эле, ток уурдагандар көбөйөт, текшерүүчүлөр дагы байыйт, эч кандай жакшылык болбойт. Жанагы Исках Масалиев дегени элдин таламын талашкандын ордуна кайра: “Эл согушта да кыйынчылыкка чыдаган” деген эмнеси? Бул жигит атасын тартпаптыр.
Лицейдин окуучусу Сагынбек Мурат уулу: - Жаман эле болду. Апам көлдүк, атам оштук. “Жарыкты сенин президент акең кымбаттатты” деп апам атырылса, атам анда “Акаевиңди алып келип ал анда” деп үйдө согуш болуп атат, бирок мага Бакиевдин саясаты жагат.
Оштун Кара-Суусунан келген Маматемин карыя: -Бул жашоодо элибиз кыйынчылыктан башы чыкпай калды го. Балдар-кыздардын баары четте жүрөт. Энди мындай мамлекет болбойт.
Таксист Аскарбек Жапалдашов: - Эл төлөп эле атат. Төлөбөгөндөр жалаң чоңдор, аларга эч ким тие албайт экен, текшерүүчүлөр үйлөрүнө кирмек тургай, жанына жакын жолобойт. Өткөндө Көлдө бир пансионаттын электрге карызы 40 миң сомдон ашып кеткен экен, кескиле деген буйрук берилип, кайра бирөөлөр Түркиядан чалып, кокуй кесип ийген болсоңор кайра улагыла дешпедиби чоңдору. Айтор Кыргызстанда тартип жок. Мамлекет болуп деле жыргатпай калдык окшойт.
Фирманын менеджери Маратбек Самүдүнов: - Президент өзү даай албаганды Данияр Үсөновго жасатып жатат. “Энергобарондордун” алкымын тыя албай эми элдин жонунан кайыш тилип кирди.
10 жашар Мирсик: - Биз бай эле турабыз. Атам бизнесмен, көп акча табат. Үч машинебиз бар. Төлөй беребиз. Апам президентти жаман көрөт, уруша берет. Жаман киши дейт. Светти да ошо кымбаттатты деп атат апам.
Гезит кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков “ Transparencu International деп аталган көз карандысыз эл аралык абройлуу уюм Кыргызстан коррупция боюнча дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 162-орунга чыкканын шардана кылды” деп кабарлап, алтургай биз Гвинея-Бисау, Ангола, Конго, Венесуэла дегендерди чаңыбызда калтырганыбызды, ошентип Кыргызстан коррупция боюнча дүйнөдөгү жаманатты рейтингин дагы 4 баскычка өйдөлөттү деп маалымдады.
Окурмандарыбыздын эсине сала кетсек, Кыргызстан коррупция тузагына чалынган 2003-жылы 118-орунда болсо, 2004-жылы -128, 2005-жылы 130, 2006-жылы 143, 2007-жылы 157-орунга “өскөн.”
Коррупция улам күчөп баратат. Эл жылдан жылга итке минүүдө. Эски бийликтегилер да “элдин турмушу оңолду, карагылачы көчөгө машина батпай кетти” деп айтканды жакшы көрсө, жаңы бийлик да “былтыркыдан быйыл жакшы жашап атабыз, өсүп атабыз” деп УТРКдан күн сайын кайталап турат. Өкмөт структурасы өзгөрүп жаңыланганы менен баягы эле эскилер өз орундарына келе баштады. Өкмөт Куловду кызматынан алып салса, президент эки күн өткөрбөй кайра кызматына койду. Реформа “эпкини” менен коррупцияга кашы күрөшүп келаткан Садыр Жапаров үстөлүнөн “учуп” түштү эле, президент кызматынын атын өзгөртүп туруп кайра бекитти. Биз өлкөнүн коррупцияга каршы күрөш жүргүзөт деген бул чиновнигинин эки жыл ичинде эмне кылгынын угуп-көрбөптүрбүз.