“Эгер Өзбекстан мындан 17 жыл мурдагы КМШ өлкөлөрү менен түзгөн келишимди кыйшайбай аткарганда жаратылыш газын Кыргызстандын аймагынан алып кетип аткандыгы үчүн эле бизге жыл сайын миллион АКШ долларын төлөп турмак... Эми мунун төркүнүн түшүнүү үчүн географиялык картаны кароого туура келет. Кыргызстандын Баткен дубанынын ичинде “өзбек аралы” аталган – Сох анклавы бар. Мына ушул аймактан совет доорунан бери карай эле Өзбекстан нефть жана газ алып келе жатат. Салыштыруу үчүн айта кетели, Кыргызстандын жалпы керектөөсү жылына 600 млн. кубометр газ болсо, өзбектер бул кыргыз жеринен жыл сайын 4 млрд. кубометр газ сордуруп алып турат. Баарынан кызыгы дал ушул “Түндүк Сох” деп аталган газ кени Кыргызстандын аймагында, кыргыздын жер алдында экендигине карабастан пайдасын өзбек тарап көрүүдө” деп жазган “Дело №...” жумалыгы макаланын атын “Газ талашы: пайдасын биз көрүшүбүз керек болгон менен баарын биз төлөп келетабыз” деп атап, коңшу өлкөнүн мындай бөтөнзордугун Кыргызстандын карапайым жаранынын түшүнүүсү кыйын деп белгиледи. “Азаттыктын” окурмандарынын эсине сала кетели, кыргыз сому менен алганда бир кубометр жаратылыш газын жакканы үчүн Өзбекстандын жараны 1 сомдон, казактыкы 2 сомдон, ал эми кыргыздыкы 13 сомдон төлөйт.
Ушул эле “Дело №...” гезити “Эмеректер тууралуу чындык же кытай өндүрүшчүлөрү бизди кантип ууландырып жатат?” деген темадагы макала жарыялады. Анда кытай фанераларынан жана үй эмеректерин жасай турган жыгачтын башка түрлөрүнөн адамдын ден соолугуна өтө зыян келтире турган уулуу заттар чыгып турарын Кардарлардын укугун коргоо боюнча коомдук фонддун төрайымы Айсулуу Айтикеева айтып берген. Айтикееванын айтымында, “Таатан” соода борборунда сатылып келаткан үй эмеректеринен адам өмүрүнө коркунучтуу формальдегид жана фенол деп аталган зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Алар адамдын дем алуу органдары аркылуу көзгө, териге, бөйрөк менен боорго, жүрөк менен мээге тарайт...
“Садыркулов жана аны менен кошо өлгөндөр боюнча күнөөлөнүп аткан адамды акырын соттомой болушууда” деп аталган макалада Садыркуловдун жесири Айнагүл Садыркулова сотко чакыруу кагазын албаганын, бул мыйзамды бузгандык болорун билдиргенин баяндаган. Анын үстүнө сотко жабыр тарткандардын айрымдары чакырылбай калган. Бирок мындан кийинки же 19-майдагы сот иши да үзгүлтүккө учураган. Бул жолу сотко өрттөлүп өлгөндөрдүн жесирлери – Садыркулова, Слепченко, Сулайманова келбей коюшкан.
Аталган жумалык булардан тышкары өткөн жылдын октябрында мас абалында машина айдап баратып, Балыкчы-Бөкөнбаев канжолунда адам өлтүрүп алган Ысык-Көлдүк МАИ кызматкери Дамир Эсеналиев ушул жылдын 12-майындагы сотко келбей койгонун, бирок укук коргоочулар менен көлдүк акйыкатчы Сулайман Үсөновдун кийлгишүүсүнөн кийин ал камакка алынып, азыр Караколдун убактылуу тергөө абагына жайгаштырылганын маалымдады.
“Москва мамлекеттик университетинде май айынын ортосунда кыргыздардын исламга чейинки ишенимдерин чагылдырган макалалар жыйнагынын бетачары болуп өттү. Бул эмгек МГУнун тарых факультети жана Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын биргелешкен күчү менен жаралды” деп кабарлады “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити бүгүнкү чыгарылышында. Байыркы кытай жана араб-перси маалымат булактарына таянсак кыргыздардын шаман маданиятын карманган доору Эне-Сай мамлекетинин убагына туш келет. Ошондой эле кыргыз шамандары же дубаналары менен жолуккан учурларын орустун саякатчылары П. П. Семенов-Тянь-Шанский жана Н. А. Сверцов эмгектеринде эскеришкен. Ислам динине киргенге чейин кыргыздар тотемдик жана шамандык ишенимдерди туу туткан. Казак окумуштуусу Чокан Валиханов Х1Х кылымда: “... шаманчылык кыргыздарда монголдордукундай нукура бойдон сакталып калган деп айта албайм, кыргыздарда шаманчылык мусулман ишенимдери менен аралашып кеткен. Алар өзүлөрүн ислам динине ишенебиз дешкен менен Мухаммед ким экенин билбейт, Аллага ишенген менен өлгөн адамдын арбагына атап мал соет, шаманчылыкка ишенген менен кожо-молдорлорду да урматтайт. Отко, сууга, ташка табынат да, мусулман дининин периштелерин, Алаа Тааланы даңктайт. Бирок мындай карама-каршылыктар алардын ишенимдерине терс таасирин тийгизбейт. Бир эле убакта арбактар менен Көк Теңирге тооп кылып, ошол эле убакта жин-шайтан менен перилерге да ишенет” деп жазып кеткен. Окумуштуулардын ойлорун камтыган макаланын аты “Исламга чейинки тоолуу аймак” деп аталат.
“АиФ в Кыргызстане” гезити “криминал” деген рубрика алдында наркоканжолунун Кыргызстандын аймагында кайрадан жандана баштаганын да жазды. КР УКК басмасөз борборунун билдиргени боюнча Ош дубанында 8 полиэтилен мүшөгүнө салынган гашиш катылган жашыруун жай табылган. Басылма андан ары аткезчилик менен наркобизнеске каршы күрөштө Кыргызстандык чекисттердин жүргүзгөн иши БУУ тарабынан жогорку баага арзып келатканын, бирок тилекке каршы тиешелүү күч органдарынын алгылыктуу эмгектерине карабай наркозаттар менен колго түшүүлөрдүн саны 98-жылдан 2008-жылга чейин 5 эсе өскөнүн, жашыруун сатык жайларда эми тез-тез героин пайда боло баштаганын кеп кылган.
Ал эми Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын дубандарынын аймактарын кошуп алганда болжол менен 100 миң гектердай жерди баңгичиликтин “базасы” болгон кара куурай каптап жатат...