Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Алайда нааразылык чаралары башталат


И. Исаковдун тарапкерлери 14-январда Ош - Эркеч-Там жолун тосуп, ал күч менен ачылган болчу.
И. Исаковдун тарапкерлери 14-январда Ош - Эркеч-Там жолун тосуп, ал күч менен ачылган болчу.

Сопу-Коргондогу Исмаил Исаковду коргоо комитети саясий ачкачылык менен гана чектелбей, 3-февралдан тарта мөөнөтсүз митинг-пикеттерге чыгышаарын жарыя кылышты. Бишкекте жана Алайдын Сопу-Коргон айылында болсо ачкачылык акциялары уланууда.


"Саясий куугунтукту токтотуу талабы менен келдим"

Учурда Социал-демократиялык партиясынын Бишкектеги баш кеңсесинде 7 киши ачкачылык кармап отурушат. Акциянын катышуучусу, Жети-Өгүз районунан келген Нурбүбү Кененбаева бул жерге саясий куугунтукту токтотуу талабы менен келгенин айтат:
Бишкектеги ачкачылык акциясынын катышуучулары, 25-январь,2010-жыл.

-Эң негизги талап –эч кандай негизсиз кармап, камап, соттоп жиберүүнү, мына ушундай саясий куугунтукту токтотуу. Сот адилеттиги жок болуп жатпайбы. Ошол сот адилетсиздигинин курмандыгы болгондорду бошотуу талабы менен өтүп жаткан акцияга Кыргызстандын ар кайсы аймагынан, Бишкектен улам бир кишилер келип, тилектештигин билдирип кетип жатышат. Алардын катарында Жети-Өгүздөн мен да келип, бир нече күндөн бери ачкачылык кармап отурам.

13-январдан бери Бишкекте ачкачылык акциясына катышкандардын жалпы саны бүгүн элүү жетиге жетти. Генерал И. Исаковдун акталышын, Петровка чатагы боюнча камалып отурган Э. Бөлөкбаевдин, С. Аргынбаевдин жана У. Рыскуловдун бошотулуусун, Балыкчыда президенттик шайлоо күнү баш-аламандык кылган деген айып менен соттолуп, камакка алынган он төрт кишинин толук акталышын талап кылып, наар албай отургандардын саламаттыгына Бишкектеги №8 поликлиниканын дарыгерлери кезектешип көзөмөл кылышууда.

Дарыгер Замирбек Ибраимовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, ачкачылык кармагандардын ичинде саламаттыгы оорлогондор жок, буга акциянын кезүү тартибинде өтүп жатканы себеп болушу мүмкүн.

Унчукпаган бийлик, мөөнөтсүз нааразылык чаралары...

Саясий ачкачылык мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаковдун кичи мекени - Сопу-Коргон айлында да жүрүп жатат. Бүгүн Исаковдун боштондугун талап кылып ал жеоде 10 киши ачка отурат. Алардын ичинде И. Исаковдун 85 жаштагы апасы Анипа Маматисаева да бар.
Сопу-Коргондо ачкачылык жарыялагандар. 21-январь, 2010-жыл.

Сопу-Коргондогу И. Исаковду коргоо комитети бүгүн 3-февралдан тарта мөөнөтсүз митинг-пикет, жөө жүрүш сыяктуу нааразылык акцияларына чыгуу чечимин кабыл алып, бул тууралуу жергиликтүү бийликке маалымдама жиберилди.
Аба ырайы сууктугуна байланыштуу уруксат берген жокпуз. Анын үстүнө булар мөөнөтсүз акция деп атышат, мыйзамда андай деген жок, ар кандай акциянын башталышы, бүтүү мөөнөтү так жазылышы керек.
А. Осмонов

Ошол эле учурда Алай районунун акими Алмазбек Осмонов тиешелүү себептерден улам Исаковдун жактоочуларына нааразылык иш-чарасын өткөрүүгө уруксат берилбегенин “Азаттыкка” кабарлады:

- Комитет бизге кайрылган, “3-февралдан тартып акцияга чыгабыз” деп. Бирок ага кол койгондордун айрымдары бизге кайрылышты “биз кол койгон эмеспиз, сыртыбыздан макулдатып коюптур” деп. Ушуга байланыштуу жана аба ырайынын сууктугуна байланыштуу уруксат берген жокпуз. Анын үстүнө булар мөөнөтсүз акция деп атышат, мыйзамда андай деген жок, ар кандай акциянын башталышы, бүтүү мөөнөтү так жазылышы керек. Ошондуктан, уруксат берилген жок.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтбай Жээналиев болсо бийликтин каршылыгына карабай нааразылык чаралары уюштуруларын билдирди:

- Бийлик эмне десе эле туура боло бербейт. Албетте алар каршы болот да, биз чечим кабыл алдык, 3-февралдан тарта генерал Исаковду бошотуу талабы менен жаңы акцияларды баштайбыз.
Бийлик эмне десе эле туура боло бербейт. 3-февралдан тарта жаңы акцияларды баштайбыз.
А. Жээналиев

Буга чейин Алайда И. Исаковдун жактоочулары саясий нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат бербегендиги үчүн жергиликтүү бийликти сотко беришкен. 19 күндөн бери уланып келе жаткан ачкачылык акциясына карата расмий бийлик “ак” да, “көк” да дей элек.

Бул аралыкта АКШда чет мамлекеттерде жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген кыймыл түзүлдү. Буга чейин “Азаттыктан” кабарлагандай, кыймылдын алгачкы жыйыны ишемби күнү Вашингтон шаарында өттү. 11-январда камакка алынган генерал И. Исаковдун уулу, кыймылды уюштуруунун демилгечилеринин бири Руслан Исаков кийинки жыйын Европа мамлекеттеринин кыргызстандыктар көп жашаган аймагында болоорун “Азаттыкка” маалымдады.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG